Бангладештин премьер-министринин отставкага кетип, өлкөдөн качып кеттиши тууралуу

1218
0

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Суроо-жооп

Бангладештин премьер-министринин отставкага кетип, өлкөдөн качып кеттиши тууралуу

2024-жылдын 5-августунда Бангладештин премьер-министри отставкага кетип, өлкөдөн качып кеткени жарыяланган. Буга өткөн айдын башында мамлекеттик кызматтарда жумуш орундарына бөлүнгөн квота системасына байланыштуу нааразылык акциялары себеп болгон. Демонстранттар менен бийликчил партиянын жактоочулары кагылышып, нааразылык акциялары кандуу окуяга айланды. Армия бийликти колго алганын жарыялап, өлкөнүн президенти парламентти таратып, убактылуу өкмөт дайындалганы жарыяланды.

Суроо:

Митингдер пландалганбы? Армиянын кийлигишүүсү келишим аркылуу болдубу? Өлкөдөгү ишке эл аралык күрөштүн тиешеси барбы?

Жооп:

Жогорудагы суроолорго жоопту тактоо үчүн биз төмөнкү маселелерди карап чыгабыз:

  1. Бангладеш Ислам жери болуп саналат. Он үчүнчү кылымдын алгачкы жылдарында, 1192-жылдын аягында Мухаммад аль-Гуринин жортуулу учурунда мусулмандар түндүк Индияны фатх кылышкан. Бангладеш калкынын саны боюнча дүйнөдө сегизинчи орунда турат. 171 миллионго жакын калкы бар. Түштүк Азияда Мьянма жана Индия менен чектешет. Калкынын 90%дан ашыгы мусулмандар жана өлкөнүн расмий дини Ислам. Британиянын “бөл жана башкар” саясатынын алкагында, Чыгыш Пакистанда жайгашкан Бангладеш Британиянын агенти Шейх Мужибур Рахман башында турган Авами Лигасы Британиянын колдоосу менен 1971-жылы Пакистандан бөлүп алган. Пакистан менен Бангладештин ортосундагы согуштан кийин Пакистандан көз карандысыздыгы жарыяланган.
  2. Бангладештин премьер-министри Хасина өлкөнүн эски колонизатору болгон Британияга малайлык кылууну атасы Бангладештин мурдагы премьер-министри Авами Лигасынын башчысы Мужибур Рахмандан мураска алган. 1975-жылы Мужибур Рахманга каршы төңкөрүш жасаган офицерлер төңкөрүш учурунда анын үй-бүлөсүн өлүм жазасына тартышкан. Ошол учурда кызы Хасина чет өлкөдө болгондуктан аман калган. Ал 1981-жылы өлкөсүнө кайтып келип, саясий ишмердүүлүк менен алектенүүгө уруксат алганга чейин Британияда жашаган. 1996-2001-жылдар аралыгында биринчи жолу өкмөттүн президенттик кызматына киришкен. Андан кийин 2009-жылдан бүгүнкү күнгө чейин өкмөттү жетектеген. Ал үстүбүздөгү жылдын башында өткөн шайлоону бурмалаган деп айыпталып, өзүнүн Авами партиясы түзгөн парламентте басымдуу көпчүлүккө ээ болгон. Парламенттеги 300 орундун 233үн ээлеген. Андан тышкары, анын партиясы менен союздаш 9 депутат бар. Башка партиялар шайлоонун жыйынтыгын четке кагып, аны жасалма шайлоо деп эсептеп, Америка да аларды сындады. Бирок, Хасинанын режими анын жеңишин расмий түрдө жарыялады!
  3. Хасинанын башкаруусу учурунда Америка малайларына чабуул жасап, армияда, саясий чөйрөдө, соттордо жана башка борборлордо Британиянын таасирин бекемдөө үчүн иштеген. Ал оппозициялык партиянын лидери, 1977-жылы бийликке келген күйөөсү генерал Зиаур Рахмандан Америкага малайлыкты мурастаган Бангладештин Улуттук партиясынын башчысы Халида Зия менен атаандашкан. Зиаур Рахман 1981-жылы британиялык агенттер тарабынан өлтүрүлгөн. Анын жубайы Халида Зия өкмөттү эки мөөнөттө, 1991-1996-жылдар жана 2001-2006-жылдар аралыгында башкарган. Кийинчерээк ал коррупция жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу кинеси менен айыпталып соттолгон. Ал жана камактагылар Хасина 2024-жылдын 5-августунда качып кеткен соң акыркы демонстрацияларда бошотулду.

