بسم الله الرحمن الرحيم
АДЕП-АХЛАК
Көркөм эсептелүүчү хулктар
- Жакшы кошуначылык кылуу:
Аллах Таала айтат:
وَٱعۡبُدُوا۟ ٱللَّهَ وَلَا تُشۡرِكُوا۟ بِهِۦ شَیۡـࣰٔاۖ وَبِٱلۡوَ ٰلِدَیۡنِ إِحۡسَـٰنࣰا وَبِذِی ٱلۡقُرۡبَىٰ وَٱلۡیَتَـٰمَىٰ وَٱلۡمَسَـٰكِینِ وَٱلۡجَارِ ذِی ٱلۡقُرۡبَىٰ وَٱلۡجَارِ ٱلۡجُنُبِ وَٱلصَّاحِبِ بِٱلۡجَنۢبِ وَٱبۡنِ ٱلسَّبِیلِ وَمَا مَلَكَتۡ أَیۡمَـٰنُكُمۡۗ
– „Аллахка пенделик кылгыла жана Ага эч нерсени шерик кылбагыла. Ата-энеңерге о.э. тууган-урук, жетим жана мискин-бечараларга, тууган коңшу жана бөтөн коңшуга, жаныңардагы жолдошуңарга, мусапыр-жолоочуга жана колуңардагы кулдарыңарга жакшылык кылгыла“. [4:36]
Ибн Умар жана Айша р.а. риваят кылган хадисте Пайгамбар с.а.в:
«مَا زَالَ جِبْرِيلُ يُوصِينِي بِالْجَارِ حَتَّى ظَنَنْتُ أَنَّهُ سَيُوَرِّثُهُ»
«Жабраил мага адеп (кайра-кайра) коңшу жөнүндө сунуштар бере бергенинен, коңшу да мурас ала турган болсо керек деген ойго чейин жетип бардым», – деген (муттафакун алайх).
Абу Шурайх Хузоий риваят кылган хадисте Пайгамбар с.а.в:
«مَنْ كَانَ يُؤْمِنُ بِاللَّهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ فَلْيُحْسِنْ إِلَى جَارِهِ …»
«Кимде-ким Аллахка жана акырет күнүнө ишенсе, коңшусуна жакшылык кылсын», – деген. Бухарий риваятында:
«فَلْيُكْرِمْ جَارَهَ»
«Кошунасын сыйласын», – деп айтылат (муттафакун алайх).
Анас р.а. дан риваят кылынган хадисте Пайгамбар с.а.в:
«وَالَّذِي نَفْسِي بِيَدِهِ, لاَ يُؤْمِنُ عَبْدٌ حَتَّى يُحِبَّ لِجَارِهِ أَوْ لأَخِيهِ مَا يُحِبُّ لِنَفْسِهِ»
«Жаным Анын колунда болгон Затка касамки, бир пенде өзү үчүн жакшы көргөн нерсесин коңшусу же боордошу үчүн да жакшы көрмөйүнчө момун болбойт», – деген. Муслимден.
Абдуллах ибн Амр р.а. дан риваят кылынган хадисте Пайгамбар с.а.в:
«خَيْرُ الأَصْحَابِ عِنْدَ اللَّهِ خَيْرُهُمْ لِصَاحِبِهِ, وَخَيْرُ الْجِيرَانِ عِنْدَ اللَّهِ خَيْرُهُمْ لِجَارِهِ»
«Аллахтын наздында достордун жакшысы – досу үчүн жакшы болгону, Аллахтын наздында коңшулардын жакшысы – коңшусу үчүн жакшы болгону», – деген. Ибн Хузайма, ибн Хиббан жана Ахмад риваяттары. Хаким муну Муслим шартына ылайык сахих деген.
Саъд ибн Абу Ваккос р.а. риваятында Пайгамбар с.а.в. мындай деген:
«أَرْبَعٌ مِنْ السَّعَادَةِ: الْمَرْأَةُ الصَّالِحَةُ, وَالْمَسْكَنُ الْوَاسِعُ وَالْجَارُ الصَّالِحُ وَالْمَرْكَبُ الْهَنِيءُ …»
«Төрт нерсе бакыттын белгиси: солиха аял, кең үй, жакшы коңшу жана ыңгайлуу улоо». Бул хадисти ибн Хиббан өзүнүн «Сахих»инде чыгарган. Ахмад аны сахих санад менен риваят кылган.
