Халифалык жок болгон заманда кылмышкер яхудий вужуду Шам жана Яманыбызга чабуул кылды

1338
0

Басма сөз баянаты

Тил бириктирген режимдердин көлөкөсүндө, тыйып коё турган Халифалык жок болгон заманда кылмышкер яхудий вужуду Шам жана Яманыбызга чабуул кылды

Яхудий вужудунун учактары Яманга бир катар аба чабуулдарды уюштурду. Кече яхудий вужудунун коопсуздук кабинети өз жыйынында Яманга жасала турган чабуулду макулдаган эле. Андан соң аба чабуулдарында Хадида портундагы нефть жана электр станция объектилери бутага алынды.

Яхудий вужуду Фалестинге жана анын калкына каршы кылмыштарды жасап, зомбулук, душмандык, бузгунчулук, кыргын жана ыйык жайларды тебелөө менен чектелбеди. Анын ыплас колдору улам созулуп, күн сайын узарууда, мына, бүгүн ыйман жана хикмат өлкөсү болгон Яманга жетти. Бул яхудийлер мусулмандардын канын каалагандай төгүп, жерлерин каалагандай өрттөп күл кылып, мактанып калышты. Яхудий армиясынын министри: «Яманга соккуну бүткүл Жакынкы Чыгыш көрдү, керек болсо аларга да сокку беребиз», – деди! Эгер, коркоктукта баарынан озгон, сүкүт, кыянат жана тил бириктирүүдө чегин билбеген малай мусулман өкүмдарлары болбогондо, бул коркок жана кор яхудийлер чабуулдарды кеңейте албайт эле, опузалай албайт эле жана «тыйып коюу» менен мактанышмак эмес.

Исламий өлкөлөрдүн өкүмдарлары Умматка эч бир корголгон чегара, коркуу салган тарап же алардын жанын жана намысын коргогон кызыл сызык калтырышпады. Бул коркок яхудий вужуду Яманга биринчи жолу чабуул кылып жаткан болсо да, мындан мурун Фалестинде кан төгүп, Масжидул Аксанын ыйыктыгын тебеледи. О.э. ал Ливанга жана эч кандай жооп кайтарбай, «жооп кайтаруу укугун» өзүндө сактап келе жаткан Сирияга да чабуул кылды! Яхудий вужудунун учактары мурун Синай, Тунис жана Суданга да чабуул кылган. Башка өлкөлөрүбүзгө али яхудийлердин октору жана бузгунчу колдору жетпеген болсо, алар кийинки чабуулдарына кезек күтүп турушат. Себеби бул өкүмдарлардын начарлыгы, кордугу жана тил бириктирүүсү калган өлкөлөргө да яхудий вужудунун бузгунчулугу жана жамандыгы жетишин кечиктирбейт.

Эй, мусулмандар, эй, мусулман аскерлери, офицерлери жана куралдуу күчтөрү!

Силер ыймандуу жана кайраттуу бир Умматсыңар. Саныңар да көп, билегиңер да кубаттуу. Силерди Аллах жана диниңер менен күч-кубаттуу кылган нерсе – бул акыйдаңар. Аллах акысы, айткылачы, маймыл жана доңуздардын достору Шамыңарда силерди жазалашына жана Яманыңарда силерге сокку беришине ыраазы болосуңарбы?! Каныңар төгүлүшүнө жана намысыңар тебеленишине сүкүт кылган, силерге каршы душманыңарга жардам берген өкүмдарларыңарга кантип сүкүт кыласыңар?!

Бул баскынчы вужудду тыйып коё турган, душмандык менен сунулган колдорун кесе турган, тамыры менен кулатып, карамүртөздүгүнө бүтүндөй чекит коё турган халифаңар жок болгондуктан ал бузгунчулук кылып жатат, ага каршылык көрсөткөндөрдү элге көрсөтүп жазалап жатат. Коркок жана суу жүрөк өкүмдарларыңар силер үчүн калкан, душманыңарга каршы найза да боло албайт. Алар яхудий вужудунун кылмыштарына чөгөлөө, кордук, дагы да көбүрөөк моюн сунуу менен жооп беришет. Туурасы, алар парда артындагы тил бириктирүүчүлөр. Ошондуктан аларды кулатуу жана алардан кутулуу, Аллахтын динин тикелөөчү, Аллах жолунда жихад кылуучу, Аллахтан башка эч кимден коркпогон кайраттуу жана ыймандуу бир жетекчини, т.а. халифаны дайындоо толук зарылдыкка айланды. Ошондо гана зыяны, карамүртөздүгү жана кол салуусу Фалестин жана анын калкынан өтүп, айланадагы баарына таасир кылып жаткан бул кылмышкер вужудду жок кылабыз.

﴿وَلَيَنصُرَنَّ اللهُ مَن يَنصُرُهُ إِنَّ اللهَ لَقَوِيٌّ عَزِيز﴾

«Албетте, Аллах Өзүнө (динине) жардам бергендерди үстөм кылат. Шек-күмөнсүз Аллах күчтүү, кудуреттүү»                                                                                                    [22:40]

 Хизб ут-Тахрирдин

мубарек Фалестин

жериндеги маалымат бөлүмү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here