Дин комиссиясы Исламды чектеген мыйзамдарды сунуштады

5260
0

Дин комиссиясы Исламды чектеген мыйзамдарды сунуштады

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия Ислам динин чектеген бир катар мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады. Мыйзамда төмөнкү чектөөлөр каралган:

– коомдук жайларда жана мамлекеттик органдарда адамдын өздүгүн тааныганга мүмкүндүк бербеген кийимдерди кийүүгө тыюу салынат.

Башкача айтканда, никаб кийүүгө тыюу салынмакчы. Түпкүлүгүндө, никаб кийүү динибиз мактаган баалуулук болуп, айрым аалымдар аны важиб деңгээлине чейин көтөрөт. Ал эми, динге жамынган комиссия бийликти жана чыныгы кожоюндарын ыраазы кылуу үчүн Ислам баалуулугуна, ар намысыбыз болгон аялдарыбыздын кийимине асылууда;

– диний негизде саясий партияларды түзүүгө жана диний партиялардын аталышына же үгүт иштерине тыюу салынат.

Башкача айтканда, өлкөдө убакыт өткөн сайын исламдашуу күчөп жаткандыктан, саясатчылар да диний адам көрүнүүгө умтулууда. Бул болсо диний аталыштагы жана динге негизделген партиялардын түзүлүшүн шарттайт. Ошондуктан, учурдагы бийлик көпчүлүктү түзгөн мусулмандардын добушун ала турган диний партияларга тыюу салууну көздөп турат. Буга кошумча, мындай чектөөгө расмий бийлик моюн сунган капиталисттик система ээлери да кызыктар.

– диний окуу жайдан тышкары диний сабактарды жекече окутууга жол берилбейт.

Мындай жол менен жүз миңдеген балдарыбыздын мечит, медресе жана намазканаларга барышын чектемекчи! Бул мыйзам да Ислам жана мусулмандарга каршы багытталды! Бул мыйзамга өзгөртүү киргизүүдөн көздөлгөн максат, балдарыбызды Исламдан тосуу! Жаш муундун диний билим алуусуна чектөө коюу.

Дин комиссиясы сунуштаган өзгөртүүлөрдүн негизгилери ушулар болуп, калгандары аталган мыйзамдарды ишке ашырууга кызмат кылмакчы. Расмий бийлик бул мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү аркылуу “силерди жана балдарыңарды миссионер секталардан, диний агымдардан сактап жатабыз” деген шылтоолорду айтышат. Түпкүлүгүндө, Ислам 14 кылым бою бирер кайрыдинден сактануу максатында анын оозун мажбурлап жабууга аракеттенген эмес. Себеби, Ислам Аллахтан келген анык дин. Ал башка диндерден таасирленмек түгүл, башка дин өкүлдөрүн өз катарына алып кирип, бүгүнкү улуулук абалына чыга алган! Ошондуктан, бул мыйзам Ислам жана мусулмандардан башкаларды коргоо негизинде, куфрду ыраазы кылуу максатында иштелип чыккан!

Бул мыйзамды Кыргызстан бийлиги диктатордукка жетишмейинче толук ишке ашыруусу кыйын болот. Демек, бул мыйзам азыр жарандарга көп деле таасирин тийгизбейт. Бирок, режим күчөп барышы менен бул мыйзам коомдо көрүнө баштайт. Же болбосо, тескерисинче бийлик алсырап саясий, экономикалык кризиске жүздөнүп барышында да бул мыйзамды атайылап мусулмандарды өзүнө каршы провокация кылуу максатында иштетиши мүмкүн. Бул аркылуу куфр тарапкери болгон позиция жана оппозиция ортосундагы кагышууну Ислам жана мусулмандар тарапка буруп жиберүүгө, же болбосо кооптуу режим пайда кылып алуу максатында пайдаланышы мүмкүн.

Андыктан биз, мусулмандар, мындай кырдаалда дос-душман ким экенин анык ажыратып, өз Исламыбыздын өкүмдөрүн толук ишке ашыруу жолунда аракетибизди дагы да тездетип бара беришибиз шарт. Ал эми дин душмандарынын айла-амалдары Аллахтын айла-амалы астында кыпынга да арзыбай калаары анык.

Нурдин Асаналиев

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here