Нофеъ ибн Хорис риваят кылган хадисте Пайгамбар с.а.в:
«مِنْ سَعَادَةِ الْمَرْءِ الْجَارُ الصَّالِحُ وَالْمَرْكَبُ الْهَنِيءُ وَالْمَسْكَنُ الْوَاسِعُ»
«Жакшы коңшу, ыңгайлуу улоо жана кең үй – кишинин бактысы», – деген. Ахмад риваяты. Мунзирий жана Хайсамий “анын адамдары, сахих хадистин адамдары” дешкен.
Абу Зарр р.а дан риваят кылынган хадисте Пайгамбар с.а.в:
«يَا أَبَا ذَرٍّ, إِذَا طَبَخْتَ مَرَقَةً فَأَكْثِرْ مَاءَهَا, وَتَعَاهَدْ جِيرَانَكَ»
«Эй Абу Зарр, шорпо бышырсаң, сууну көбүрөөк куй, коңшуларың менен тең бөлүш», – деген. Муслимден.
Абу Хурайра р.а. дан риваят кылынган хадисте Пайгамбар с.а.в:
«يَا نِسَاءَ الْمُسْلِمَاتِ, لاَ تَحْقِرَنَّ جَارَةٌ لِجَارَتِهَا وَلَوْ فِرْسِنَ شَاةٍ»
«Эй мусулман аялдары, аял киши коңшу аялды төмөн санабасын, мейли, алар кой багар болушса да», – деген (муттафакун алайх).
Айша р.а. риваят кылат: Я Расулуллах менин эки кошунам бар, кайсы бирине нерсе берем, – деп сураган элем:
«إِلَى أَقْرَبِهِمَا مِنْكِ بَابًا»
«Кайсыл биринин эшиги сага жакыныраак болсо, ошонусуна», – деп жооп берди. Бухарийден.
- Аманаттуулук:
Аллах Таала айтат:
إِنَّ ٱللَّهَ یَأۡمُرُكُمۡ أَن تُؤَدُّوا۟ ٱلۡأَمَـٰنَـٰتِ إِلَىٰۤ أَهۡلِهَا
– „ Албетте Аллах силерди аманаттарын өз ээлерине тапшырууга буюрат“. [4:58]
Хузайфа р.а. риваят кылат:
«جَاءَ أَهْلُ نَجْرَانَ إِلَى النَّبِيِّ صلى الله عليه وسلم فَقَالُوا: ابْعَثْ لَنَا رَجُلاً أَمِينًا, فَقَالَ لأَبْعَثَنَّ إِلَيْكُمْ رَجُلاً أَمِينًا حَقَّ أَمِينٍ, فَاسْتَشْرَفَ لَهُ النَّاسُ, فَبَعَثَ أَبَا عُبَيْدَةَ بْنَ الْجَرَّاحِ»
«Нажрон калкы Пайгамбар с.а.в.дын алдына келишип, бизге бир аманаттуу адамды жибериңиз, – дешти. Ошондо Пайгамбар с.а.в. “силерге чыныгы аманаттуу адамды жиберемин” деди. Бардыгы ошол (Расулуллах айткан адам) болуп калууга умтулуп жатты. Ошондо ал киши Абу Убайда ибн Жаррохту жиберди» (муттафакун алайх).
