بسم الله الرحمن الرحيم
АДЕП-АХЛАК
Көркөм эсептелүүчү хулктар
Вафа (Бапаадарлык):
Аллах Таала айтат:
یَـٰۤأَیُّهَا ٱلَّذِینَ ءَامَنُوۤا۟ أَوۡفُوا۟ بِٱلۡعُقُودِۚ
“Эй момундар, ахдга (т.а. өз ара келишишкен келишимге) бапаа кылгыла!” [5:1]
أَوۡفُوا۟ بِٱلۡعَهۡدِۖ إِنَّ ٱلۡعَهۡدَ كَانَ مَسۡـُٔولࣰا
“Ахдга бапаа кылгыла, анткени, ахд (кыямат күнү) жоопкер болуна турган иш”. [17:34]
- Кудай үчүн ачуулануу:
Адам өзүнө же жакындарына материалдык-моралдык зыян жеткенде о.э. малы-жанына, аброюна каршы келген иштерге ачууланат. Бул табигый абал, бул адам табиятынын, гарыйзаларынын бир көрүнүшү.
Ал эми, адамдын иштери жакшы болуп, үй-бүлөсү, жубайы, балдары, ата-энесинде проблема жок болсо, соодасы жүрүп турса, үй-жайы өзүнө жагып, кадыр-баркы, ден соолугу ордунда болсо, тууган-уругунда да кайгыра турган бирер абал болбосо да, бирок Аллахтын сөздөрү, өкүмдөрү тебеленип жатканын, ал тургай момундар Аллахтын өкүмдөрүнө амал кылбай жатканын көрүп, иштер шаръий өкүмдөргө ылайык жүрбөй жатканын билип ушуга ачуулануу “Аллах үчүн ачуулануу” болот.
Эми өзүндө, кадыр-баркында, үй-бүлөсүндө, иштеринде, үй-жай, тууган-уруктарында проблема болсо да, алардан да мурда Аллахтын калимасы бийик болушу үчүн баш катырса, адамдар шаръий өкүмдөргө амал кылбаганы үчүн өзүнүн проблемасынан да көбүрөөк ачууланса ошондо бул иши да “Аллах үчүн ачуулануу” болот. Бул момундардын хулку болуп эсептелет. Аллах Тааланын төмөнкү аятына көңүл буруңуз:
قُلۡ إِن كَانَ ءَابَاۤؤُكُمۡ وَأَبۡنَاۤؤُكُمۡ وَإِخۡوَ ٰنُكُمۡ وَأَزۡوَ ٰجُكُمۡ وَعَشِیرَتُكُمۡ وَأَمۡوَ ٰلٌ ٱقۡتَرَفۡتُمُوهَا وَتِجَـٰرَةࣱ تَخۡشَوۡنَ كَسَادَهَا وَمَسَـٰكِنُ تَرۡضَوۡنَهَاۤ أَحَبَّ إِلَیۡكُم مِّنَ ٱللَّهِ وَرَسُولِهِۦ وَجِهَادࣲ فِی سَبِیلِهِۦ فَتَرَبَّصُوا۟ حَتَّىٰ یَأۡتِیَ ٱللَّهُ بِأَمۡرِهِۦۗ وَٱللَّهُ لَا یَهۡدِی ٱلۡقَوۡمَ ٱلۡفَـٰسِقِینَ
“Эгер ата-энеңер, балдарыңар, ага-иниңер, жубайларыңар, тууган-уругуңар жана кесип кылып тапкан байлыгыңар, өтпөй токтоп калуусунан корко турган соодаңар ошондой эле жакшы көрө турган үй-жайларыңар силерге Аллахтан, Анын пайгамбарынан жана Анын жолунда жихад кылуудан кымбатыраак болсо, анда тээ Аллах Өз амирин (башкача айтканда азабын) келтиргенче күтүп тура бергиле. Аллах моюн сунбаган коомду Туура Жолго салбайт”. (Аятта адам үчүн бул дүйнөдө эң баалуу сегиз нерсе эскертилип, алардан да сүйүктүүрөөк нерсе Аллах, Анын Расулу жана Анын жолунда жихад кылуу болушу керектиги айтылууда. Жогорудагы сегиз нерсенин бардыгы же бирөө-жарымы адамга Аллахтан, Анын Расулунан жана Анын жолунда жихад кылуудан сүйүктүүрөөк болсо, анда ал кишинин ыйманы кемчиликке учурайт. Бул дүйнөдө ата-эне адамдар үчүн өтө баалуу болуп эсептелет. Ислам дини аларга жакшылык кылууну, аларды урматтап-сыйлоону катуу дайындаган. А бирок ушундай болсо да, аларды сүйүү Аллахтан, Анын Расулунан жана жихаддан үстөм боло албайт. Мусулман адам бул акыйкатты билиши керек). (9:24).
