بسم الله الرحمن الرحيم
АДЕП-АХЛАК
Көркөм эсептелүүчү хулктар
- Ачык маанайлуу болуу:
Абу Зарр риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз с.а.в:
«لاَ تَحْقِرَنَّ مِنْ الْمَعْرُوفِ شَيْئًا وَلَوْ أَنْ تَلْقَى أَخَاكَ بِوَجْهٍ طَلْقٍ»
«Арзыбас (аз гана) жакшылыкты да көзгө илбей өтпөгүн, мейли, ал боордошуңа ачык маанай менен кезигүү болсо да», – деген. Муслим.
Жабир ибн Абдуллах риваят кылган хадисте Пайгамбар с.а.в. мындай деген:
«كُلُّ مَعْرُوفٍ صَدَقَةٌ, وَإِنَّ مِنْ الْمَعْرُوفِ أَنْ تَلْقَى أَخَاكَ بِوَجْهٍ طَلْقٍ, وَأَنْ تُفْرِغَ مِنْ دَلْوِكَ فِي إِنَاءِ أَخِيكَ»
«Ар бир жакшылык – садака. Боордошуңа ачык маанай менен кезигишиң да, анын идишине чакаңдан суу куюп беришиң да жакшылык». Ахмад риваяты. Муну Термизий да риваят кылып, сахих хасан хадис деген.
Абу Зарр риваят кылган хадисте Пайгамбар с.а.в:
«تَبَسُّمُكَ فِي وَجْهِ أَخِيكَ صَدَقَةٌ …»
«Боордошуңдун жүзүнө карап жылмайышың да садака…» – деген. Ахмад жана ибн Хиббандар өз «Сахихинде» риваят кылышкан.
Абу Журайх ал-Хужаймий риваят кылат:
«أَتَيْتُ رَسُولَ اللَّهِ فَقُلْتُ: يَا رَسُولَ اللَّهِ, إِنَّا قَوْمٌ مِنْ أَهْلِ الْبَادِيَةِ, فَعَلِّمْنَا شَيْئًا يَنْفَعُنَا اللَّهُ بِهِ, فَقَالَ: لاَ تَحْقِرَنَّ مِنْ الْمَعْرُوفِ شَيْئًا, وَلَوْ أَنْ تُفْرِغَ مِنْ دَلْوِكَ فِي إِنَاءِ الْمُسْتَسْقِي, وَلَوْ أَنْ تُكَلِّمَ أَخَاكَ وَوَجْهُكَ إِلَيْهِ مُنْبَسِطٌ …»
“Пайгамбар с.а.в.дын алдына барып: «Я Расулуллах, биз чөлдүк калкпыз, бизге бирер нерсени үйрөтүңүз, Аллах аны биз үчүн пайдалуу кылсын», – дедим. Ошондо Пайгамбар с.а.в.: «Аз гана жакшылыкты да көзгө илбей өтпөгүн, ал суу сурагандын идишине чакаңдан суу куюп берүү болсо да, ал боордошуңа ачык маанай менен сүйлөшүң болсо да…», – деди”. Ахмад жана Абу Давуд риваяты. Муну Термизий да риваят кылып, сахих хасан деген. О.э. ибн Хиббан да өзүнүн «Сахих»инде чыгарган.
- Жалаң гана жакшы сөздү сүйлөө же жөн туруу:
Абу Хурайра риваят кылган хадисте Пайгамбар с.а.в. мындай деди:
«مَنْ كَانَ يُؤْمِنُ بِاللَّهِ وَالْيَوْمِ الآخِرِ فَلْيَقُلْ خَيْرًا أَوْ لِيَصْمُتْ»
«Ким Аллахка жана акырет күнүнө ишенсе, жакшы сөз сүйлөсүн же тим турсун» (муттафакун алайх).
Барро ибн Озиб риваят кылат:
«جَاءَ أَعْرَابِيٌّ إِلَى رَسُولِ اللَّهِ فَقَالَ: يَا رَسُولَ اللَّهِ, عَلِّمْنِي عَمَلاً يُدْخِلُنِي الْجَنَّةَ, قَالَ: إِنْ كُنْتَ أَقْصَرْتَ الْخُطْبَةَ لَقَدْ أَعْرَضْتَ الْمَسْأَلَةَ, أَعْتِقْ النَّسَمَةَ, وَفُكَّ الرَّقَبَةَ, فَإِنْ لَمْ تُطِقْ ذَلِكَ فَأَطْعِمْ الْجَائِعَ, وَاسْقِ الظَّمْآنَ, وَأْمُرْ بِالْمَعْرُوفِ, وَانْهَ عَنْ الْمُنْكَرِ, فَإِنْ لَمْ تُطِقْ ذَلِكَ فَكُفَّ لِسَانَكَ إِلاَّ عَنْ خَيْرٍ»
«Бир аърабий Пайгамбар с.а.в.дын алдына келип: «Мага бейишке алып кире турган амалды үйрөтүңүз», – деди. Ошондо ал киши: «Мен хутбаны кыска кылсам да, маселени кең кылып беремин: Кул азат кыл; буга күчүң жетпесе, курсагы ачка тамак, чаңкаганга суу бер; жакшылыкка буюруп, жамандыктан кайтар; буга да күчүң жетпесе, тилиңди тый, жалаң гана жакшы сөздөрдү сүйлө», – деди». Ахмад риваяты. Хайсамий мунун ровийлери ишенимдүү деген. О.э. ибн Хиббан «Сахих»инде жана Байхакий «аш-Шаъб»да чыгарган.
