Кыргыз бийлиги мечит-медреселерди жабууну улантууда!

2957
0

Кыргыз бийлиги мечит-медреселерди жабууну улантууда!

Бишкек шаарында 60 балага диний сабак берген “Ыйман” медресесинин иши токтотулду. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди. Медресенин жабылышына имараттын абалы санитардык талапка жооп бербегени шылтоо кылынууда.

Улуттук коопсуздук комитети жыл башынан бери эле Бишкекте жана региондордо ондогон мечит, медреселер жана жайкын диний билим берүүчү лагерлер жабылганын жарыялаган. Буга кошумча, жарандар же юридикалык жактар диний ишмердик кылуу үчүн Дин комиссиясынын эсептик каттоосунан өтүүсү зарыл экени эскертилүүдө.

Комментарий:

Кыргыз бийлиги буга чейин мечит жана медреселерде рейддер өткөрүп, расмий каттоодон өтпөгөндүгү шылтоосу менен 71 мечит жана 30 медресени жапкан. 39 диний жана сыйынуу жайларына айып пул салынган. 48 мечитке жана 40 медресеге өрт коопсуздугунун талаптарын бузганы үчүн акты түзүлгөн. Ал эми, 55 мечитке жана 6 диний окуу жайга акт түзүлүп, көрсөтмөлөр берилген.

Түпкүлүгүндө, расмий бийликтин диний баалуулуктарга каршы мындай күрөшү өздөрү улуулап жаткан конституциялык мыйзамдарына жана эл аралык мыйзамдарга тескери келет. Тагыраагы, демократиядагы дин тутуу жана жеке эркиндик адамга каалаган динин тутунууну жана үйрөнүүнү кепилдеп берет. Бул баалуулук светтик мамлекеттин конституциялык мыйзамы болуп саналат. