Кезектеги кыргын жана исламий армиялардын тизмесиндеги кезектеги кара так!

2880
10

Басма сөз баянаты

Кезектеги кыргын жана исламий армиялардын тизмесиндеги кезектеги кара так!

Яхудий вужуду Газа секторунун түштүгүндө кезектеги кыргынды жасады. Бул сапар кыргын Хан Юнустун батышындагы Мавасий регионунда болду. Акыйкатта болсо, баскынчы күчтөр ал жерди коопсуз аймактардын катарына киргизген эле. Чабуулда шахид жана жарадар болгондордун саны 350дөн ашты. Мындан тышкары, яхудийлер Шаты лагериндеги мечитте да кыргын жасашты. Анда 17 киши шахид болду. Яхудий вужуду качкындардын чатырларын бутага алган сокку себептүү шахиддердин жасаддары жана жарадарлар көчөлөргө чачылды. Газа саламаттыкты сактоо министрлиги 2024-жылы 13-июлда түштөн кийин саат бирде берген билдирүүдө Хан Юнустун батышындагы Мавасий регионундагы чабуулда кеминде 71 киши шахид болгону, 289 киши жарат алганы, ахвалы ооорлор бар экени жана шахиддердин көбөйүп жатканы айтылды. Жасаддарды ооруканаларга алып баруу уланып жатканына караганда, шахиддердин саны жүзгө жетиши мүмкүн. Чабуулдардын биринде урандылар астындагыларды куткаруу менен шугулданган жарандык коргонуу экипажы да бутага алынды жана алардын бир канчасы шахид болду.

Яхудий вужудунун премьер-министри Бинямин Нетаняху басма сөз жыйынында Мавасий операциясын Шабакка сунуштагандан кийин уруксат бергенин, абадан чабуул жасалган жерде уурдалган жарандардын жок экени туурасында кабардар болгонун айтты. Нетаняху аба чабуулдарынан максат Фалестин жетекчилерин жок кылуу болгонун билдирди. Муну менен ал жана жалданган маалымат каражаттары бул кыргындарда набыт болгон бейкүнөө жана коргоосуз катардагы адамдардын массалык түрдө кыргын кылынганын билмексен болду. Мисир жана Иордания сыяктуу өлкөлөрүбүздөгү офицерлер бул нерсени көрүп каны кайнабай жатабы?!

Яхудий вужуду каршылык кыймылын жок кыла албады. Яхудийлер бул согушка кирип, бирок андан чыга албай, мужахиддерди токтото албай жатат. Мындан улам ал эл аралык колдоп-кубаттоодон, кошуна жана башка мамлекеттердеги сакчы өкүмдарлардын тил бириктирүүсүнөн ырахат алып жатат. Бул вужуд эч кимди теңи албастан, ушул мубарек жердеги элибизди кыргын кылууда мыйзамдуулук алып, Газа менен Батыш Жээкте жаш бала, аял жана карыя мусулмандарды болуп көрбөгөн жырткычтык, жада калса айбандар да кылбаган жырткычтык менен кыргын кылып жатат. Алар ар кандай тирүү жанзатты бутага алып, жаш-карыларды, аялдарды жана балдарды ырайымсыз кыргын кылууда. Яхудийлер эл чогулган жерлерди, башбаанектерди, ооруканаларды, жарандык коргонуу объектилерин атайы бомбалап жатат. Яхудий вужуду тирүү калууга жардам берген ар кандай каражаттардын же сабыр менен турууга жардам берген нерселердин киришине атайлап тоскоолдук кылууда.

Яхудийлер Газа секторун жана анын элин аёосуз изоляция кылууда. Бул алсыз, начар жана коркок армия жөнүндө Аллах Таала мындай деген:

﴿لا يُقَاتِلُونَكُمْ جَمِيعاً إِلَّا فِي قُرًى مُحَصَّنَةٍ أَوْ مِنْ وَرَاءِ جُدُرٍ بَأْسُهُمْ بَيْنَهُمْ شَدِيدٌ تَحْسَبُهُمْ جَمِيعاً وَقُلُوبُهُمْ شَتَّى ذَلِكَ بِأَنَّهُمْ قَوْمٌ لَا يَعْقِلُونَ﴾