Ошондуктан, Бангладеште күчтүү таасирге ээ болгон мурдагы колонизатор Британия менен 1977-жылы бийликке келген Америка малайы генерал Зиаур Рахман аркылуу армия арасында таасирге ээ болгон  жаңы колонизатор Америка орстосунда эл аралык күрөш бар. Америка ошондой эле саясий коомчулуктан, өзгөчө генерал Зиянын аялынан жана Бангладештин Улуттук партиясынан малайларды тапты. Бирок, Британия дагы деле басымдуу таасирге ээ.

  1. Хасина жана анын партиясы баштаган өкмөт илманий жана улутчул экендигин бетке кармап Исламды бийликке кайтарууну каалагандар менен күрөштү. Саясий жактан аларды Ислам жана анын бийликке кайтып келиши менен күрөшүп жаткан Батыш колонизатору колдоп-кубаттады. Туура жолдогу Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу Исламды жашоого жана бийликке кайтарууга чакырган Хизб-ут-Тахрир Исламий партиясына 2009-жылы 22-октябрда тыюу салынды. Белгилей кетсек, Хизб-ут-Тахрир – бул саясий партия. Анын принциби Ислам жана материалдык иштерди (курал колдонууну) өзүнүн тарыйкаты катары кабыл албайт. Тескерисинче, саясий жана пикирий күрөш менен алектенет. Хасина режими мындан башка дагы төрт исламий жамаатка тыюу салган. Хизб-ут-Тахрир жана башка жамааттардын көптөгөн жаштарын түрмөгө отургузуп, кээ бир ислам лидерлерин өлүм жазасына тартты. (Хасина Важид 2013-жылы Бангладештин көз карандысыздыгын четке каккан согуш кылмышкерлери деген шылтоо менен Жамаат-Исламиге каршы саясий ликвидациясын баштаган. Мындан максат ислам тобунан кутулуу болгон. Исламий жамаат лидерлеринин арасында камакка алынган, өлүм жазасына тартылган же түрмөдө каза болгон эң көрүнүктүү инсандардын арасында жети чоң аалым бар. Алардын 5и дарга асылып өлтүрүлгөн, экөө өлүм жазасына кесилгенге чейин түрмөдө каза болгон…” (https://alestiklal.net/ 06.08.2024). Хасина Исламга жана анын бийликке кайтып келишине жана мусулмандардын бир мамлекетте биригүүсүн талап кылгандарга карата катуу душмандык кылган. Ал 1971-жылы Британиянын жана анын Индиядагы агенттеринин колдоосу менен Чыгыш Пакистанды (Бангладешти) Батыш Пакистандан бөлүп, мамлекетке үлкөн чыккынчылык кылган атасы негиздеген секулярдык партияны жетектеп калды.
  2. Бангладеш тышкы саясий жана экономикалык күчтөргө байланып калгандыктан, төмөн жашоо кечирип, чечилгис экономикалык кризистерге кабылууда. Бангладештин 18 миллионго жакын жаштары жумушсуз. Университеттин бүтүрүүчүлөрү да жумушсуздардын катарын толукташат! Бангладештин 15 жаштан 24 жашка чейинки калкынын 40%дан ашыгы иштебейт жана билим албайт. 2024-жылдын 5-августунда британиялык “Би-Би-Си” маалымат кызматы Бангладештеги экономикалык абал тууралуу интервьюларды чыгарды. Лондон экономика мектебинин профессору Лутфи Сиддики: “Экономикалык жактан алганда Бангладеште режимдин өзгөрүшү качып кутулгус иш. Учурдагы окуя убакыттын иши. Хасинанын өкмөтү башкаруу укугунан жана бийлигинен ажырады жана бийликти сактап калуу үчүн да ресурстары түгөнөт. Бангладеш экономикалык кыйроонун босогосунда турат”, – деди. Белгилей кетсек, Хасина өкмөтү өлкөнүн экономикасын жана ресурстарын чет элдик компанияларга, өзгөчө британиялык, америкалык, кытайлык жана индиялык компанияларга күрөөгө койгон. Кытай Азия өнүктүрүү банкы аркылуу, Америка өзү үстөмдүк кылган Эл аралык Валюта Фонду жана Дүйнөлүк Банктын адилетсиз шарттары менен Бангладешти сүткор кредиттерге тушап алган. Бул Бангладештеги кырдаал курч, жарылуу алдында турганын билдирет.