Сиз да момундукту дабаа кыласыз го, өзүңүздө момундардын ушул хулку т.а. Аллах үчүн ачуулануу барбы?!
Али ибн Абу Талиб р.а. риваят кылат:
كساني رَسُولُ اللَّهِ صلى الله عليه وسلم حُلَّة سِيَرَاء، فخرجت فِيهَا، فرأيت الغضب في وجهِه، فشققتُها بين نسائي
«Пайгамбар с.а.в мага кийим кийгизди, ошол кийимде чыккан элем, ал кишинин жүзүнөн ачууну көрдүм. Кийин аны жыртып, аялдарыма бөлүп бердим» (муттафакун алайх).
Абу Масъуд Укба ибн Амр Бадрий р.а. риваят кылат:
جَاءَ رَجُلٌ إلى النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عليه وسلَّمَ، فَقالَ: إنِّي لَأَتَأَخَّرُ عن صَلَاةِ الصُّبْحِ مِن أجْلِ فُلَانٍ؛ ممَّا يُطِيلُ بنَا ، قالَ: فَما رَأَيْتُ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عليه وسلَّمَ غَضِبَ فِي مَوْعِظَةٍ قَطُّ أَشَدَّ مِمَّا غَضِبَ يَوْمَئِذٍ، فَقَالَ: يا أيُّها النَّاسُ، إِنَّ مِنْكُمْ مُنَفِّرِينَ, فَأَيُّكُمْ أَمَّ النَّاسَ فَلْيُوجِزْ, فَإِنَّ مِنْ وَرَائِهِ الْكَبِيرَ وَالضَّعِيفَ وَذَا الْحَاجَةِ
«Бир киши Пайгамбар с.а.в.дын алдына келип: «Баланча себептүү мен багымдат намазына кечигип келемин, ал узартып жиберет», – деди. Пайгамбар с.а.в.дын эч бир мавъизаларында ошол күнкүдөй ачууланганын көрбөгөнмүн. Ошондо: «Эй адамдар, айрымдарыңар адамдарды динден бездирип коюп жатышат. Кайсыл бириңер адамдарга имамдык кылса, кыска кылсын. Себеби, анын аркасында карылар, майыптар, кажаттуулар бар», – деди» (муттафакун алайх).
Айша р.а. риваят кылат:
«قَدِمَ رَسُولُ اللَّهِ صلى الله عليه وسلم مِنْ سَفَرٍ, وَقَدْ سَتَرْتُ سَهْوَةً لِي بِقِرَامٍ فِيهِ تَمَاثِيلُ, فَلَمَّا رَآهُ رَسُولُ اللَّهِ صلى الله عليه وسلم هَتَكَهُ وَتَلَوَّنَ وَجْهُهُ وَقَالَ: يَا عَائِشَةُ, أَشَدُّ النَّاسِ عَذَابًا عِنْدَ اللَّهِ يَوْمَ الْقِيَامَةِ الَّذِينَ يُضَاهُونَ بِخَلْقِ اللَّهِ»
«Пайгамбар с.а.в. сапардан келгенде (ойной турган топ) таштарымды айкелдердин сүрөтү бар кызыл шейшеп менен бекиттим. Аны көрүп жыртып таштады жана өңү өзгөрүп: «Эй Айша, кыямат күнүндө Аллахтын алдында эң катуу азаптала турган кишилер жаратуучулукта Аллахка окшомокчу болгон кимселер», – деди» (муттафакун алайх).
- Момундар жөнүндө жакшы күмөндө болуу:
Аллах Таала айтат:
لَّوۡلَاۤ إِذۡ سَمِعۡتُمُوهُ ظَنَّ ٱلۡمُؤۡمِنُونَ وَٱلۡمُؤۡمِنَـٰتُ بِأَنفُسِهِمۡ خَیۡرࣰا
– “(Эй момундар), силер (ал жалааны) уккан убагыңарда момундар жана муминалар бири-бирлери жөнүндө жакшы күмөндө болсо болбос беле?!”. [24:12]