«Алар (мунафык жана яхудийлер) биргелешкен абалда, силер менен жалгыз калаа-коргондуу айылдар ичинде (бекинип) же дубалдар артында гана согуш кыла алышат (тактап айтканда эч качан силерге каршы ачык согушка чыга алышпайт). Алар өз араларында күчтүү-кубаттуу (тактап айтканда, согуш-уруш болбостон туруп, өз-ара күч-кубаттуу экендиктери тууралуу апырта беришет, бирок согуш убагында алар алсыз-коркоктор. Ооздорундагы сөздөрүнөн) аларды биримдүү деп эсептейсиң, (бирок) жүрөктөрү ар түрдүү. Буга себеп, алардын акылсыз коом экендиктери»  

                                                                                                                                [59:14]

Яхудийлер жашоону абдан жакшы көрүшөт. Элестеткиле, эй, мусулмандар, эң ыплас коом кыргын артынан кыргын кылып Газа элин кырып салууга жана ачка калтырууга, тирүү калууга жардам берген ар кандай нерседен куру жалак калтырууга умтулуп жатат. Булардын баары исламий өлкөлөрдүн кичине бир бөлүгүндө болууда! Силер болсо Расулуллах ﷺ бир дене, бир жан, денинин бир жери ооруса, анын калган мүчөлөрү да ысытмалап реакция билдиришин айткан Ислам Умматысыңар, бирок бул ыплас коомго каршы согушпай жатасыңар:

﴿وَمَا لَكُمْ لَا تُقَاتِلُونَ فِي سَبِيلِ اللهِ وَالْمُسْتَضْعَفِينَ مِنَ الرِّجَالِ وَالنِّسَاءِ وَالْوِلْدَانِ الَّذِينَ يَقُولُونَ رَبَّنَا أَخْرِجْنَا مِنْ هَذِهِ الْقَرْيَةِ الظَّالِمِ أَهْلُهَا وَاجْعَل لَّنَا مِن لَّدُنكَ وَلِيّاً وَاجْعَل لَّنَا مِن لَّدُنكَ نَصِيراً﴾

«Силерге эмне болду, Аллах жолунда жана «Роббибиз, бизди ээлери залим болгон бул шаардан азат кыл жана бизге Өз алдыңдан бир дос бергин, бизге Өз алдыңдан бир нусрат-жардамчы кылгын», деп жаткан эркектер, аялдар жана балдардан турган алсыздар үчүн согушпай жатасыңар?!»                                                                                                               [4:75]

Эй, Ислам Умматы, бир дене, бир жан болууну көрсөтүү үчүн силердин реакцияңар кана?! Курал-жарагыңар жана аскериңер жокпу?! Уламаларыңар, командачыларыңар жана таасирдүү кишилериңер кана?! Эмнеге чыгып, армияларыңарды боордошторуңарга нусрат берүүгө багыттабай жатасыңар?! Изз ибн Абдуссаламдын сыйратын окубагансыңарбы?! Эй, мусулман кошуундары, качанга чейин унчукпай турасыңар, деги, Газа жок кылынууда, яхудийлер мубарек жерде яхудий мамлекетин арзуу кылып зомбулуктарын улантышууда?! Эмнени күтүп жатасыңар?! Бүткүл Фалестин калкы жок кылынышын жана яхудийлердин байрагы Аксада желбирешин, жада калса алардын колу Фалестинден тышкарыга чейин жетишин күтүп жатасыңарбы?!

﴿وَإِنْ تَتَوَلَّوْا يَسْتَبْدِلْ قَوْماً غَيْرَكُمْ ثُمَّ لَا يَكُونُوا أَمْثَالَكُمْ﴾

«Эгер силер (Аллахка итаат кылуудан) жүз үйрүп кетсеңер, Ал (ордуңарга) силерден башка бир коомду алмаштырып коёт, андан кийин алар силерге окшош болбойт!»                            [47:38]

 Хизб ут-Тахрирдин борбордук маалымат

бөлүмүнүн аялдар канаты

 

10 COMMENTS

  1. Comprehensive pill overview. Latest medicine news.
    [url=https://propeciameds.online/#]buy propecia online without prescription[/url]
    Patient drug facts. Get details now.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here