Бишкекте унаа токтотуучу жайлардын баасы 100 сомго чейин кымбаттайт
Бишкек шаардык мэриясы калаадагы негизги көчөлөрдө муниципалдык унаа токтотуучу жана коюучу жайларды уюштуруп, анын акысын 100 сомго чейин кымбаттатууну сунуштады. Бул боюнча мэриянын демилгеси коомдук талкууга коюлду.
Сунушта айтылгандай, унаа токтотуучу жайлардын кызмат көрсөтүүлөрүнө сааттык төлөм киргизилет. Калаанын борбордук бөлүгүндө унаа токтоочу жайлардын биринчи сааты үчүн төлөмдү 25 сом жана андан кийинки сааттар үчүн тарифти 40 сомдон 100 сомго чейин белгилөө пландалууда.
Учурда Бишкекте 683 миң автоунаа катталган. Мындан сырткары башка аймактарда катталган дагы миңдеген унаа күн сайын шаарга кирип-чыгып турат. Азыркы тариф расмий түрдө 25 сом деп бекитилген.
Бишкек шаарынын мэриясы буга чейин да бир катар төлөмдөрдү киргизүү боюнча долбоорду Министрлер кабинетине сунуштаган. Ага ылайык, башка аймакта жана чет өлкөдө катталган автоунаалардын Бишкекке кирүү акысын, калаада ижарага берген электрондук чыгырык сыяктуу транспорттордон жана шаарга келген туристтерден акча алуу сунушталган.
Мындан тышкары, мэрия Бишкек менен Ош шаарларында унааларды көчөгө график менен чыгарууну сунуштаган. Ага ылайык, графикти бузган жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом айып салынмакчы.
Кыргыз бийлиги экономикалык өсүш боюнча ооз көптүргөн менен бюджетти карапайым калктан алына турган салык жана төлөмдөрдү көбөйтүү менен толтуруп жатат. Акыркы эки ай ичинде эле бир катар салык жана төлөмдөрдүн түрлөрүн киргизүү сунушталды. Анын ичинде жол эрежесин бузгандарды аныктоо үчүн дрондорду колдонуу, авто унааларды жана турак жайларды камсыздандыруу, светтин, ысык суу жана жылуулуктун баасын 3 эсе кымбаттатуулар бар.
Мунун каршысында Ислам түзүмүндө, мамлекет өз иштерин жүргүзүү үчүн салык салууга муктаж болбойт. Анткени, өз иштерин жүргүзүү үчүн жер жана кыймылсыз мүлк сыяктуу мамлекеттик мүлктөрдөн пайдаланат. Ал эми, калктын жалпы кызыкчылыктарына тиешелүү муктаждыктарга адамдардын бардыгы шерик болгон умумий мүлктөрдөн сарптайт. Маселен, мектептер, университеттер, ооруканалар, жолдор, аэропорттордун курулушу жалпы адамдардын кызыкчылыгы болуп, ага умумий мүлктөн сарпталат. Мисалы, алтын, мунай, газ, темир, уран сыяктуу табигый байлыктарды иштеп чыгаруудан алынган пайдалар ушул тармактарга жумшалат.
Мындан тышкары, Ислам байлыктын бир ууч адамдардын колунда чогулуп калышына жол бербейт. Ошол эле учурда жакыр жана муктаж кишилерди салык төлөтүү менен айласын кетирбейт. Балким, кирешеси белгилүү өлчөмгө жеткен гана адамдардан зекет жыйып алат. Зекетти адамдар ибадат катары кубануу менен беришет. Ал эми, зекеттен жыйналган мүлктөр бюджеттеги башка мүлктөргө кошулбастан өзүнчө топтолуп, Алла Таала “Тообо” сүрөсүндө белгилеген сегиз түрдүү адамдарга бөлүп берет. Алла Таала айтат:
إِنَّمَا ٱلصَّدَقَٰتُ لِلۡفُقَرَآءِ وَٱلۡمَسَٰكِينِ وَٱلۡعَٰمِلِينَ عَلَيۡهَا وَٱلۡمُؤَلَّفَةِ قُلُوبُهُمۡ وَفِي ٱلرِّقَابِ وَٱلۡغَٰرِمِينَ وَفِي سَبِيلِ ٱللَّهِ وَٱبۡنِ ٱلسَّبِيلِۖ
“Албетте, садагалар (зекеттер) жалаң жакырларга, мискиндерге (бечараларга), садага жыйуучуларга, көңүлдөрү (Исламга) дос кылынуучу кишилерге, моюндарды (кулдарды) азат кылууга, карыздар кишилерге жана Алла жолунда (тактап айтканда, казатка же ажыга кетип жаткандарга) ошондой эле жол жүргөн-мусаапырларга берилет” (Тообо: 60).
Демек, Исламда капиталисттик түзүмдөгүдөй туруктуу түрдө салык жана төлөмдөрдү чогултууга тыюу салынат. Андыктан, мусулмандар мындай салыккорлордун зулумунан кутулуу үчүн бул дүйнө жана акырет ийгилигине жеткире турган Алланын өкүмдөрү менен жашоого шашылуу керек!
Мумтаз Маверанахрий