Кыргызстанда автоунаалар милдеттүү техникалык кароодон өткөрүлөт

114
0

Кыргызстанда автоунаалар милдеттүү техникалык кароодон өткөрүлөт

Экономика жана коммерция министрлиги автоунааларды техникалык кароодон милдеттүү өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу токтом долбоору 1-августта коомдук талкууга коюлду.

Ички иштер министрлигинин маалыматында жыл башынан бери 1 млн 600 миң 691 унаа каттоодон өткөн. Ал эми заводдон чыкканына беш жылдан ашкан унаалар милдеттүү техникалык кароодон өткөрүлөт. Техникалык кароодон өтүшү керек болгон автоунаалардын жалпы саны 1 млн 259 миң 849га жетет. Өлкөдө 2012-жылдан тартып автоунааларды милдеттүү түрдө техникалык көзөмөлдөн өткөрүү талабы жокко чыгарылган.

Буга чейин Бишкек шаарынын мэриясы башка аймакта жана чет өлкөдө катталган автоунаалардын Бишкекке кирүү акысын, калаада ижарага берген электрондук чыгырык сыяктуу транспорттордон акча алууну сунуштаган. Маселен, Бишкек шаарынын аймагына шаардан башка аймактарда катталган автотранспорттун кириши үчүн жыйымдын өлчөмү жеңил унааларга 50 сом, чет өлкөлүктөргө 200 сом деп сунушталууда. Унаанын орундугуна жана салмагына жараша төлөмдүн көлөмү көбөйүп бара берет.

Мындан тышкары, мэрия Бишкек менен Ош шаарларында унааларды көчөгө график менен чыгарууну сунуштап, графикти бузган жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом айып салууну көздөп жатат.

Булардан маалым болгондой, кыргыз бийлиги бир катар салык жана төлөмдөрдүн санын көбөйтүү менен калктын жонунан кайыш тилип жатат. Буга чейин Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жол эрежесин бузгандарды аныктоо үчүн дрондорду колдоно баштаган. Ал эми, 8-марттан тартып жол эрежесин бузгандарга жазалар күчөтүлгөн. Айып пулдар ар бир эреже бузууга дээрлик эки эседен ашык көтөрүлгөн. Маселен, белгиленген нормадагы ылдамдыктан 60 чакырым/сааттан ашса — мурдагы 7 500 сомдун ордуна 15 000 сом белгиленген.

Буга кошумча, акыркы бир жыл ичинде эле светтин баасын 11 пайызга, жылуулук жана ысык суунун тарифин үч эсе кымбаттатты. Соодагерлерге ККМ орнотуу менен бюджеттин дээрлик жарымын түзгөн НДС салыгын көтөрүүнү көздөп жатат. Бул салыктар айланып келип эле калк сатып алган негизги товарлардын баасы кымбатташына алып келет. Ансыз да жылдык инфляция 11 пайыздан ашып, айрым азык-түлүктөр эселеп кымбаттап жаткан учурда, карапайым калктын жүгү барган сайын оорлоп барууда.

Мунун каршысында, бир ууч капиталисттердин байлыгы эселеп өсүп жатат. Маселен, 2022-жылы Кыргызстандагы сүткор банктардын кирешеси беш эсе көбөйүп, 23,7 млрд сомду түзгөн. Ал эми, өткөн жылы банк тармагынын кирешеси 24,1 млрд сомго жетти. Мындан белгилүү болгондой, кыргыз бийлиги капиталисттик экономикалык түзүмдү колдонуу менен карапайым калктан жыйналган каражаттардын капиталисттердин колуна топтолушуна шарт түзүп берүүдө. Өз кезегинде аталган капитал ээлери шайлоолордо учурдагы аткаминерлердин кайрадан бийликке келишине жардам беришет. Мындан абал кыргызстанда эле эмес, капитализм өкүмдарлык кылган АКШ, Европа жана Орусияга да тиешелүү. Аталган мамлекеттерде да ири капиталисттер өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө бийлик түзүп берген шарттардан, монополиядан пайдаланышат.

Ал эми, Ислам түзүмүндө мамлекет өз иштерин жүргүзүү үчүн салык салууга муктаж болбойт. Анткени, өз иштерин жүргүзүү үчүн жер жана кыймылсыз мүлк сыяктуу мамлекеттик мүлктөрдөн пайдаланат. Ал эми, калктын жалпы кызыкчылыктарына тиешелүү муктаждыктарга адамдардын бардыгы шерик болгон умумий мүлктөрдөн сарптайт. Маселен, мектептер, университеттер, ооруканалар, жолдор, аэропорттордун курулушу жалпы адамдардын кызыкчылыгы болуп, ага умумий мүлктөн сарпталат. Мисалы, алтын, мунай, газ, темир, уран сыяктуу табигый байлыктарды иштеп чыгаруудан алынган пайдалар ушул тармактарга жумшалат.

Мындан тышкары, Ислам байлыктын бир ууч адамдардын колунда чогулуп калышына жол бербейт. Ошол эле учурда жакыр жана муктаж кишилерди салык төлөтүү менен айласын кетирбейт. Балким, кирешеси белгилүү өлчөмгө жеткен гана адамдардан зекет жыйып алат. Зекетти адамдар ибадат катары кубануу менен беришет. Ал эми, зекеттен жыйналган мүлктөр бюджеттеги башка мүлктөргө кошулбастан өзүнчө топтолуп, Алла Таала “Тообо” сүрөсүндө белгилеген сегиз түрдүү адамдарга бөлүп берет. Алла Таала айтат:

إِنَّمَا ٱلصَّدَقَٰتُ لِلۡفُقَرَآءِ وَٱلۡمَسَٰكِينِ وَٱلۡعَٰمِلِينَ عَلَيۡهَا وَٱلۡمُؤَلَّفَةِ قُلُوبُهُمۡ وَفِي ٱلرِّقَابِ وَٱلۡغَٰرِمِينَ وَفِي سَبِيلِ ٱللَّهِ وَٱبۡنِ ٱلسَّبِيلِۖ

“Албетте, садагалар (зекеттер) жалаң жакырларга, мискиндерге (бечараларга), садага жыйуучуларга, көңүлдөрү (Исламга) дос кылынуучу кишилерге, моюндарды (кулдарды) азат кылууга, карыздар кишилерге жана Алла жолунда (тактап айтканда, казатка же ажыга кетип жаткандарга) ошондой эле жол жүргөн-мусаапырларга берилет” (Тообо: 60).

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here