Тажикстандын Аалымдар кеңеши кара хижабга тыюу салган фатва чыгарды

1733
0

Тажикстандын Аалымдар кеңеши кара хижабга тыюу салган фатва чыгарды

Тажикстандын Аалымдар кеңеши кыз-келиндерге кара түстөгү же тажик маданиятына “жат” кийимдерди кийүүгө тыюу салган фатва чыгарды. Алардын айтымында, кара түс ханафи мазхабынын көз карашынан алганда милдеттүү эмес жана Тажикстандын географиялык шарты менен улуттук өзгөчөлүктөрүнө дал келбейт имиш.

Быйыл июнь айында күчүнө кирген “Салт-санааларды, жөрөлгө, той-топурларды ирээтке салуу тууралуу” мыйзамга ылайык, Тажикстанда “улуттук маданиятка шайкеш келбеген” кийимдерди өлкө ичине алып кирүүгө, пропагандалоого жана сатууга тыюу салынган. Ушул эле мыйзам аркылуу айт майрамдарында белек берүүгө, конок тосууга чектөө киргизилген. Мунун каршысында, Батыш сакофаты таңуулаган жарым жылаңач кийимдерге тыюу салынбайт.

Мындан тышкары, Тажикстанда терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү шылтоосунда жаңы төрөлгөн балдарга Исламий ат коюуга тыюу салынган.

Тилекке каршы, өлкөнүн диктатуралык режими “аалымдар” чөйрөсүн да өз көзөмөлүнө алып, жеке кызыкчылыктары негизинде ар кандай фатваларды чыгартып келет. Түпкүлүгүндө, Исламга тескери келген ар кандай көрүнүшкө каршы туруп, бийлик ээлерин мухасаба кылуу аалымдардын милдети эле. Алар билип туруп үммөттүн азабын дагы да көбөйтүүгө ортоктош болууда. Пайгамбарыбыз ﷺдын:

«مَنْ كَتَمَ عِلْماً أَلْجَمَهُ اللهُ بِلِجِامٍ مِنْ نَارٍ يَوْمَ الْقِيَامَةِ»

«Ким бир илимди жашырса, Аллах кыямат күнү аны тозок оту менен ооздуктайт», деген хадиси жөнүндө ой жүгүртпөй калгандай! Абу Наим «Хуля»да Ибн Аббас разияллаху анхудан риваят кылат, Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:

«صِنْفَانِ مِنَ النِّاسِ إِذَا صَلَحَا صَلَحَ النَّاسُ وَإِذَا فَسَدَا فَسَدَ النَّاسُ: الْعُلَمَاءُ وَالأُمَرَاءُ»

«Эки түрдүү адам бар, алар оңдолсо, адамдар оңдолот. Алар бузулса, адамдар да бузулат. Алар: уламалар жана жетекчилер».

Бүгүн уламалар Расулуллах ﷺдын минбарына чыгып алып, адамдарга абалды оңдобой турган нерселер жөнүндө сүйлөй турган болуп калды. Алар жеке адамга тиешелүү ибадаттар жөнүндө сүйлөп, бирок жамаат кылыш керек болгон фарздар жөнүндө сүкүт сакташууда. Куръандын да өкүмдарларды тынчсыздандырбай турган бөлүгүн айтышууда. Өкүмдарларды жемелеген нерсе жөнүндө болсо, унчукпай, миң шылтоолорду келтиришет!

Ал эми, үммөттүн чыныгы аалымдары кандай гана абал болбосун Аллах жолунда жемелөөчүнүн жемесинен коркпостон жетекчилерди жамандыктан кайтарып, жакшылыкка буйрушкан. Маселен, Халифа Хажжаж Васиттеги өзүнүн жаңы үйүн көрсөтүү үчүн Хасан Басрий рохимахуллахты алып келүүнү буйруганда, Хасан Басрий үйгө кирип, ушул сөздөрдү айткан: “Бул падышалар өздөрүн күчтүү кылып көрсөтүп жатышат жана биз алардан ар күнү үлгү алып жатабыз. Бири кооз сарай куруп, төшөнчүлөрдү жасап, кооз кийим-кече даярдап жатат, кийин ач көздүккө, көрпөчөлөргө жана отторго оролуп жатышат. Бул жамандык ээлери «мен эмнелерди кылганымды көрүп койгула» деп жатышат. Мына, көрдүк эй алданган пенде, кийин эмне болот, эй фасыктардын фасыгы?! Асман калкы сени жаман көрбөдүбү, жер калкы сени наалаттабадыбы?! Себеби, сен өткүнчү дүйнөнүн үйүн курдуң, бирок, түбөлүк жашоонун үйүн ойрон кылдың, жалган үй менен алданып, бакыт үйүндө кор болдуң”. Кийин ал үйдөн чыгып бара жатып мындай деди: “Аллах адамдарга илимди ачык көрсөтүү жана жашырбоо жөнүндө уламалардан убада алган”.

Бүгүнкү күндө Ислам үммөтү үчүн мына ушундай эр жүрөк кишилер абадай керек. Себеби, алар үммөткө Туура жолун көрсөтүп берип, учурдагы бузук абалды өзгөртүүгө жетектешет.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here