Савбан риваят кылган хадисте Пайгамбар с.а.в:
«طُوبَى لِمَنْ مَلَكَ نَفْسَهُ, وَوَسَعَهُ بَيْتُهُ, وَبَكَى عَلَى خَطِيئَتِهِ»
«Тилин тыя алган, үйү батырган, катасына ыйлаган адамга бейиш болсун», деген. Бул хадисти Табароний риваят кылган жана иснады хасан деген.
Билал ибн Хорис Музаний риваят кылган хадисте Пайгамбар с.а.в. мындай деген:
«إِنَّ الرَّجُلَ لَيَتَكَلَّمُ بِالْكَلِمَةِ مِنْ رِضْوَانِ اللَّهِ, مَا كَانَ يَظُنُّ أَنْ تَبْلُغَ مَا بَلَغَتْ, يَكْتُبُ اللَّهُ تَعَالَى لَهُ بِهَا رِضْوَانَهُ إِلَى يَوْمِ يَلْقَاهُ, وَإِنَّ الرَّجُلَ لَيَتَكَلَّمُ بِالْكَلِمَةِ مِنْ سَخَطِ اللَّهِ, مَا كَانَ يَظُنُّ أَنْ تَبْلُغَ مَا بَلَغَتْ, يَكْتُبُ اللَّهُ لَهُ بِهَا سَخَطَهُ إِلَى يَوْمِ يَلْقَاهُ»
«Бир киши Аллах ыраазы боло турган бир сөздү сүйлөйт. Бул сөзү каерлерге жетип барышын ойлоп да көрбөйт. Аллах Таала ага ушул сөзү үчүн Өзүнө туш боло турган күнгө чейин Өз ыраазылыгын жазат. Дагы бир киши Аллах каардана турган бир сөздү сүйлөйт. Бул сөзү каерлерге жетип барышын ойлоп да көрбөйт. Аллах ага ушул сөзү үчүн Өзүнө туш боло турган күнүнө чейин Өз каарын жазат». Малик риваяты. Термизий муну сахих хасан деген. Насаи, ибн Мажа, жана ибн Хиббандар өздөрүнүн «Сахих»инде риваят кылышкан. Хаким да риваят кылып, сахих деген, Захабий аны макулдаган.
Муаз ибн Жабал риваят кылат:
«كُنْتُ مَعَ النَّبِيِّ فِي سَفَرٍ, فَأَصْبَحْتُ يَوْمًا قَرِيبًا مِنْهُ وَنَحْنُ نَسِيرُ, فَقُلْتُ: يَا رَسُولَ اللَّهِ, أَخْبِرْنِي بِعَمَلٍ يُدْخِلُنِي الْجَنَّةَ وَيُبَاعِدُنِي عَنْ النَّارِ … ثُمَّ قَالَ أَلاَ أُخْبِرُكَ بِمِلاَكِ ذَلِكَ كُلِّهِ؟ قُلْتُ بَلَى يَا رَسُولَ اللَّهِ, قَالَ كُفَّ عَلَيْكَ هَذَا, وَأَشَارَ إِلَى لِسَانِهِ, قُلْتُ: يَا نَبِيَّ اللَّهِ وَإِنَّا لَمُؤَاخَذُونَ بِمَا نَتَكَلَّمُ بِهِ؟ قَالَ: ثَكِلَتْكَ أُمُّكَ, وَهَلْ يَكُبُّ النَّاسَ فِي النَّارِ عَلَى وُجُوهِهِمْ, أَوْ قَالَ عَلَى مَنَاخِرِهِمْ, إِلاَّ حَصَائِدُ أَلْسِنَتِهِمْ»
«Бир сапарда Пайгамбар с.а.в. менен бирге элем. Бир күнү бара жатып, ал кишиге жакын барып калыптырмын. «Я Расулуллах, мага мени бейишке алып кире турган жана тозоктон алыстата турган амалды айтып бериңиз» – дедим. …Кийин мага: «Булардын баарына жетишүүнүн жолун да айтып берейинби?» – деди. Мен: «Ооба, айтып бериңиз, я Расулуллах», – дедим. Ал киши «Мына мунуңду тый» деп тилине ишара кылды. Мен: «Эй Аллахтын Пайгамбары, сүйлөгөн сөзүбүз үчүн да жазаланабызбы?» – деген элем: «Сен өлүп, энең ыйлап калгыр-ээ! Адамдарды тозокко жүзтөмөн жыга турган же мурундарынан тартып кире турган нерсе тилдеринин махсулаттарынан (т.а. жалган жалаа, жаман сөздөрүнөн) башка нерсе эмес», – деди». Ахмад, Термизий, Насаи, ибн Мажа риваяты. Термизий муну сахих хасан деген.