Жер жутсун бул капитализмди!

714
15

Жер жутсун бул капитализмди!

Дүйнөдө байлар ого бетер байып жаткан бир мезгилде глобалдык ачарчылык жана жакырчылык күндөн-күнгө күчөп барууда. Натыйжада дүйнөдөгү ар бир 11 кишинин бири ачарчылыкта жашап жатат.

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын аткаруучу директору Синди Маккейн дүйнө жүзүндөгү ар бир адамды тойдуруу үчүн жетиштүү көлөмдө азык-түлүк өндүрүлүп жатканын, бирок ошого карабастан, жүз миллиондогон адамдар ачарчылыктан азап тартып жатканын баса белгиледи. Анын айтымында, акыркы төрт жылдын ичинде 40ка чукул мамлекетте азык-түлүктүн баасы кеминде 50 пайызга кымбаттап, көптөгөн үй-бүлөлөр негизги тамак-аш продукцияларын ала албай жатышат.

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жарыялаган отчётто келишинче, дүйнөдө болжол менен 733 миллион киши 2023-жылды ачарчылыкта өткөргөн. БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш ушул тема боюнча видео кайрылуусунда ачарчылык, азык-түлүк коопсуздугу жана курсагы тойгончо тамактана албастык сыяктуу проблемалар глобалдык кризис болуп жатканына о.э. отчёттор бул акыйкатты дагы бир жолу ачыктап жатканына көңүлдү бурду.

Комментарий: Бүгүнкү күндө алдыңкы технологиялар аркылуу жер алдындагы жана жер бетиндеги үлкөн байлыктарды өндүрүү, алардан өнүмдүү пайдалануу тарыхта болуп көрбөгөндөй эң жогорку деңгээлге жеткенине карабастан, жакырлар менен ачарчылыктан азап тартып жаткандардын саны көбөйүп барууда. Албетте буга шек-күмөнсүз капитализм түзүмү себепкер. Себеби, капитализм жалаң гана өндүрүүгө көңүл бурат. (Муну жогорудагы Синди Маккейндин сөздөрү да тастыктап турат). Бөлүштүрүүнү болсо ач көз капиталисттердин колуна тапшырып коёт. Мындан тышкары, капиталисттик түзүм эч бир көзөмөлсүз байлыктын артынан түшүүгө шыктандырат жана дүйнө байлыктары бир ууч капиталисттердин колуна өтүп калышына кеңири жол ачып берет. Мисалы, капиталисттик башкаруу бүт дүйнөнү ээлеп алган бүгүнкү күндө болгону бир пайыз адам дүйнө байлыктарынын дээрлик жарымын ээлеп алган.

Эл аралык финансы институтунун маалыматтарына таянсак, дүйнөдөгү байлыктар байлардын колуна өтүшү өсүп барууда. Форбс журналы апрель айында жарыялаган миллиардерлер индекси боюнча, былтыр дүйнөдө миллиардерлердин саны дагы 141 кишиге көбөйгөн. О.э. журналдын 2024-жылдагы миллиардерлер тизмесине Түркиядан 27 киши кошулду. Негизи, Түркияда социалдык жардам алган үй-бүлөлөрдүн саны 4 жылдын ичинде 52 пайызга өсүп, 4,99 миллионго жетти. Ар бир 5 үй-бүлөнүн бири социалдык жардам алат. Үй-бүлөнү колдоо программасыына ылайык, 3,4 миллион үй-бүлө жакырчылыктын төмөнкү чегинде жашайт.

Бүгүн дүйнө жүзүндөгү бардык адамдар, дүйнөнүн кайсы континентинде болбосун, адилетсиздиктер, жабыр-зулумдар жана зулматтар агымында жашап, капитализмдин азабын тартууда. Алар болгону күн өткөрүү үчүн гана эртеден-кечке тынымсыз иштешет. Миллиарддаган адамдар бир ууч капиталисттердин кызматчысына айланган.

Мындай илдеттен кутулуунун бирден-бир жолу – бул Ислам экономикалык түзүмүн колдонуп, табигый байлыктарды адилеттүүлүк менен бөлүштүрө турган жана адамдарга адам катары камкордук кыла турган Халифалык мамлекетин тикелөө. Анткени, бул мамлекет бүт дүйнөнү ачкөз капитализмдин баткагынан куткарып, адамзаттын рахмат жана адилеттүүлүккө жетүү арзуусун ишке ашырат.

Зохид Заргар

15 COMMENTS

  1. Medicine essentials explained. Pill essentials explained.
    [url=https://buyedxpills.store]buy ed pills with no prescription[/url]
    Patient drug info. Latest medicine developments.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here