  3. Бангладеш 2024-жылдын 1-июлунан бери жумуш менен камсыз кылуу системасына каршы студенттик нааразылык толкунуна күбө боло баштады. Нааразылык акцияларынын максаты мамлекеттик тармактардагы жумуш орундарынын 56%га жакынын бир ууч топторго бөлгөн квота системасын жоюу болду. Премьер-министр жана анын айланасындагылар мындан пайдаланып, өздөрүнүн жакындарын, жактоочуларын жумушка орноштуруп, оппозицияны андан куржалак калтырышкан. Жумуш квотасына 1971-жылы Британия жана анын Индиядагы агенттеринин колдоосу менен Бангладешти Пакистандан бөлүү чыккынчылык согушуна атасы жана уулдары катышкандар гана кирген. Нааразылык акцияларына себеп болгон окуя ушул жумуш квотасынын бөлүштүрүлүүсү болуп калды. Студенттер жумушка орношуу башка жагдайларга эмес, адамдын эмгегине жараша болушун талап кылышты. Бул нааразылыктар аталган системанын жоюлушуна таасирин тийгизди. Ошондуктан Бангладештин Жогорку Соту 2024-жылдын 17-июлунда жумуш орундарына квоталарды кайра киргизүү чечими мыйзамсыз деп жарыялады. Бирок бул митингчилердин аракетин басууга жардам берген жок. 2024-жылдын 16-июлунда Хасина партиясынын студенттери Даккадагы демонстранттарды таяктар менен тосуп алып, бири-бирине таш ыргытышкандан кийин демонстрациялар өлүм менен коштолду.
  4. Бул нааразылык акцияларын токтотуу үчүн Хасинанын өкмөтү өлкө боюнча мектептерди жана университеттерди жабууга буйрук берди. Хасина студенттерди сабырдуулукка чакырган билдирүүлөрдү жасап, нааразылык акцияларындагы ар бир киши өлтүрүүгө, жазалоого убада берди. Бирок демонстранттар анын билдирүүлөрүн четке кагышып, өзгөчө аны бутага ала башташты жана “Диктатура жок!” деп ураан чакырышты. Алар Бангладеш мамлекеттик телерадио компаниясынын штаб-квартирасын жана башка ондогон өкмөттүк имараттарды өрттөштү. Өкмөт интернет кызматтарын өчүрдү. Нааразылык күчөгөндөн күчөп, каза болгондордун жана жарадарлардын саны күн сайын көбөйүп, күнү-түнү коменданттык саат жарыяланып, аскерлер жайгаштырылды. Полиция демонстранттарга көздөн жаш агызуучу газ жана ок атып, өлкө боюнча коменданттык саат жарыялады. Коопсуздукту сактоо үчүн армия күчтөрүн жайгаштырды. 2024-жылдын 19-июлунда 105 киши набыт болгону жарыяланды. Бул тууралуу премьер-министрдин басма сөз катчысы Наимул Ислам Хан билдирди. “Өкмөт коменданттык саат киргизүүнү жана жарандык бийликтерге жардам берүү үчүн армияны жайгаштырууну чечти…” (Agence France-Presse 2024.07.19). Нааразылык акцияларын басуу үчүн жаңылык каналдары жана уктуруулары, кээ бир уюлдук байланыш кызматтары токтотулду. Демонстранттар 2024-жылдын 19-июлунда имаратты өрттөш үчүн түрмөгө чабуул коюшуп, анын жүздөгөн туткундарын бошотушту. Бангладештеги нааразылык акцияларынан каза болгондордун жалпы саны 409га жеткенин “Франс Пресс” агенттиги полициянын, өкмөт өкүлдөрүнүн жана дарыгерлердин маалыматтарына таянып билдирди. Окуялар студенттердин көпчүлүгүн жумушсуз калтырган квота системасына каршы нааразылык акциялары менен өзүнөн өзү башталгандай. Нааразылык акциясы студенттер менен эле чектелбестен, аларга ар кыл катмардагы адамдар кошула башташты. Алардын саны 400 миңдей адамды түздү. Бул демонстрациялар Хасинанын 15 жылдан берки авторитардык бийлигине болуп көрбөгөндөй коркунуч катары бааланды.
  5. Бангладеш армиясынын командири, генерал Вакр аз-Заман 2024-жылдын 5-августунда Хасинанын отставкага кетишинен жана качып кеткенден кийин толук жоопкерчиликти өзүнө ала турганын жана убактылуу өкмөт түзөөрүн жарыялады. Ал мамлекеттик телеканалдан: “Мен силерге бардык нааразычылыктар чечилет деп убада кылам. Өлкө абдан көп зыян тартты, экономикага зыян келтирилди, көптөгөн адамдар набыт болду. Зордук-зомбулукту токтотууга убакыт келди”, – деди. (AFP 2024 .08.05). Генерал Вакр аз-Заман жөө аскерлердин офицери болгон, ал өткөн жылдын июнь айында армиянын командири болуп дайындалган жана Хасина экөөнү байланыштырып турган алыскы туугандык мамилеси бар. Анын кеңсесинде кеңешчи болуп иштеген. Анын кайнатасы 1996-жылдан 2001-жылга чейин Хасинанын биринчи мөөнөтүндө армиянын командири болгон. Вакр ал-Заман Улуу Британияда аскердик билим алган жана Бангладеш Улуттук университетинде, Лондондогу Кингс колледжинде коргонуу боюнча магистр даражасына ээ.

