Кыргыз бийлиги “экстремизм” шылтоосу менен Исламга каршы күрөштү күчөтмөкчү

3197
0

Кыргыз бийлиги “экстремизм” шылтоосу менен Исламга каршы күрөштү күчөтмөкчү

Кыргызстан Ички иштер министрлиги 3-сентябрда экстремизм шылтоосу менен Исламды жаюуга каршы жазаны күчөтүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун  коомдук талкууга чыгарды. Ага ылайык, жарандар “экстремисттик” материалдарды даярдоо, ташуу, жеткирүү же аларды таратуу максатында алуу, сактоо аракети үчүн 7 жылга эркиндигинен ажыратылат. Ошол эле жосун адамдардын тобу, атайын даярдык менен чет жактан каржыланып жасалса он жылга чейин эркинен ажыратылат. Буга чейин аталган берене боюнча 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Ал эми, экстремисттик ишти жүзөгө ашырууга, анын ичинде интернет тармагын же жалпыга маалымдоо каражаттарын колдонуу менен ачык чакырыктар үчүн үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталып жатат. Ошол эле жосун адамдардын тобу, атайын даярдык менен жасалса беш жылдан жети жылга чейин жаза каралган. Учурдагы мыйзамдарда бул аракеттер үчүн 20 миң сомдон 100 миң сомго чейин айып пул төлөө жазасы каралган.

Мындан тышкары, мыйзам долбооруна жаңы берене киргизилип, мурда экстремисттик материалдарды сактаганы үчүн эскертүү алгандарды үч жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталып жатат.

Кыргыз бийлиги муну менен эле чектелбей, Дин комиссиясы аркылуу муслималардын коомдук жайда никаб кийүүсүнө, мусулмандардын расмий мечит, медреселерден башка жайда илим алуусуна, китеп таркатуусуна тыюу салуу мыйзамын коомдук талкууга чыгарды. Андан тышкары, диний мекемелерде саясий мүнөздөгү ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө, диний негизде партияларды жана башка саясий бирикмелерди түзүүгө, каржылоого, диний сөздөрдү партиялардын аталышында же үгүт иштеринде колдонууга, депутаттарга диний ишмердүүлүк менен алектенүүгө тыюу салынмакчы.

Азыркы Кыргызстан бийлиги бул мыйзам долбоорун Шанхай кызматташтык уюмунун “Экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча конвенциясы”на ылайык келтирип жатат. Бул дегени “Экстремизмге каршы күрөштө кафир кожоюндардын ичинен Россия жана Кытайга ээрчийбиз” деген маанини түшүндүрөт. Б.а. Исламга жана мусулмандарга каршы күрөштө Россия менен Кытайдын катаал чараларын көчүрүп алып, ал аркылуу бул кафир кожоюндарына жагынганы жатышат.

Буга кошумча, бийликтин “светтик” оппоненттерине карата да “экстремизм” тамгасы басыла баштады. Анткени, Шанхай уюму тарабынан экстремизмге берилген аныктама буга жол берет. Муну мыйзам ишке ашпай туруп, айрым оппозиционерлер экстремизм менен айыптала башташы да далилдеп турат.

Негизи буга чейин эле Кыргызстанда 21 диний уюмга тыюу салынып, алардын мүчөлөрүнө карата ар кандай жазалар колдонулуп келген. Учурда жазаларды күчөтүү жана “экстремизм” менен айыпталгандардын чөйрөсүн кеңейтүү аракети жүрүп жатат. Анткени, өлкөдөгү салык жана төлөмдөрдүн көбөйүшү калкта бийликке карата нааразылыкты күчөтүп барууда. Мындай абал оппозиция үчүн ыңгайлуу учур болуп, өз кызыкчылыктарына пайдаланууга аракет кылышты. Бирок, учурдагы бийлик оппозиция лидерлерин камоолор аркылуу сындырдым деп ойлоп жаткандыктан, кезектеги күрөштү мусулмандарга каратууда. Чыныгы мусулмандардын позициясын жана нааразылыгын бастыруу үчүн аларды “экстремизм” менен айыптап, камоолор аркылуу коркутмакчы болууда. Бийликтин мындай кадамында өз кызыкчылыгы бар болсо да, түпкүлүгүндө Исламга жана анын баалулуктарына дүйнөлүк куфр системасы каршы күрөшүүдө. Бул багытта атайын долбоорлор иштелип чыгып, кредиттер бөлүнүп жатат.

Белгилүү болгондой, учурда дүйнөгө өкүмдарлык кылып жаткан империалисттик капитализм чирип, кулоо алдында турат. Аны кулатып, ордуна бой тикелей турган түзүм – бул Ислам. Ошондуктан, колонизаторлор мусулмандарды чыныгы Исламдан чалгытуу үчүн “салттуу ислам”, “ылайыктуу ислам” деген долбоорлорду ишке салышты. Булардын каршысында нукура Исламды кармангандарды, аны көтөрүп чыгуучуларды “эктремист”ке айландырышты. Мындан белгилүү болгондой, экстремизм жана терроризм жомоктору каафирлер тарабынан Исламга жана мусулмандарга каршы күрөшүү үчүн ойлоп табылган. Ал тургай, азыр алар берген аныктамага өздөрүнүн иштери дал келет. Буга Украинадагы согушта Россия менен Украина бири-бирин терроризм жана экстремизмде айыптап жатканы ачык мисал болот. О.э азыркы жана буга чейинки Кыргызстан бийликтеринин бардыгы өздөрүнүн аныктамасына ылайык, бийликти күч менен басып алуу аркылуу, тагыраагы, экстремисттик жол менен бийликке келген.

Албетте, эл аралык жана жергиликтүү саясаттагы мындай эки жүздүүлүк капитализмдин ажалын жакындатып жатканы шексиз. Анткени, дүйнөдө жана региондо болуп жаткандай, Кыргызстандагы идеологиялык жана саясий боштук улам тереңдеп барууда. Буюрса, бул идеологиялык боштукту Ислам, саясий боштукту саясий аң-сезимдүү мусулмандар толтурушат. Колонизатор кафирлер менен алардын малайларынын куулук-шумдуктары бүтүндөй таш кабат. Аллах Таала айтат:

)وَيَمْكُرُونَ وَيَمْكُرُ اللَّهُ وَاللَّهُ خَيْرُ الْمَاكِرِينَ(

– «Алар айла кылышат, Алла да «айла» кылат. Алла «айлакерирээк».        [8:30]

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here