Венадагы Өзбекстан элчилигине барган делегация

2347
0

Басма сөз баянаты

Венадагы Өзбекстан элчилигине барган делегация

Хижрий 1446-жылы 11-мухаррам, миладий 2024-жылы 17-июль күнү Хизб ут-Тахрирдин немис тилинде сүйлөгөн өлкөлөрдөгү расмий өкүлү мухандис Шакир Асим жетектеген делегация нааразылык катын тапшыруу үчүн Венадагы Өзбекстан элчилигине барды. Катта Өзбекстандагы Хизб ут-Тахрир мүчөлөрү 20 жылдан ашуун камак мөөнөтүн өтөп чыгышкандан кийин бийлик тарабынан кайрадан камакка алынганы караланган. Делегацияны элчиликтин расмийлеринин бири кабыл алды.

Делегациянын жетекчиси элчиликтин расмийине Хизбди тааныштырып, ушуларды баса белгиледи: «Хизб ут-Тахрир пикирий-саясий иш-аракет алып барган партия, ал эч кандай материалдык (зомбулук) иш-аракет менен шугулданбайт. Тескерисинче, Хизб өз максатына жетүүдө зомбулук каражаттарынан пайдаланууну четке кагып, исламий өлкөлөрдө Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөөгө олуттуу аракет кылат. Ошондуктан өзбек бийлиги Россия сыяктуу колонизатор мамлекеттерди ыраазы кылуу үчүн Хизб ут-Тахрирди террорчу уюмдардын катарына киргизиши чоң жаңылыштык болот. Ошондой эле Хизб мүчөлөрү кайрадан камакка алынышкандан кийин аларды жалган моюнга алуу көрсөтмөлөрүн берүүгө мажбурлоо, эгер андан баш тартышса аялын зордуктоо же перзенттерин камакка алуу менен коркутуу таптакыр кабыл алгыс жагдай».

Элчиликтин расмийи катты Өзбекстан тышкы иштер министрлигине жеткирүүгө убада берди. Делегация бул үчүн элчиликтин расмийине ыраазылык билдирип, салам менен жолугушууну бүтүрдү.

 Хизб ут-Тахрирдин немис тилинде

сүйлөгөн региондордогу

маалымат бөлүмү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here