Бул Британия Бангладеште өз таасирин сактап калуу үчүн Британияга лоялдуу болгон жана Хасина режими менен бир типтеги Вакр аз-Замандын бийликке келишине буйрук бергендигин тастыктайт. Ал Хасинанын өмүрүн сактап калуу үчүн өлкөдөн кетиши керектигине да буйрук бергендигин билдирет. Ошондон кийин армия кырдаалды тынчтандыруу үчүн демонстранттарга жакындаганга аракет кылды. Демонстраттар бийликти басып алган соңку күнү армия нааразылык акцияларына уруксат берип, кырдаалды тынчтандыруу үчүн аларга каршы ок атууну токтоткон.

  1. Армия командири, генерал Вакр аз-Заман өлкөнү башкарууну колго алганын жарыялаганда, мүмкүн болушунча тез арада убактылуу өкмөттү түзүүнү убада кылды. Ал негизги оппозициялык партиялар жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөрүн, бирок Хасинанын партиясы Авами Лигасы менен эмес экенин убада кылды. Американы ыраазы кылуу жана аны англиялык саясаттын карасанатайлыгынан кайтаруу үчүн Бангладештеги президент 2024-жылы 7-августта Нобель Тынчтык сыйлыгынын лауреаты Мухаммад Юнус өткөөл өкмөттү жетектей турганын жарыялады. Президенттин билдирүүсүндө: “Юнус башында турган өткөөл өкмөттү түзүү чечими республиканын президенти Мухаммад Шихаб ад-Дин, армиянын жогорку даражалуу офицерлери жана «Студенттер дискриминацияга каршы” тобунун жетекчилеринин жолугушуусунда кабыл алынды. Билдирүүдө: “Президент кризистен чыгуу үчүн элден жардам сурады. Кризистен чыгуу үчүн өткөөл өкмөттү тез түзүү керек …” ( Франс Пресс агенттиги, 2024.08.87). Андан соң Европада жүргөн 84 жаштагы Мухаммед Юнус өткөөл өкмөткө төрагалык кылууга даяр экенин жарыялады. Ошентип, британиялыктар алардын агенти нааразылык акциялары күчөгөн учурда аскердик тик учак менен Индияга качып кеткенде, өздөрүн кулап калуудан жана таасирин сактап калуу үчүн ушундай аракет кылышты. Ал ишти армиянын командири көзөмөлгө алышы үчүн өкмөттү жана парламентти таратканын жарыялап, Мухаммед Юнус сыяктуу эски америкалык агент парламентке боло турган шайлоолорго жана жаңы шайланган өкмөт түзүлгөнгө чейин убактылуу өкмөттүн башчылыгына дайындалышына жол ачты. Ошентип, Хасинаны сүргүн кылуу менен митингчилердин оозун жапты жана Америкага ишенимдүү Мухаммад Юнусту дайындоо менен Американы ыраазы кылуу үчүн аракет кылышты. АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтон аны Нобель сыйлыгына татыктуу деп баалаган: “Профессор Мухаммад Юнус 2006-жылы “Grameen Bank” менен биргеликте Нобель Тынчтык сыйлыгын алган. АКШ президенти Билл Клинтон Нобель сыйлыгын Мухаммед Юнуска ыйгарууну жактап, 2002-жылы сүйлөгөн сөзүндө президент Клинтон Юнусту эчак эле Нобель сыйлыгын ала турган адам деп атаган”. (Аудитория, шейшемби 2024.08.06). Белгилей кетсек, Хасина аны менен күрөшүп, Бенгал соту 2024-жылы 1-январь күнү борбор шаар Даккада эмгек мыйзамдарын бузган деген айып менен 6 айга эркинен ажыраткан. “Нобел Тынчтык сыйлыгынын лауреаты Мухаммад Юнус Бангладештин эмгек мыйзамдарын бузгандыгы үчүн соттолду”, – деп дүйшөмбү күнү прокурор Хуршид Алам Хан “Франс Пресс” агенттигине берген маегинде билдирген. Алам Хан “Франс Пресс” агенттигине Юнус жана анын кесиптештери эмгек мыйзамдары боюнча соттолуп, алты айга абакка кесилгенин түшүндүрүп, алар апелляцияга чейин күрөөгө бошотулганын билдирди. АКШнын мурдагы президенти Обама жана БУУнун мурдагы баш катчысы Пан Ги Мун баш болгон 160 эл аралык ишмер Юнуска каршы жүрүп жаткан соттук куугунтуктарды айыптап, анын коопсуздугу жана эркиндиги үчүн тынчсыздануусун билдирген биргелешкен ачык кат жарыялашты. (Шарк аль-Авсат, 2024-жыл, 1-январь).

