Кыргызстан эгемендүүбү?

6015
0

Кыргызстан эгемендүүбү?

1991-жылдан бери 31-август Кыргызстандын көз карандысыздык алган күнү катары белгиленип келет. А Кыргызстан чындыгында эгемендүүбү? Эгемендүү экенибизди аныктай турган критерийлер барбы? Бул суроого тарыхый акыйкаттарга кайрылып, жооп издеп көрөлү.

Турмуш чындыгында эгемендүү мамлекет үчүн саясий, аскерий жана экономикалык көз карандысыздык негизги шарт экени талашсыз. “Көз карандысыздык” (independence) термини колониализмден кутулуу маанисин туюнтуп, алгач алсырап калган Усманий халифалык мамлекетинен мусулман өлкөлөрүн бөлүп алуу үчүн колдонула баштаган. Британия жана Франция Араб жана Африка өлкөлөрүн Усманий халифалыктан бөлүп алып колония кылуу үчүн “эгемендүүлүк” ураандарын көтөрүшкөн. Кийин биринчи дүйнөлүк согуш жүз берип, анын артынан Халифалык мамлекети кулатылды. Колонизатор мамлекеттер басып алган аймактарына сыйбай, кайрадан экинчи дүйнөлүк согуш жүз берди. Мына ушул экинчи дүйнөлүк согуштун натыйжасында “көз карандысыздык” демилгеси дүйнөгө лидерлик кылууга умтулган Америка тарабынан алга сүрүлдү. “Атлантика хартиясы” эгемендүүлүк жөнүндө процесстин башталгыч кадамы болуп саналат.

Атлантика хартиясы – антигитлердик коалициянын негизги программалык документтеринин бири. Хартия Атлантика конференциясында Британия премьери менен АКШ президенти тарабынан кабыл алынган жана 1941-жылы 14-августта жарыяланган. 24-сентябрда ага СССР кошулган. Бул хартия союздаштар 2-дүйнөлүк согушта жеңип чыккандан кийинки дүйнөлүк тартипти аныктоо үчүн чакырылган. Ушундан соң, антигитлердик коалицияга синоним катары “Бириккен Улуттар” (United Nations) термини да иштетилип, кийин ал “Бириккен Улуттар Уюмунун” уюткусу болуп калды.
Бул конференцияда АКШ союздаштар тарабында согушка кирүү акысына башка державалардын колонияларына кирип баруу жолдорун ачып коюуну талап кылган. Алар расмий түрдө хартия документинин пункттарында камтылган. Мисалы, Хартияда “Суверендик укуктары жана өзүн-өзү башкаруусу күч менен тартып алынган элдердин бул укуктарын кайра калыбына кетирүү” деген пункт бар. Бул АКШнын колониядагы өлкөлөрдү “көз карандысыздык” урааны менен эски колонизаторго каршы тукуруп, аны кайра өзүнө колония кылып алышына мүмкүнчүлүк ачуу үчүн киргизилген.
Ошентип, деколонизация Индиядан башталды. Ал 1947-жылы “көз карандысыздык” алды. Чындыгында болсо, АКШ бул өлкөдө “эгемендүүлүк” көтөрүлүштөрүн көтөрүп баштаганда, Британия Индия менен Пакистанга жасалма эгемендүүлүк берип, бирок, аларды өз чеңгелинде кармап калган. Мындай көрүнүш кийинки бөлүнүп чыккан мамлекеттерде да кайталанган. Индиядагы АКШ-Британия күрөшү бүгүнкү күнгө чейин уланып келүүдө. Андагы башкаруучу партиялардан “Индия улуттук конгресси” Британияга, ал эми “Индия элдик партиясы” Америкага кызмат кылат. Пакистанды болсо АКШ толугу менен тартып алды.

1960-жылдарга чейинки деколонизация процесси негизинен Азия өлкөлөрүндө жүрдү. 1960-жылдары “деколонизация” Бириккен Улуттар Уюму тарабынан күчтүү колдоп-кубатталды. БУУ ушул жылы “колониядагы өлкөлөр жана калктарга көз карандысыздык берүү боюнча декларация” кабыл алды. 1961-жылы АКШ президенти менен СССР жетекчиси Хрущев Венада колонияларды өз ара бөлүшүүгө келишип алышты. Ушундан кийин айрыкча Африкада “көз карандысыздык” алуулар күчөп кетти.

Жогорудан белгилүү болгондой, “көз карандысыздык” күрөштөрү аркылуу АКШ жана СССР тигил жактан Британия менен Франциянын (Италия, Испания сыяктуу чаканыраак колонизатор мамлекеттердин да) колонияларына кирип барууга жол ачып алышты. Алар болсо мурунку колонияларындагы таасирлерин сактап калуу үчүн аймактык уюмдарды түзүүгө шашылышты. Мисалы, Британия өз колонияларындагы өлкөлөрдү “Улуттар кызматташтыгы” (Commonwealth of Nations) уюму аркылуу кармап калууга аракет кылды. Франция болсо “Француз коомчулугу” (Communauté française) уюму аркылуу өз колонияларын сактап калууга аракет кылды. Ошентип, бул колонизаторлордун мындай колония талашуулары саясий, экономикалык, аскерий, маданий келишимдер аркылуу жүрө турган болуп калды.

