Хижрий 1445-жылда хажда көз жумгандардын саны көбөйүшү

491
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Хижрий 1445-жылда хажда көз жумгандардын саны көбөйүшү

 Устаз Халифа Мухаммад

Иордания вилаяты

Аллах Субханаху ва Таала балагатка жеткен, акылы бүтүн, кудуреттүү ар бир мусулманга өмүрүндө бир жолу хаж ибадатын аткарууну фарз кылды. Аллах Субханаху ва Таала айтат:

﴿وَلِلّهِ عَلَى النَّاسِ حِجُّ الْبَيْتِ مَنِ اسْتَطَاعَ إِلَيْهِ سَبِيلاً﴾

«Ошондой эле жолго чамасы жеткен кишилердин мойнунда Алла үчүн мына ошол үйдү ажы-зыярат кылуу милдети бар»       [3:97]

Хаж Исламдын беш түркүгүнүн бири болду. Ошондуктан ар бир мусулман ушул фарзды аткарууга кудурет жана мүмкүнчүлүк табууга катуу умтулуп, аларга ээ болгондо аны аткарууга аракет кылат. Бирок, Халифалык мамлекетинин жоготулушу, мусулман өлкөлөрү колонизаторлуктун жасалма чегаралары менен ыдырашы, мусулмандардын хаж жана башка иштерине камкордук кылган чыныгы жетекчиден айрылышы мусулмандардын башына түшкөн эң чоң кырсык болуп, көпчүлүк мусулмандар хаж фарзын аткарууга кудуреттүү болгондо ушул нерселер аны аткарууга тоскоолдук кылууда.

Аллах Азза ва Жалла мусулмандардын жетекчисине алардын бардык турмуштук иштерин чырайлуу башкарууну фарз кылды. Хаж да ошол иштердин бири болуп, жетекчиден ага өзгөчө көңүл буруу талап кылынат. Анткени хаж учурунда миллиондогон мусулмандар бир убакта бир жерге чогулат, улуу-кичүү, эркек-аял, күчтүү-алсыз топтолот. Өз кезегинде, бул иштерди уюштуруу, башкаруу жана камкордук кылууга өзгөчө көңүл буруу талап кылынат. Бул нерселерден мурун көптөгөн зыяратчыларды сыйдырышы үчүн жайлар, имараттар жана жолдорду абдан жакшы даярдоо керек. Хаж зыяратына жооптуу уюмдар буларды ишке ашырууга кудуретсиз эмес. Ушул ырасымдарга даяр болуу үчүн керектүү каражаттар, жаратман акылдар, жумушчу күч жана жакшы пикирлер менен камсыздалса, инсандар хаж ибадаттарын ар кандай тыгынсыз, бири-бирин тебелөөсүз, кырсыктуу окуяларсыз жана жараттарсыз аткарышат.

Хажыларга камкордук кылуу аларды азык-түлүк, суу, жатак, коопсуз транспорт, саламаттыкты сактоо менен камсыздоону, ысык-суук, жугуштуу оорулар жана табигый кырсыктардан сактоону талап кылат. Ушул камкордукта бир киши башкасынан, бир топ башка бир топтон жана уруксаты бар уруксаты жоктон жогору коюлбайт. Анткени камкордук мусулмандардын иштерин башкарып жаткан киши үчүн фарз, ар бир инсандын инсан катары акысы. Жалпысынан алганда, муктаж кишиге муктаж инсан деген этибарда каралып, муктаждыгы кандырылышы шарт.

Жогоруда айтканыбыздай, мусулмандар Халифалык мамлекетин жоготуу жана Ислам өкүмдөрү менен башкарган чыныгы жетекчиден айрылуу балээсине дуушар болуп, мамлекети ыдырады жана колонизатор кафир зордоп орноткон чегаралар менен бөлүндү. Натыйжада мусулман киши өз өлкөсүнөн башка жерде чет элдикке айланды. Мусулмандардын башына күрсүлөрүнө катуу умтулган, жада калса бул үчүн өлкөсүн да, элин да саткан, колонизатор кафирлерге мамлекет байлыктарын талап-тоноого мүмкүнчүлүк жараткан акимдердин балээси келди, акыбетте алар адамдардын иштерин жаман башкарышты. Аль Сауд өкүмдарлары да хаж иштерин жаман башкарышты жана хажыларга ыңгайлуулук жараткан кызматтарды көрсөтүшпөдү. Шек-күмөнсүз, жылдан-жылга көбөйүп бара жаткан зыяратчылардын муктаждыктарын кандырган, түрдүү аба ырайынын шартына ылайык келген кызматтарды көрсөтүшпөдү. Акыбетте, табигый түрдө өлүм, жаралануу, оору жана жоголуу сыяктуу абдан көптөгөн окуялар жүз берди, албетте булардын баарынын жоопкердиги Аль Сауд өкүмдарларынын мойнунда.

