Украина согушу – эл аралык масштабдагы регионалдык согуш

488
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Украина согушу – эл аралык масштабдагы регионалдык согуш

 Доктор Мухаммад Жийланий

Россия 2022-жылы 24-февралда Украинанын НАТОго кошулушун алдын алууну шылтоолоп Украинага интенсивдүү чабуул баштады. Кошмо Штаттар Европадагы союздаштарын Россия Украинада согуш башташы мүмкүн деп эскерткен эле. 2021-жылы июнда Байден Женевада Путин менен жолугушту. Жолугушууда эки тарап тынчтыкты сактоо үчүн стратегиялык туруктуулук жана кызматташуу маанилүү экенин баса белгилешти. Бирок, эки тараптын ортосундагы бул келишимге карабастан, Россия Украинага кеңири көлөмдүү согуш баштап, Донбасс вилаятын ээлеп алды. Согуш дале уланууда жана Европанын башка өлкөлөрүнө да кеңейет деген кабатырлануулар күчөп жатат.

Саясий көз караштан караганда, бул сыяктуу тынчсызданткан сөздөрдү Россиянын Батышты коркутуусу десе болот. Түпкүлүгүндө, бул жердеги Батыш түшүнүгү Европа менен чектелип, Американы өз ичине албайт. Россия Советтер Союзунун стратегиялык жана аскерий жактан табигый мураскору катары АКШ менен стратегиялык туруктуулук жөнүндө – айрыкча ядролук куралдар боюнча – кол койгон келишимдерди аткарып келет.

Америка саясий чөйрөсүндө Украина согушу жөнүндөгү талкуулар күчөгөндө, анын саясатчылары согуштун таасири Европаны өз ичине алышын, Америкага болсо жетпестигин ачык айтуудан тыртынышпай жатат. “Нью-Йорк Таймс” гезити 2022-жылы 21-октябрда Байдендин Конгресстеги Республикачыларга раддия билдирип мындай дегенин жарыялады: «Алар Украина согушунун көлөмүн түшүнбөй жатышат. Бул согуш Украинадан алыска созулат. Ал Чыгыш Европа жана НАТО үчүн кооп-коркунуч. Алар (Республикачылар) АКШнын тышкы саясатын түшүнүшпөйт». Бул сөзү менен Байден Украинадагы согуш түпкүлүгүндө (Чыгыш) Европа жана НАТОну бутага алганына ишара кылууда.

Чынында, НАТО жөнүндө сөз кылуудан мурун Америка айрым Европа өлкөлөрүнүн НАТОдон чыгууга урунуп жатканынан жана Европа үчүн атайын коопсуздук уюмун түзүүгө аракет кылуусунан катуу корккон. Анткени Франция президенти Макрон 2019-жылы ноябрь айындагы билдирүүсүндө НАТО кома абалында болуп, азыр реанимация бөлүмүндө жатат деген. Европада Американын НАТО коргоосундагы глобалдуу коопсуздук боюнча гегемондугунан бөлөк коопсуздук күчтөрүн түзүү идеясын Европа өлкөлөрү арасында Франция көбүрөөк колдоп-кубаттайт. Бирок Украинага каршы согуш Европанын НАТОдон чыгуусуна жана көз карандысыз иш-аракет кылуусуна тоскоолдук кылды. НАТО башкы катчысы Йенс Столтенберг 2024-жылы 4-апрелде НАТО аскерий комитетинин төрагасы жана мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери катышкан жыйында: «Бүгүн НАТО болуп көрбөгөндөй чоң, кубаттуу жана ар тараптуу», – деди. Көптөгөн америкалык саясатчылар мурун НАТОну ушинтип сыпатташкан. НАТОнун комада болуп, реанимация бөлүмүндө жатканы жөнүндөгү сөздөн беш жыл өткөн соң НАТО Украина согушунан кийин дагы да күчтүү, уюшкан жана санагы көп альянска айланды!

Согуш Украина жеринде болуп жаткан болсо да, андан көздөлгөн алыскы максат Европа деп сыпаттоо “Нью-Йорк Таймс” гезитинин кабарчысы Томас Фридмандын оозунан чыккан. Бирок Россиянын Европаны бутага алуусу орустун оюнда жок. Себеби, Россия НАТО өлкөлөрүнүн бирине каршы согуш жарыялоо аны курбу жетпеген коалицияга каршы турууга мажбур кыларын жакшы билет. Ошондуктан ал суук согуш доорунан бери бул багытта кызыл сызыктан өтүүдөн этият болуп келет.

2022-жылы 31-майда, т.а. Россия согуш баштагандан үч айдан кийин Фридман “Нью-Йорк Таймс” гезитиндеги макаласында мындай деди: «Мен Путин Украинага бастырып кирди деп ойлодум. Мен жаңылыштым. Түпкүлүгүндө, ал Европаны басып алды». Бул Байдендин айткандарына жакын сөз болду. Томас Фридмандын дагы бир макаласында жана башка америкалык журналисттердин макалаларында айтылышынча, «Түндүк агым 2» газ линиясы Американы ар дайым кабатырга салып келген. Американы кабатырга салган нерсе бир тараптан, бул долбоор Россиянын Европадагы таасирин бекемдесе, экинчи тараптан, энергия булактары боюнча Европанын Америкага жана анын саясаты алкагындагы өлкөлөргө көз карандылыгын азайтат. 2022-жылы 8-февралда, т.а. согуштан бир нече күн мурун «CNN» каналы «Байден Түндүк агым 2 долбоорун жок кыла алабы» деген отчёттон цитатат келтирди. Наркы 15 миллиард доллардан ашкан бул долбоор боюнча жылына 55 миллиард куб метрден ашык газ өткөрүү күтүлгөн. Бул долбоорго 2015-жылы кол коюлгандан бери Америка аны токтотуу үчүн көп жолу урунду, бирок колунан келбеди, долбоордун ачылышы калган эле. Бирок согуш башталгандан кийин долбоор токтоп калды, кийин анын төрт линиясынын үчөөсү жардырылды, Россия Американы бул жардыруунун артында турат деп айыптады.

