Автоунаалар милдеттүү камсыздандырылат

113
0

Автоунаалар милдеттүү камсыздандырылат

Автоунааларды кайра каттоодо милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө келишим (ОСАГО) талап кылынат. Бул тууралуу министрлер кабинети токтом чыгарды. Токтом расмий жарыялангандан кийин 15 күндө күчүнө кирет. Унааны милдеттүү камсыздандыруунун баштапкы баасы жылына 1680 cом.

Бийлик автоунаасын камсыздандырбаган айдоочуларга мурда айып салууну пландап, бирок улам жылдырып келген. Акыркы жолу 2025-жылга чейин жылдырылган болчу.

Кыргызстанда башка өлкөдө катталган унааларды 1-апрелден тартып милдеттүү камсыздандыруудан өткөрүү эрежеси күчүнө кирген. 1-июлдан тартып автоунаасын камсыздандырбаган чет өлкөлүк жарандар жана ишканалар да айып пул төлөй турган болгон.

Комментарий:

Кыргызстанда катталган менчик автоунааларды 2024-жылдын 1-январынан тартып милдеттүү камсыздандыруудан өткөрүү боюнча мыйзам кабыл алынган. Аталган мыйзамга калк каршы чыккандыктан өкмөт аны артка жылдырууга мажбур болгон. Мыйзамга ылайык, камсыздандыруу полисин албаган айдоочуларга 3 миң сом, мекемелерге 13 миң сом айып пул салынмак. Мамлекеттик каржылык көзөмөл мекемеси камсыздандыруу полисинин баштапкы баасы 1680 сом экенин, баа машиненин түрүнө, айдоочунун жаш курагы менен тажрыйбасына жана ал жол кырсыктарына канчалык көп учураганына жараша өзгөрүп турарын билдирген.

Учурда Кыргызстанда 1 мамлекеттик, 9 жеке компанияга айдоочуларга камсыздандыруу полисин берүүгө лицензия берилген. Статистикалык маалыматтар боюнча, Кыргызстанда 1млн 400 миң автоунаа бар. Орто эсеп менен, булардын ар биринен полис үчүн 2 000 сомдон топтолгондо эле 2 млрд 800 млн сом болот. Бул сумма компаниялардын жылдык кирешеси болуп саналат. Ал эми, бул компаниялардын жылдык чыгашасы 300 млн сомго да жетпейт. Демек, расмий өкмөт өз чөнтөктөштөрү миллиарддаган пайда табуусу үчүн калктын жонунан кайыш тилүүгө аракет кылып жатат.

Буга кошумча, компания банкрот болбошу үчүн төлөмдөр белгилүү бир суммага чектелген. Мисалы, бирөөнүн кымбат автоунаасына 1млн сомдук зыян келтирсең, сени камсыздандырган компания анын 150 миң сомун гана төлөп берет. Калганын өзүң төлөшүң керек. Демек, ОСАГО мыйзам долбоору адамдарга камкордук кылуу үчүн иштелип чыгылбастан, балким, капиталисттик компанияларга калк каражатын топтоп бериш үчүн иштелип чыкканы ачык-айкын көрүнүп турат.

Эң негизгиси милдеттүү камсыздандыруу мусулмандар үчүн арам. Эгер милдеттүү камсыздандыруу келишимин текшерип чыксак, анын эки тараптан шариятка тескери экендиги айкын болот:

Биринчиден, ал бүтүм. Себеби, ал эки тарап ортосундагы келишим болуп, сунуш жана кабыл алууну өз ичине алат. Сунуш камсыздандыруучу тарабынан, кабыл алуу болсо компания тарабынан болот. Демек, бул бүтүм шариятка дал келиши үчүн келишимдин шарттарын камтышы керек. Шаръий бүтүм нерсенин өзүнө же кызыкчылык негизине түзүлүшү керек. Ал эми, өкмөт сунуштап жаткан камсыздандыруу милдеттүү түрдө болгондуктан, айдоочулардын анда кызыкчылыгы да жок, алар тарабынан сунуш да болбогон. Бул болсо батыл келишим эсептелип, шарият ага тыюу салган.

Экинчиден, компаниянын өзгөчө шарттар астында камсыздандыруучуга убада бериши – кепилдик түрүнөн болуп саналат. Камсыздандырууда бул кепилдик шарттарынын бири да табылбайт.

Демек, акимдер арам жол менен капиталисттерди байытуунун ордуна Ислам өкүмдөрүн колдонуп, мусулмандардын каражаттарын өндүрүшкө, өнөр-жайга, завод жана фабрикалар курууга багытташы керек!

Нурдин Асаналиев

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here