Жалган сөз эркиндиги
Колонизатор ири мамлекеттер үчүнчү дүйнө мамлекеттерине, өзгөчө мусулман өлкөлөрүнө таңуулап келген «баалуулуктардын» бири сөз эркиндиги болуп саналат. Колонизаторлор бул сөз эркиндигин кудум бир өнүгүүнүн жолу катары көрсөтүштү. Алар сөз эркиндигин бир карасаң азгырып, бир карасаң мажбурлап кабыл алдырууга урунушууда. Айрым баёо адамдар жана Батыш сакофатына суугарылгандар бул сандыракка алданып, бул өнүгүүнүн белгиси деп жар салышты. Бирок Батыштын иш-аракеттерин, саясатын кылдат карап чыксак сөз эркиндиги жөн гана бир курал экендиги, Батыш өлкөлөрү өздөрү сөз эркиндигине тескери иш кылып жатышканы айкын болот. Тагыраак айтканда, Батышта бийликтин саясатын, багытын сындап каршы болгон адамдар куугунтукталып жаткан учурлар арбын эле кездешет. Ошондой учурлардын бирине канадалык Жордан Питерсонду мисал кылуу мүмкүн. Жордан Питерсон – психология илимдеринин профессору, Гарвард жана Торонто университтеринин мугалими. Ал ЛГБТны сындаган кескин билдирүүлөрү менен белгилүү. Жакында Канада Жогорку соту Жордан Питерсонду бул сын-пикирлери үчүн «кайрадан окууга» өкүм кылды. Эгер Питерсон «кайрадан окуп» үйрөнүп келгенден кийин дагы эле ЛГБТны сындоону токтотпосо соттун кийинки өкүмү катаал болору анык.
Дагы бир мисал: АКШда Федералдык иликтөө бюросу «чет элдик тыңчы» деген шылтоо менен аскерий талдоочу Скот Риттердин үйүндө тинтүү өткөрдү. Кезинде бул америкалык жаран АКШнын Иракка бастырып кирүүсүнө каршы чыккан, учурда болсо Украинадагы согуш маселесинде анын пикирлери АКШ бийлигинин саясатына тескери келүүдө. Ушундан улам Скот Риттер 2000-жылдардан бери эле бийлик тарабынан кысымга алынып келет. Риттердин абалы 2023-жылдын октябрынан тартып дагы да начарларды. Себеби ал «Израилдин» Газадагы баскынчылыгына каршы чыгып, яхудий вужудунун премьер-министри Нетаньяхуну колдогону үчүн АКШны сындап чыккан. Ошондон бери бийлик тарабынан Риттерди кысымга алуу аракети дагы да көбүрөөк күчөдү.
Ал эми, демократиянын бешиги болгон Европада да сөз эркиндиги маселеси АКШдан калышпайт. Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Еврокомиссия тарабынан даярдалган Санарип кызматтар жөнүндөгү мыйзам күчүнө кирди. Бул мыйзамга ылайык «мыйзамсыз» контентти өчүрбөгөндүгү үчүн Х (Твиттер), Меtа (Фейсбук) жана Google сыяктуу компанияларга айып пул салуу каралган. Мыйзамда «мыйзамсыз» контент так, даана белгиленбеген, башкача айтканда андай контентке ар кандай басылма, билдирүү, пост кириши мүмкүн. Европарламенттин мүчөсү Маркус Бакхейт баса белгилегендей, бул санарип жөнүндөгү мыйзам эркин жана саясий жактырылбаган басылмаларды негизсиз цензура кылуу үчүн колдонулуп келет. Андан тышкары Х социалдык тармагынын ээси Илон Маск Еврокомиссия социалдык тармакка цензура киргизүү туурасында «жашыруун келишим» түзүүнү сунуштаганын ачыктады. Илон Масктын айтымында, анын соцтармагынан айырмаланып башка социалдык тармактар андай келишимге барышкан.
Британияда болсо өкмөт технологиялык компанияларды билдирүүлөргө, жаңылыктарга тыюу салууга мажбурлай турган иш-аракеттерди көрүүдө. Британия өкмөтүнүн министрлери социалдык тармактарга ээлик кылган компанияларды «мыйзамдуу, бирок зыяндуу» контентти чектөөгө милдеттендирүү мүмкүнчүлүгүн карап жатышат. Бул, компаниялар «мыйзамдуу, бирок зыяндуу» билдирүүлөрдү өчүрүүгө же бөгөттөөгө милдеттүү болорун түшүндүрөт. Мында да «мыйзамдуу, бирок зыяндуу» контент так, даана көрсөтүлбөгөн жана аны ким аныктары ачыкталбаган. Муну дагы бийликтин цензурасы, чектөөсү деп кароо керек.
Газадагы согуш көптөгөн чындыктарды ачыкка чыгарды, бир тараптан мусулман башчыларынын чыныгы саткынчыл жүзүн ачса, экинчи тараптан Батыштын эки жүздүүлүгүн ачыктады. Ошондой эле бул согуш сөз эркиндиги жалган экенин адамдарга көрсөттү. Себеби АКШ, Германия, Британия, Франция сыяктуу Батыш өлкөлөрү өз жеринде Газага тилектештик билдирген демонстрацияларга тыюу салышты, ошол эле учурда «Израилдин» агрессиясын колдогон демонстрацияларга уруксат берип, а түгүл аларды коргошту. Бул өлкөлөр тыюу салууларга карабастан, Газаны колдоп демонстрация өткөргөн адамдарды аёосуз сабап, катаал чараларды көрүшкөнүнө бүткүл дүйнө күбө болду. Бул окуялардан Батыш ким сөз эркиндигине укуктуу, ким укуктуу эместигин кантип белгилеп жатканын көрүүгө болот. Тагырак айтканда, Батыштын саясатына туура келген иш-чаралар, демонстрациялар, билдирүүлөр, публикациялар сөз эркиндиги болуп саналат, ал эми анын саясатына тескери келгендери «зыяндуу», «мыйзамсыз», ал тургай «экстремизм» жана «терроризм» эсептелип, тыюу салынат. Ошол эле учурда, Батыш Исламды, Исламдын өкүмдөрүн, түшүнүктөрүн шылдыңдоону, акарат кылууну «сөз эркиндиги» деп коргоп жатат, жада калса Исламды мыскылдаган адамдарга сыйлыктарды берүүдө, аларды коргоп «каарман» кылып көрсөтүп жатат. Себеби Батыштын көздөгөн максаты – адамдардын Исламга ишенимин бузуп Ислам жана мусулмандарга сокку берүү, өзүнүн бузуку идеяларын жаюу.
Мына ушулардан көрүнүп тургандай, Батыш сөз эркиндигин адамдар ойлогондой кадырлабайт. Батыш үчүн сөз эркиндигинин эч бир кыйматы жок. Ал сөз эркиндигин курал катары гана колдонуп, өз максатына жетүү үчүн ар кандай чектөөгө, тыюу салууга барат. Демократия баалуулугу саналган сөз эркиндигин Батыш өзү минтип ачыктан-ачык чектеши капитализм (демократия) түзүмүнүн жемирилип, кыйрап бара жатканынан гана кабар берет.
Мунун каршысында Ислам, арам нерсеге карата чакырыктарга гана тыюу салып, бийликтин же башка тарапты мухасаба кылууну, жамандыктан кайтарып, жакшылыкка чакырууну мусулмандарга буюрган.
Харун Абдулхак