Болуп көрбөгөндөй аба ырайынын ысышы хажыларга камкордук кылууда Саудия өкүмдарларынын айыбын ачыктады. Маселен, ушундай ысыкта зыяратчылар үчүн чатырлар жетишпеди, жолдор ырасымдар үчүн абдан алыс жана саябансыз болду, жетиштүү транспорт каражаттары, ыңгайлуулуктар, муздаткычтар жана саламаттыкты сактоо менен камсыздалбады. Акыбетте жүздөгөн хажылар көз жумду, ондогону дарексиз жоголду, алар дагы эле изделүүдө. Алардын арасында хажга уруксат берилгендери да бар, уруксат берилбегендери да бар. Бул абал өздөрүн эки Харами Шарифтин кызматчылары деген Аль Сауд өкүмдарлары жалпысынан хажылардын иштерин жаман башкарышканынан келип чыкты. Мурунку хаждар да мына ушундай жаман башкаруу себептүү хажылар арасында ондогон-жүздөгөн өлүмдөр менен өткөнүн унуткан жокпуз.

Буга Аль Сауд өкүмдарларынын мамлекеттеги туристтик аймактарга көрсөтүп жаткан абдан чоң камкордук жана кызматтарынан көрө жакшыраак далил болбосо керек. Анткени, Неом саякатчылар шаары, 2029-жылы Кышкы Азия оюндарын Саудияда өткөрүүгө даярдык көрүү сыяктуу иштерге миллиондор сарпталып жатат. Бирок хаж ырасымдарына жана кызматтарына, хаж фарзын аткаруу үчүн келгендерге тийиштүү жардам жана кызматтар үчүн жогорудагы каражаттардын ондон бири да сарпталган жок. Туурасы, хаж ырасымдары жана имараттары жыл сайын хаж кылмакчы болгон кишилерди сыйыдыра ала турган даражада даярдалса, хаж да акысыз болсо жакшы болот. Умматтын байлыктары мусулмандардын бул жана башка муктаждыктарын кандыруу үчүн жетиштүү.

Аль Сауд өкүмдарларынын кылмыштары хажылардын иштерин жаман башкаруу, акыбетте көп хажылардын набыт болушу менен чектелип калбайт. Андан тышкары Аль Сауд өкүмдарларынын Араб жарым аралындагы кыргындарын жана өз өкүмдарлыгын бекемдөө үчүн жүздөгөн мусулмандарды өлтүрүшкөнүн кошумчалоо мүмкүн. Алардын кылмыштары көптөгөн мусулман өлкөлөрүндөгү мусулмандарга жетти. Маселен, Саудиянын армиялары Яманда Американын кызыкчылыгы үчүн кылмыштарды жасады, Шам козголоңун токтотуу жана канкор Асад режимин сактап калуу үчүн абдан чоң каражаттарды сарптады, Суданда да ошондой кылмыштарды кылды. Саудия Боснияда жана Герцеговинада, Бирмада, Сомалиде, мына бүгүн Фалестинде мусулмандардын маселелерине кайдыгер карап, жардам бербей жатат. Тескерисинче, ал тигил ыплас яхудий вужуду менен мамилелерди нормалдаштырууга аракет кылып, Американын “эки мамлекет” чечимин талап кылууда. Дүйнөнүн эч бир жеринде мусулмандардын проблемасы жок, аларга Аль Сауд өкүмдарларынын кыянат, фитна жана тил бириктирүүлөрү аралашпаган.

Эй, мусулмандар! Өлкөлөрүңөрдөгү акимдердин айыбы силерге ачыкталды, колонизатор кафирден мурун алардын душмандыгы көрүнүп бүттү. Силер үчүн ушул акимдериңерден кутулуп, Ислам өлкөсү тикеленмейинче ойгонуу да, нусрат да, тынч жашооо да жок. Халифага байъат берүү аркылуу Пайгамбарлык минхажы негизинде тикелене турган ушул экинчи рошид Халифалык мамлекети өлкөлөрүңөрдү бириктирип, Аллах түшүргөн өкүмдөр менен өкүм жүргүзөт, иштериңерди чырайлуу башкарат. Мына, Хизб ут-Тахрир ушул долбоорду көтөрүп чыгууда, андыктан, аны менен бирге аракет кылгыла!

 Роя гезити, №501, 2024-жыл, 3-июль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here