Мындан кийин АКШ менен ага атаандаш СССРдин ортосунда “суук согуш” жүрдү. Мында СССР жеңилүүгө учурады жана кулады. СССР курамындагы союздук республикалар жасалма эгемендүүлүккө жетишишти. Россия болсо өз колонияларын сактап калуу үчүн “Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги” (СНГ) уюмун түздү. Бирок, аны менен колонияларын толук чеңгелинде кармап кала албады. Алгач Прибалтика өлкөлөрү Европага ооп, улам таасири тарып бара берди. Андан соң, аскерий жактан ЖККУ, экономикалык жактан ЕАЭБ уюмдарын түздү. Анын колонияларындагы мамлекеттер башка эл аралык уюмдарга мүчө болгондугу жана аларга башка колонизаторлордун кирип келүү жолдору ачылгандыгы себептүү, анын таасири дагы да кыскарып барууда.

Мына ушул жерде Кыргызстандын эгемендүүлүгүн саясий, аскерий жана экономикалык жактан талдап көрөлү. Башка союздук республикалардын катарында Кыргызстанга да “эгемендүүлүк” аты берилди. Саясий жактан алгач оруска кыңк дебей моюн сунуп кызмат кылып берген Акаев бийликке келди. 2005-жылдагы төңкөрүштө Россия Батыш кадрлары бийликке келип калышынын алдын алып, өзүнө жакшы малай болуп берген Акаевди жылуу-жумшак алып чыгып кетти да, ордуна Бакиевди коюп койду. Кийин Бакиев АКШ жана Кытай менен кызматташып, “көп векторлуу” саясатка ыктагандыгы себептүү, козголоң аркылуу аны төңкөрүп, батышпарас кадрларды чөгөлөтүү менен убактылуу өкмөттүн башкаруусуна “уруксат” берди. Кийин Путинге каяша кылгандыгы айынан Атамбаев камакка алынды, Жээнбеков ишин эптей албай калганда болсо, азыркы бийлик да Россиянын уруксаты менен мансапка келди…

Экономикалык жактан Кыргызстан карыздар кылтагына кекиртегинен илинип турганы эч кимге сыр эмес. О.э. Россиянын өкүмзордугу астында ЕАЭБге киргизилип, анын зордук-зомбулугун тартып келе жатат. Мисалы, автоунааларды импорт кылууда жана жергиликтүү товарларды ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорт кылууда бир катар тоскоолдуктар жасалып келүүдө.

Башка жактан болсо Кытайдын экономикалык экспансиясы башын кылтыйтып, карызга батырууда жана анын аркасынан кендерди жана жерлерди “инвесторлук” шылтоосу аркылуу чекесинен ээлеп келүүдө. А түгүл, учурдагы бийлик экономикалык жактан Кытайга ыктап жаткандыктан, ири долбоорлор тууралуу келишимдердин көпчүлүгү Кытай менен түзүлүүдө. Президент Жапаров буга чейин кендердин руда боюнча ташылышына тыюу салган жарлыгын Кытай кызыкчылыгы үчүн жокко чыгарып берди. О.э. Батыштын кредит жана гранттары да коколоп турат.

Аскерий жактан болсо Россия Кыргызстанды өз таасири астында кармап турат. Ал “экстремизм жана терроризм” жомоктору менен коркутуп, Кыргызстанга аскерий базасын куруп алган. Негизи, мындан АКШ жана Кытайдын аскердик жактан кирип келүүсүнүн алдын алуу көздөлгөн. Аталган аскердик база боюнча улам келишимдер жаңыртылып, аймагын кеңейтип барууда.

Мына ушундайча саясий, экономикалык жана аскерий көз карандылык колонизаторлордун дүйнөлүк жана жергиликтүү уюмдары аркылуу ишке ашып келет. Эгер эгемендүүлүктүн негизги көрсөткүчтөрү болгон саясий, экономикалык жана аскерий көз карандысыздык болбосо, анда ар кандай мамлекеттин герби – бир сүрөт; гимни – бир ыр; туусу – бир чүпүрөк сыяктуу болуп калат!

Андыктан, эй мусулман бир туугандар, “эгемендүүлүк” сыяктуу жалгандарга алданып жүрө бербей, демократия зулматынан, колонизаторлордун зулумдугунан кутулуунун жападан жалгыз жолу болгон – Ислам нуруна, Исламий Халифалык адилеттигине аракет кылалы! Анткени, биздин аймак эзелтен Ислам жери болуп, ата-бабабыз өз Исламдарын бекем карманып келишкен. Мындан тышкары, Ислам жерлериндеги байлыктарыбыздын каапыр колонизаторлор тарабынан ташылып кетүүсүн токтотуу үчүн мусулмандар бир халифанын айланасында биригүүбүз шарт! Анткени, мусулмандар мындай зулумдук жана кордук астында жашоо кечирүүсү жайиз эмес. Аллах Таала айтат:

وَلَن يَجۡعَلَ ٱللَّهُ لِلۡكَٰفِرِينَ عَلَى ٱلۡمُؤۡمِنِينَ سَبِيلًا

“Аллах Таала момундар үстүнөн каапырларга эч качан жол бербейт”.      (Ниса: 141)

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here