Газа кыргынын каралашы алар башка кыргындарды макулдашын түшүндүрөт

1757
0

Басма сөз баянаты

Исламий өлкөлөрдүн өкүмдарлары жана эл аралык коомчулуктун айрым жетекчилери Газа кыргынын каралашы алар башка кыргындарды макулдашын түшүндүрөт

2024-жылы 13-июль күнү яхудий вужуду Газа секторунун Хан Юнус шаарынын батышындагы Мавасий регионунда кезектеги үрөй учурган кыргын жасады. Кыргында 90дон ашуун адам шахид болуп, 300дөн ашуун адам жарадар болду. Алардын жырымы аялдар жана жаш балдар. Бул сан яхудийлер 2023-жылы 7-октябрдан бери Америка көмөгүндө Газада жасап келе жаткан кылмыштардын катарына кошулду. Эң азайтылган божомолдорго ылайык, шахиддер жана жарадарлардын саны 127 миңге жетти, алардын көпчүлүгү аялдар жана жаш балдар. 10 миңден ашуун инсан урандылар астында калып, дарексиз жоголду. Ондогон балдар ачарчылыктан набыт болду.

Яхудий вужуду Газада ырайымсыз кыргындарды баштагандан бери мусулман өкүмдарларынан жана башка айрым жетекчилерден бул нерселерге жооп иретинде каралоо жана эл аралык укукту урматтоого чакырууну гана угуп жатабыз! Ушул каралоо жана нааразылык билдирүүдөн турган саясий оюндар адамдарды алдоо жана коомдук пикирди багыттап, адаштыруу үчүн болжол менен эки ай мурун Рафах басып алынганга чейин уланды. Америка яхудий вужудунан ашынып кыргын кылбастыгын, т.а. жүздөгөн эмес, ондогон инсанды өлтүрүшү мүмкүндүгүн каалагандан кийин бул каралоолор да токтоду! Ошондуктан коңшулаш мамлекеттерден жана айрым Батыш мамлекеттеринен каралоолорду уккан болсок да, алыстагы көптөгөн исламий өлкөлөрдөн жада калса каралоону да укпадык. Куфрдун башы болгон Америка шайлоо менен алек болгону үчүнбү же бул кыргын капыстан болду, буга окшогон кыргындар башка кайталанбайт деп ойлогону үчүнбү, бул кыргын жөнүндө сүкүт сактады.

Көптөгөн араб мамлекеттери баскынчы күчтөрдүн Газа секторунун түштүгүндөгү Мавасий кыргынын каралап, фалестиндиктерди коргоого жана яхудий мамлекетин жоопкердикке тартууга чакырышты. Иордания тышкы иштер министрлиги өз билдирүүсүндө «Амман (Израилдин) Газа секторуна ырайымсыз кол салуусун, туруктуу түрдө катардагы адамдарды жана качкындар лагерлерин бутага алып жатканын кескин каралашын» баса белгилеп, «бу чабуулдардын акыркысында баскынчы (Израиль) күчтөрү Хан Юнуста, (Израиль) өзү коопсуз деген аймакта качкындардын чатырларын бутага алганын, натыйжада ондогон фалестиндиктер шахид болгонун» билдирди. Ишемби күнү Мисир тышкы иштер жана миграция министрлиги берген билдирүүдө Мисир яхудий вужудунун Мавасий аймагын бомбалаганын кескин каралап, коргоосуз калган адамдардын өмүрүн төмөн баалоону токтотууга, тийиштүү гуманитардык стандарттарды, эл аралык укук жана эл аралык гуманитардык укук эрежелерин карманууга чакырды. Ушул контекстте Сауд Арабиянын тышкы иштер министрлиги королдук «(Израилдин) согуш машинасы Фалестин калкын кыргын кылып, бул кыргындардын акыркысы Газа секторунун түштүгүндөгү Хан Юнустагы качкындар лагеринде болгон геноцидди кескин каралашын» билдирди. О.э. Сауд Арабия яхудий вужуду эл аралык гуманитардык укукту жана эл аралык мыйзамдуулук резолюцияларын туруктуу бузуп келгени үчүн эл аралык жоопкердик механизмдерин ишке киргизүү зарылдыгын баса белгиледи. Түркия тышкы иштер министрлиги да яхудий вужуду Мавасий аймагында уюштурган чабуулдар «(Израиль) премьер-министри Бинямин Нетаняху өкмөтүнүн бардык фалестиндиктерди жок кылууга багытталган иш-аракеттеринин уландысы» экенин баса белгиледи.