Абу Зарр р.а. риваят кылат:
«قُلْتُ: يَا رَسُولَ اللَّهِ, أَلاَ تَسْتَعْمِلُنِي, قَالَ فَضَرَبَ بِيَدِهِ عَلَى مَنْكِبِي, ثُمَّ قَالَ: يَا أَبَا ذَرٍّ, إِنَّكَ ضَعِيفٌ, وَإِنَّهَا أَمَانَةُ, وَإِنَّهَا يَوْمَ الْقِيَامَةِ خِزْيٌ وَنَدَامَةٌ, إِلاَّ مَنْ أَخَذَهَا بِحَقِّهَا, وَأَدَّى الَّذِي عَلَيْهِ فِيهَا»
«Мен: «Я Расулуллах, мени да аким кылбайсызбы?» – дедим. Ал киши далымдан таптап: «Эй Абу Зарр, сен заиф-алсызсың. Муну аманат деп коюшат. Эгер кимде-ким аны жетиштүү даражада этибар менен кабыл алып, үстүнө жүктөлгөн милдетти өтөбөсө, кыямат күнүндө ал шерменделик жана өкүнүчкө айланат», – деди». (Муслимден).
Хузайфа ибн Яман р.а. риваят кылышынча, ал киши мындай деди: Бизге Пайгамбар с.а.в. эки хадисти айткан эле, мен алардын бирин көрдүм, экинчисин болсо күтүп жатам. Пайгамбарыбыз с.а.в. бизге мындай деди:
«أَنَّ الأَمَانَةَ نَزَلَتْ فِي جَذْرِ قُلُوبِ الرِّجَالِ …»
«Аманат эр кишилердин жүрөгүнүн төрүнө жайгашкан…» (муттафакун алайх)
Абу Хурайра р.а риваят кылган хадисте Пайгамбар с.а.в. айланасындагы үммөткө мындай деген:
«اِكْفِلُوا لِى بِسِتٍّ أَكْفِلُ لَكُمُ الْجَنَّةَ, قُلْتُ: مَا هُنَّ يَا رَسُولَ اللَّهِ؟ قَالَ: اَلصَّلاَةُ, وَالزَّكَاةُ, وَالأَمَانَةُ, وَالْفَرْجُ, وَالْبَطْنُ, وَاللِّسَانُ»
«Мага алты нерсеге кепилдик бергиле, мен силерге бейишке кепил боломун. Мен: «Алар кайсылар, эй Расулуллах?» – деп сураган элем: «Намаз, зекет, аманат, фарж, курсак жана тил», – деп жооп берди». Табароний риваяты. Мунзирий мунун иснады боло бере турган деген. Хайсамий болсо муну хасан деген.
Аманат – бул шаръий сунуштар. Дагы бир сөздө «аларга моюн сунуу» делген. Ал бардык буйрук жана чектөөлөрдү өз ичине алат. Халифа, валий, аким, казы, шоро межлисинин мүчөсү, аскер амири, элчи, намаз окуучу, орозо тутуучу, ажылык кылуучу, зекет берүүчү, даъват кылуучу, адамдарга жакшылыкты үйрөтүүчү, илим алуучу, муфтий, вакфтын мутаваллийси, байтул-малдын ээси, сатуучу, чамалоочу, зекеттер боюнча иш жүргүзүүчү, хиражий жерлердин башкаруучусу, мужтахид, мухаддис, муаррих, саясат жазуучу, олжолор боюнча иш жүргүзүүчү, ишкана мүдүрү, өкүлдүк берүү министри, аткаруу министри, котормочу, мектептеги балдардын окутуучусу, үй-бүлөсүн башкарып жаткан эркек, эрдин үйүнө карап турган аял, табып, төрөтүүчү, дары сатуучу, эмизүүчү, шериктик кылуучу, ижарага алуучу, дарул хилафаттын мүдүрү, анын кол астындагы мүдүрлөр: соода-сатык мүдүрү, мейманкана мүдүрү, ашкана мүдүрү, коргоо бөлүмүнүн мүдүрү.., аң уулоочу, аялы тарапка өтүп жаткан киши, сыр сактоочу, кабарчы, кабарлар терүүчү, кызмат талабы менен телефон жана интернетте адамдардын кабарларын уга турган журналист жана башкалардын – бардык-бардыгынын мойнуна аманат жүктөлгөн. Демек, аманаттын шааниси улуу, майданы кең. Аз же көп болобу, чоң же кичине болобу, мукаллаф андан жоопкерчиликсиз калбайт.