Кыскасы, Россиянын Европаны коркутуусу реалдуу. Бирок бул коркутуу Европага согуш жарыялоо же аны менен аскерий жаңжалга киришүү эмес. Кала берсе, Россия Советтер Союзу доорундагыдай саясий, мафкуравий жана аскерий мүмкүнчүлүктөргө ээ эмес. Россиянын Европаны коркутуусунан пайдаланып жаткан бирден-бир тарап Америка болууда. Анткени Америка Европаны өзүнүн каалоосуна моюн сундурууну көздөөдө, андан толук көз карандысыз болушуна жол бербей жатат. Мурун Америка өзүнүн эң касташкан атаандашы Советтер Союзу менен келишим түзүүдөн тартынбаган. Анткени экөөсү тең өзүнүн таасири астындагы региондорду сактап калууга умтулган. Американын таасири Батыш Европаны, Советтер Союзунун таасири Чыгыш Европаны камтыган.

Советтер Союзу ыдыраганынан (1991-жыл 26-декабрь) эки ай өтпөстөн 1992-жылы 7-февралда Европа Маастрихт келишимин түзүүгө шашылганына күбө болдук. Андан кийин Европа өлкөлөрү 1999-жылы өздөрүнүн акча бирдигин (еврону) басып чыгарууга келишишти.

Жыйынтыктап айтканда, Франция менен Германия жетектеген Европа Союзу өзүнө ылайык келген эл аралык кырдаалга кайтуу үчүн тийиштүү шарт табууга жана муну Европа өлкөлөрүнүн күчтүү Союзу аркылуу ишке ашырууга тынбай аракет кылды. Советтер Союзу ыдырап, эки гигант ортосундагы суук согуш бүткөндөн кийин Европа бул ыңгайлуу учурду тапкандай болду. Бирок Украина согушу Европаны өзүнүн “касташкан досу” болгон Американын кучагына кайра кайтууга жана анын коопсуздук байрагы астында калууга мажбур кылды. Европа өз заводдорун ишке түшүрүү жана ызгар сууктардан сактануу үчүн зарыл болгон энергия менен өзүн камсыздоодо кайра Америка жана анын саясий орбитасындагы өлкөлөргө таяна турган болду.

Корутунду катары ушуну түшүнүүбүз зарыл, ачык-айкын же жашыруун болсун, жүз берип жаткан бардык окуялар жана күрөштөр бир гана өткүнчү жана жалган кызыкчылык үчүн болууда, аларда мабдаий мафкуравий идея жок. Бул болсо эл аралык кырдаалды өзгөртүүнү чектеп жатат. Эл аралык кырдаал ар кандай көрүнүштө адилетсиз-залим болуп, миллиондогон инсандардын өмүрүн алып, бул үчүн таптакыр пикирлебестен бардык нерсени ойрон кылуудан кайра тарпай жатат, демек, бул күрөшкө гигант өлкө мисалындагы жетик мабданын киришинен башка арга калбады. Шек-күмөнсүз, ушул өлкө гана бүткүл дүйнөнү жана инсаниятты Американын жана анын касташкан душманы Россиянын жана атаандашы Европанын карамүртөздүгүнөн куткарат.

﴿لَقَدْ أَرْسَلْنَا رُسُلَنَا بِالْبَيِّنَاتِ وَأَنزَلْنَا مَعَهُمُ الْكِتَابَ وَالْمِيزَانَ لِيَقُومَ النَّاسُ بِالْقِسْطِ وَأَنزَلْنَا الْحَدِيدَ فِيهِ بَأْسٌ شَدِيدٌ وَمَنَافِعُ لِلنَّاسِ وَلِيَعْلَمَ اللهُ مَن يَنصُرُهُ وَرُسُلَهُ بِالْغَيْبِ إِنَّ اللهَ قَوِيٌّ عَزِيزٌ﴾

«Ант болсун, Биз Өз пайгамбарларыбызды анык далил-кереметтер менен жибердик жана алар менен бирге Китеп, ошондой эле адамдар адилеттүүлүктү тургузуулары үчүн тараза түшүрдүк. Дагы Биз темирди түшүрдүк-жараттык. Анда күч-кубат жана адамдар үчүн пайдалар бар. Аллах гайыпта турган абалында Өзүнө жана пайгамбарларына (Аллах жолунда жихад кылуу менен) жардам бере турган кишилерди билүү үчүн (темирди жаратты). Албетте Аллах Күчтүү, Кудуреттүү»                                                                                                                [57:25]

 Роя гезити, №501, 2024-жыл, 3-июль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here