Байден АКШ армиясын атомдук согушка даяр болууга чакырды

4597
0

Байден АКШ армиясын атомдук согушка даяр болууга чакырды

AКШ президенти Джо Байден Америка армиясынын 4 жылда бир жаңыланып туруучу жашыруун документте Орусия, Кытай жана Түндүк Корея менен боло турган ыктымал атомдук согушка даярдануу тапшырмасын берди. Бул тууралуу “New York Times” гезити март айында кол коюлган “Кытай коркунучуна багытталган жашыруун атомдук стратегия” аттуу документке таянып жазды.

Маалыматка ылайык, Байдендин стратегиясы айрыкча Кытайдын өнүгүп жаткан атомдук технология жана куралдарына каратылган. Документте, Орусия, Кытай, Түндүк Кореянын ыктымал координациялык согушуна каршы даярдык планы көрсөтүлгөн. Документ жашыруун болгондуктан, электрондук көчүрмөсү алынбаган жана кагаз түрүндө белгилүү аскердик жетекчилерге гана тапшырылган.

Комментарий:

Америка экинчи дүйнөлүк согуштун артынан лидер мамлекетке айланды. Тагыраагы, дүйнөнүн кайсы аймагында болбосун, окуяларга таасирин өткөрө ала турган күчкө айланды. Бул үчүн зарыл болгон экономикалык жана аскерий күчкө ээ болду. Ушул күнгө чейин макамын сактап калууда өзүнө моюн сунган малай мамлекеттерден майнаптуу пайдаланып келе жатат. Айрыкча, түрдүү аймактарда жайгашкан Американын аскерий базалары анын кубатын сактап калуу үчүн маанилүү ролду аткарууда. Маселен, Американын Иракты басып алуусунда Түркиядагы аскерий базалары негизги кызматты аткарды. Учурда Түркиянын 16 аймагында Американын аскерий базалары жайгашкан. Ал эми, дүйнөнүн түрдүү аймактарында Американын 800гө жакын аскерий базасы бар жана ал жерлерде 320 миңден ашык америкалык аскерлер кызмат кылат. Айрыкча, Кытайдын таасири жайылышын алдын алуу үчүн Японияга 60 миң 920, Түштүк Кореяга 29 миң 220 aскерин жайгаштырган. Жалпысынан Ыраакы Чыгышта 103 миңдей аскер Кытайдын таасирин чектөө үчүн кызмат кылат.

Мындан белгилүү болгондой, Американын эл аралык майданда жетекчилик макамды сактап калуусунда аймактардагы малай акимдердин ролу чоң. Ал эми, экономикалык жактан Эл аралык валюта фонду, Дүйнөлүк банк сыяктуу каржылык уюмдар Американын дүйнө үстүндөгү экономикалык таасирин сактап калуу үчүн кызмат кылып келет.

Демек, Американын бүгүнкү күндө Кытай, Европа жана Орусияга каршы күрөшүү аракеттеринде жогорудагы колу-буттарына айланган эл аралык уюм жана дүйнөнүн төрт бурчунда жайгашкан аскердик базаларынан пайдаланат. Аларды өзүнө атаандаш күчтөрдү сындыруу же чегинүүсү үчүн ишке салат.

Мунун каршысында, ага атаандаш болгон Британия, Франция, Кытай жана Орусия сыяктуу колонизатор мамлекеттер да өз таасирин сактап калуу үчүн аймактардагы аскерий базаларынан жана аймактык уюмдардан пайдаланышат.

Жыйынтыктап айтканда, дүйнөгө согуш жана жаңжалдарды, бузукулуктарды жайган колонизаторлор үчүн малай акимдер алардын аскерий базалары аймактарда ачылышына жол бербегенде, алардын аскерий операцияларына жардам беришпегенде алардын Ислам жерлериндеги өкүмзордугу эч бир убакыт уланбайт эле. Алар бул аскерий базалардын жардамында мусулман жерлерине кол салып, жер алдындагы жана үстүндөгү байлыктарын талап-тоношууда.

Демек, бүгүнкү күндөгү дүйнөгө өкүмдарлык кылып жаткан адилетсиздик токтошу үчүн Америка баштаган колонизаторлуктун тамыры Ислам аймактарынан кесилүүгө тийиш. Мына ушул кадам алгач мусулмандарды, андан соң бүткүл адамзатты бузукулук баткагынан куткаруучу Халифалык мамлекетинин тикеленишине жол ачат. Ошондо гана Ислам жана мусулмандар дүйнөгө адилеттикти кепилдеп, бакубат турмушту тартуулайт.

Нурдин Асаналиев

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here