Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Мүнафыктар жана алардын жаман иштери
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
عن بريدة رضي الله عنه قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم: ”لَا تَقُولُوا لِلْمُنَافِقِ سَيِّدٌ فَإِنَّهُ إِنْ يَكُ سَيِّدًا فَقَدْ أَسْخَطْتُمْ رَبَّكُمْ عَزَّ وَجَلَّ”. رواه أبو داود بإسناد صحيح.
Бурайда (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Мунафыкты кожоюн дебегиле, анткени ал кожоюн болсо, анда силер Кудуреттүү жана Улуу Раббиңерди каарданттыңар”. Абу Дауд сахих деген.
Сүйүктүү бир туугандар! Сөздөрдүн эң жакшысы – Аллах Тааланын сөзү, ал эми туура жолдун эң жакшысы – Анын Пайгамбары Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам)дын хидаяты.
Бул асыл хадис биз билген мунафыктар менен кантип мамиле кылуу керек экенин көрсөтүп турат. Эки жүздүүлөрдүн бардыгын аты менен тааныган бир гана Аллахтын Элчиси болгон. Бирок алардын айрымдарын өзгөчөлүктөрүнөн улам биле алабыз. Куран парз кылган нерсени жалкоолук менен аткарган адамдарды сыпаттаганы сыяктуу. Исламга жана мусулмандарга каршы тузак коюп, азгырыктарга үндөгөн, жер бетинде бузукулукту жайылткан, бузукулукту сүйүүгө чакырып, аны коргоо жана ага демөөрчүлүк кылуу аркылуу жайылтууга үндөгөндөр сыяктуу. Исламга жана мусулмандарга жалган жалаа жапкандар жана башкалар эки жүздүүлүк менен мүнөздөлгөндөр.
Демек, биз ага каршы тиешелүү чараларды көрүшүбүз үчүн шариятта эмне жакшы, эмне жаман экенин түшүнүп, эки жүздүү менен калыс адамды ажырата билишибиз керек. Ислам жана мусулмандар үчүн кам көрүп жаткандай көрүнгөнү менен шариятка туура келбеген иштерди жасаган адамдын тарабын кармабашыбыз керек. Аны ээрчибешибиз, колдобошубуз керек, ал тургай аны кожоюн катары да сыпаттабашыбыз керек, антпесек Аллах Таала бизге каарданат.
Биз мусулмандар Исламга жана мусулмандарга эң көп маани бере турган адамдар болушубуз керек. Мүнафыктардын динибизге жана элибизге кирүүсүнө жол калтырбашыбыз зарыл. Анткени алар бул күндөрдө алардын көптүгү жана көп кырдуулугу менен эң коркунучтуу. Биз Ислам динин кармангандарга иш-аракеттерин өлчөө үчүн шарий мыйзам таразасын алып келишибиз керек. Анткени Ислам бизди ушундай жаман адамдардан коргоочу чеп.
Ушундай кылмышкерлерден үммөттү коргоосун Аллахтан тилейбиз. Бизди адамдардын жүрүм-турумун өлчөй турган туура таразага багыттап, Аллах сүйбөгөн адамдардан алыс болушубуз үчүн туура жолго багыттоосун тилейбиз. Оомийин.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1446-х 9-Сафар. 2024-ж 14-август.