Кыргызстан бийлиги киргизип жаткан милдеттүү камсыздандыруу шариятка тескери, андыктан, ага каршы чыгуу лаазым!

74
0

Кыргызстан бийлиги киргизип жаткан милдеттүү камсыздандыруу шариятка тескери, андыктан, ага каршы чыгуу лаазым!

Кыргызстанда мындан ары кыймылсыз мүлктү жана автоунааларды кайра каттатууда милдеттүү камсыздандыруу талап кылынат. Бул боюнча өкмөттүн токтому 9-августта кабыл алынды жана 15 күндөн кийин күчүнө кирет. Ага ылайык, мамлекеттик камсыздандыруу компанияларында турак жайды камсыздандыруу шаар жерлеринде жылына 1 200 сом, айыл жеринде 600 сом деп белгиленген. Ал эми унааны милдеттүү камсыздандыруунун баштапкы баасы жылына 1680 cом.

Негизи, Кыргызстан калкы үчүн камсыздандыруу иши жаңылык эмес. Союздун курамында социалисттик түзүмгө ылайык камсыздандыруу колдонулуп келген болсо, Кыргызстан жасалма эгемендүүлүк алгандан кийин, эми капиталисттик түзүмгө ылайык камсыздандыруу колдонулганы жатат. Камсыздандыруу мыйзамдары Кыргызстан капитализмге өткөндөн бери эле сунушталып келет, бирок, экономикалык абал жана элдин каршылыктары себептүү, ушул кезге чейин улам артка сүрүлүп келди. Бийлик элди жоошутуу үчүн алгач ыктыярдуу камсыздандырууну киргизди, эл жеке компанияларга каршы чыга бергендиктен мамлекеттик камсыздандыруу компаниясын киргизди жана ага мамлекеттик ишканаларды милдеттендирди. Учурда жалпы элди мажбурий милдеттендирүүгө кадам таштап олтурат.

Мусулман адам ар бир окуяга жолукканда, анын шаръий өкүмүн билүүгө жана ага карата шаръий амалдарын белгилеп алууга милдеттүү. Ошондуктан, Кыргызстандагы мусулмандар бул камсыздандырууга карата да исламий аң-сезимден келип чыгып жандашуусу шарт.

Камсыздандыруу – бул камсыздандыруу компаниясы менен мүлктү камсыздандыруучу адамдын ортосундагы бүтүм. Келишимге ылайык, мүлкүн камсыздандырып жаткан адам жыл сайын камсыздандыруу компаниясына келишилген каражатты төлөп турат. Эгер ошол адамдын мүлкүнө зыян жетсе, камсыздандыруучу компания ага белгилүү өлчөмдөгү каражат төлөп берет.

Бирок, мындай келишимде шарьий бүтүмдүн шарттары табылбайт. Ошондуктан, мындай келишим түзүү жайиз эмес жана ал аркылуу табылган кирешени жеш арам. (Бул теманы кененирээк түшүнүүнү каалаган адамдарга Хизб ут-Тахрир басылмаларынан “Исламдагы экономикалык түзүм” китебине кайрылууну сунуштайбыз)

Демек, “казино” тууралуу мыйзамдын арамдыгы сыяктуу эле камсыздандыруу мыйзамдары да мусулмандар үчүн арам. Мында медициналык камсыздандыруу болобу, кыймылдуу же кыймылсыз мүлктү камсыздандыруу болобу – аларды мамлекеттик компания же жеке компания ишке ашырабы – булардын айырмасы жок.

Түпкүлүгүндө, мындай мыйзамдар калктын канын соруш үчүн капиталисттер тарабынан ойлоп табылган долбоорлордон. Маселен, Кыргызстанда 1 млн 600 миң 700 унаа каттоодон өткөн. Эң аз эсеп менен ар биринен 1680 сомдон топтолот. Бул 2 млрд 700 млн сомду түзөт. Аталган сумма компаниялардын жылдык кирешеси болуп саналат. Ал эми, камсыздандыруучу компаниялардын жылдык чыгашасы 350 млн сомго жетпейт. Демек, ортодогу 2 млрд 350 млн сом айырма бул компаниялардын жылдык пайдасын түзөт. Бул камсыздандыруучу компаниялар банкрот болбошу үчүн, төлөмдөр белгилүү бир суммага чектелген. Мисалы, бирөөнүн кымбат автоунаасына 1 млн сомдук зыян келтирсең, сени камсыздандырган компания анын 150 миң сомун гана төлөп берет. Калганын өзүң төлөшүң керек.

Ал эми, турак-жайларды милдеттүү түрдө камсыздандырууга келсек, мында камсыздандыруучу компания мамлекеттики. Негизи, келишим жаатында мамлекеттик компания деле тигил жеке компаниялардан эч бир айырмаланбайт. Болгону, мында киреше мамлекетке түшүп жаткандай көрүнөт. О.э. аны чиновниктер аны кантип өздөрүнө өздөштүрүп алганы элге көрүнбөйт.

Кыргызстанда 1 миллион 100 миң турак жай катталган. Турак жайды камсыздандыруу шаарда 1200 сом болуп, мамлекет 1 млн сомго чейин гана камсыздоо каражатын бөлүп берет. Айылдарда төлөм 600 сом болуп, мамлекеттик кепилденген сумма 500 миң сом. Жарандар камсыздандыруу төлөмүн жыл сайын төгүп жаңыртып турбаса, мурда төлөнгөн акчалар күйүп кетет.

Эгер айылдагы турак жайлардын санын 600 миң деп алсак, жылына 360 млн сом чогулат. Ал эми, шаардагы турак жайлардан 600 млн сом чогулат. Жалпы 960 млн сом жылдык кирешени түзөт. Ал эми, мамлекеттик камсыздандыруу компаниясынын жылдык чыгашасы 160 млн сомдон ашпайт. Кирешеден чыгашаны кемите турган болсок, мамлекеттик компаниянын жылдык пайдасы 800 млн сомду түзөт.

Булардан көрүнүп тургандай, бардык адамдардан камсыздандыруу каражаттары топтолуп алына берет, негизи, алардын көпчүлүгү кырсыкка кабылбайт. Кырсыкка кабылган азчылык болсо, чектелген гана каражат ала алат.

Демек, камсыздандыруу мыйзамдары аркылуу мамлекет жарандар алдындагы өз жоопкерчиликтеринен качып, жарандардын проблемаларын кайра элдин мойнуна илип жатат. Анысы да аз келгендей, элди келе турган кырсыктар менен коркутуп, бул мыйзамга мажбурлап, чиновниктер мамлекеттик компания аркылуу да, өздөрүнө караштуу жеке компаниялары аркылуу да  элдин жонконунан байлык топтоп жатышат.

Негизи, Аллах Таала акимдерге калкты камкордук менен башкарууну буйруган. А бул капиталисттик өкмөттөр болсо, калк кызыкчылыгына каршы түрдө, өз кызыкчылыктары жолунда калктын жонунан кайыш алууда.

Аллах таала айтат:

“Кимде-ким Аллах түшүргөн нерсе менен башкарбаса, алар залимдер”.

Хизб ут Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмү үчүн

Мумтаз Маверанахрий жазды        

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here