Кыргызстанда каттоодон өтпөгөн телефондорду өчүрүүнүн максаты эмне?

88
0

Кыргызстанда каттоодон өтпөгөн телефондорду өчүрүүнүн максаты эмне?

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Кыргызстанда катталбаган уюлдук телефондор 16-августтан баштап өчүрүлө турганын эскертти. Ага ылайык, Кыргызстанда ушул жылдын 25-июнуна чейин колдонулган уюлдук телефондор Мамлекеттик идентификациялоо системасына автоматтык түрдө киргизилип, каттоого алынган. Ал эми, 25-июндан кийин чет жактан уюлдук телефон сатып алгандар же онлайн буюртма бергендер аны каттатышы керек. Кыргызстанда мобилдик телефондорду каттоо иши менен “Инмобайлс” компаниясы алектенет.

Өкмөт бул ишти бажы төлөмдөрүн жана салыктарды төлөөнү камсыз кылуу максатында ишке ашырып жатканын билдирген. Учурда уюлдук телефонду Мамлекеттик реестрден каттоо кызматы үчүн төлөм 528 сом деп белгиленген, анын үстүнө кошумча нарк салыгы кошулат. 2019-жылдан 2023-жылга чейин өлкөгө 23 млн 827 миң уюлдук телефон ташылып келген. Идентификациялоо операторунун маалыматы боюнча телефондордун IMEI коддору сакталган базага УКМК ээлик кылат.

Мындан белгилүү болгондой, расмий бийлик телефондорду каттоого алуу менен эки нерсени максат кылууда. Биринчиси, үлкөн каражат айланган тармакты монополия кылуу аркылуу өздөрүнө тиешелүү адамдарды ал жерге жайгаштыруу. Муну ишкерлер менен болгон жолугушууларда расмий өкүлдөр ачык эле айтышууда. Тагыраагы, телефон ташыган майдараак ишкерлерди “мыйзамсыз ишкерлик” шылтоосу менен тармактан үзүп коюшмакчы. Буга кошумча, кыбыраган нерсеге салык салууну адат кылган Жапаровдун өкмөтү ар бир келген телефондон салык алууну максат кылууда.

Экинчиси, телефондорду милдеттүү каттоодон өткөрүү шылтоосу менен бийлик калктын үстүндөгү көзөмөлдү күчөтүп алмакчы. Башкача айтканда, буга чейин эле укуругу узарган күч органдарына мындан ары ар бир жарандын сүйлөшүүсүн, кыймыл аракетин, айрыкча бийликке жакпагандарды күзөтүүгө жол ачылмакчы. Анткени, ачкөз капиталисттик системада ар бир бийлик калктын үстүнөн тоталдык көзөмөл орнотууга аракет кылат. Буга чейинки биометрикалык паспорт, “коопсуз шаар” сыяктуу долбоорлор да мына ушул түркүмгө кирет.

Мындай көзөмөл жана чогултулган маалыматтар бул акимдердин кожоюндарына айланган колонизатор мамлекеттер үчүн да абдан маанилүү. Алар болгону өз айла-амалдарын кооз сөздөр менен шөкөттөп ишке ашырышат. Маселен, ар бир жарандын маалымат алуу укугу деген шылтоо менен интернеттин жеткиликтүүлүгүн, ал аркылуу ар бир колдонуучунун маалыматын алганга аракет кылышат. Буга байланыштуу 19-кылымдагы жөөт банкир-капиталист Натан Ротшильддин “ким маалыматка ээлик кылса, ал дүйнөгө ээлик кылат” деген сөзү маалымат тармагында империалисттер ураанына айланган. Алар дүйнөдөгү бардык маалыматтарга ээлик кылып, дүйнө бойлоп тоталдык көзөмөл орнотуу үстүндө жан үрөп аракет кылып келишет. Аны ишке ашыруу үчүн БУУ баштаган бир катар эл аралык уюмдар ишке салынган.

Мындан көрүнүп тургандай, калктын үстүндө көзөмөл күчөтүү жана маалыматка ээлик кылуу жергиликтүү бийликтин гана эмес, колонизаторлордун да кызыкчылыгындагы негизги иштерден. Андыктан, мындай абалда мусулмандар бийликтин кыянаттыгына, зулумдукка алып баруучу аракеттерине каршы туруп, сергек болуусу керек. Анткени, көзөмөлдү күчөтүү менен жергиликтүү бийликтер Исламга жана мусулмандарга каршы күрөштү күчөтүшөт. Ар кандай шылтоо менен экстремист, террорист эн тамгалары басылып, соттолгондор көбөйөт.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here