Ошентип Британия карасантайлык саясаты аркылуу Мухаммад Юнусту Американы ыраазы кылуу үчүн убактылуу өкмөткө алып келди жана Хасинаны сүргүн кылуу менен нааразылыктарды токтото алды. Картайып калган Американын ишенимдүү адамын дайындоо менен Американы канааттандырды…  Британия Хасина качканга чейинкидей, Бангладешти армия командири аркылуу көзөмөлдөп кала берүүдө!

  1. Ошондуктан, Бангладеште эл аралык күрөш дагы эле уланууда. Тигил же бул колонизатордун көз карашын кабыл алып, каапыр колонизаторлордун кызыкчылыгына кызмат кылууну көздөгөн малайлар бул дүйнөдө да, акыретте да зыян тартуучулардан болушат. Бул дүйнөдөгү зыяны күнөөлөрү үчүн мойнуна шерменделик илинет. Ал эми акыретке келсек, ал азаптардын эң оору. Аллах Таала айтат:

 ﴿سَيُصِيبُ الَّذِينَ أَجْرَمُوا صَغَارٌ عِنْدَ اللهِ وَعَذَابٌ شَدِيدٌ بِمَا كَانُوا يَمْكُرُونَ

“Кылмыш кылгандар айла амал кылгандары үчүн Алланын алдында кордук жана катуу азапка туш болушат (Аньам: 124).

Эгер аң-сезимдүү болушса, ар бир өлкөдө, өзгөчө Ислам өлкөлөрүндө алар сыяктуу малайлардын башына түшкөн окуядан сабак алышмак. Алар же камалат, же өлтүрүлөт, же кор болуп өлкөдөн качып кетишет! Алар өздөрүнөн мурункулардан сабак алышпайт. Тескерисинче, өздөрүнүн адашууларында сокур бойдон калышат! Эгер алар акылдарына келишсе – Алар Роббисине кайрылып, Анын динин карманып, Анын динин бийик кыла турган мамлекетти тикелөө үчүн аракет кылгандарга колдоо көрсөтүшпөйт беле? Туура жолдогу Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык мамлекетин Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) Ахмад жана Ат-Таялиси риваят кылган хадисинде убада кылган:

«ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةٌ عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ»

“…Андан кийин Пайгамбарлык минхажы негизинде Халифалык болот”. Аларда акыл болсо Пайгамбарыбыз (с.а.в) куш кабар кылган мамлекетти тикелөөгө колдоо көрсөтүшпөйт беле? Эгер алар түшүнүшсө, Роббисине кайтпайт беле?! Аллах Таала айтат:

﴿إِنَّ فِي ذَلِكَ لَذِكْرَى لِمَنْ كَانَ لَهُ قَلْبٌ أَوْ أَلْقَى السَّمْعَ وَهُوَ شَهِيدٌ﴾

“Чындыгында, мында туя турган жүрөгү барлар жана күбө болуп туруп уккандар үчүн эскертүү бар”. (Коф: 37).

1446-х 11-Сафар

2024-ж 16-август.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here