Мубарек Фалестин жеринде яхудий турак-жайлары долбоорунун колдоочусу болгон Батыш мамлекеттеринин реакциясына келсек, Британия тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы: “Лондон Мавасий чабуулу жөнүндөгү кабарлардын жакындан күзөтүүдө”, – деди. О.э. ушул министрлик «узакка созулуп, жан чыдагыс өлүм жана кырсыкка себеп болуп жаткан бул жаңжалдын бүтүшүн көрүүнү кааларын» баса белгиледи.

Ошентип, бул мамлекеттер яхудий вужуду күн сайын Батыштын бомбалары жардамында ишке ашырып жаткан кыргындарда эч кандай жамандыкты көрүшпөдү, яхудий вужудунун жүздөгөн кишилерди кыргын кылышын гана макулдашпады. Алар муну менен адамдардын каны, убакыттын өтүшү менен аларды туруктуу жана аста-секин өлтүрүү аларды тынчсыздантпастыгын, «массалык» кыргындар Умматты жарылуу чекитине алып келишин гана каалабастыгын ырасташты! Бул шерменде позиция Уммат Газадагы өз калкына жардам бера албай, Уммат армиялары бул кыргындар алдында кишенделип же көрөрман болуп унчукпай турган көрүнүштө болууда. Алардын сүкүт сакташына Расулуллах ﷺдын ушул сөзү туура келет:

«مَا مِنْ امْرِئٍ يَخْذُلُ امْرَأً مُسْلِمًا عِنْدَ مَوْطِنٍ يُنْتَقَصُ فِيهِ مِنْ عِرْضِهِ وَيُنْتَقَصُ فِيهِ مِنْ حُرْمَتِهِ، إِلاَّ خَذَلَهُ اللهُ تَعَالَى فِي مَوْطِنٍ يُحِبُّ فِيهِ نُصْرَتَهُ. وَمَا مِنْ أَحَدٍ يَنْصُرُ مُسْلِمًا فِي مَوْطِنٍ يُنْتَقَصُ فِيهِ مِنْ عِرْضِهِ وَيُنْتَهَكُ فِيهِ مِنْ حُرْمَتِهِ إِلاَّ نَصَرهُ اللهُ فِي مَوْطِنٍ يُحِبُّ فِيهِ نُصْرَتَهُ»

«Бир мусулман башка бир мусулмандын укугу жана абройу тебеленип жаткан жайда ага жардам бербесе, ал Аллахтын жардамына муктаж болгон жайда Аллах да аны жардамсыз калтырат. Бир мусулман башка бир мусулмандын укугу жана абройу тебеленип жаткан жайда ага жардам берсе, ал Аллахтын жардамына муктаж болгон жайда Аллах да ага жардам берет».

Эй, мусулмандар, эй, Уммат кошуундары!

Биз исламий өлкөлөрдөгү өкүмдарларга ишенимди бүтүндөй жоготтук, араңарда мындан башкача ойлогон же алардан жакшылык күткөн киши бар деп ойлобойбуз. Ошондуктан Газадагы элиңерге нусрат-жардам берүү башкаларга эмес, силерге фарз болду. Өз армияңардагы калыс момундарды согушка үндөө Умматка фарз болду. Демонстрация жана кыйкырыктар Уммат кошуундары алардан нусрат талап кылынып жатканын угушу жана өз калкы алдындагы милдеттерин аткарышы үчүн болушу керек. Ушул демонстрация жана митингдер армия командачылыгы алдында өткөрүлүшү керек, арак жана мас кишилерге толгон сарайлар алдында эмес, себеби алар сезимдерин да, кайратын да жоготушкан. Билип койгула, өз элин эч качан алдабаган Хизб ут-Тахрир силер менен жана силердин араңарда. Ал бийликти алып, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыкты тикелөө жана кошуундарды мубарек Фалестин жерин, Аксаны, Исро жана Миърож жерин азат кылууга сапарбар кылуу үчүн күч-кубат ээлеринин нусрат-жардам беришин күтүп, даяр болуп турат. Аллах Таала айтат:

﴿اسْتَجِيبُوا لِرَبِّكُمْ مِنْ قَبْلِ أَنْ يَأْتِيَ يَوْمٌ لَا مَرَدَّ لَهُ مِنَ اللهِ مَا لَكُمْ مِنْ مَلْجَأٍ يَوْمَئِذٍ وَمَا لَكُمْ مِنْ نَكِيرٍ﴾

«(Эй, инсандар), Аллах тарабынан эч кайтарым болбой турган Күн келип калуусунан мурун Раббиңерге моюн сунгула! Ал Күндө силер үчүн эч бир кача турган жай да болбойт жана силер үчүн (кылып өткөн күнөөңөрдү) тануу (мүмкүнчүлүгү) да болбойт»                                    [42:47]

 Хизб ут-Тахрирдин

борбордук маалымат бөлүмү

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here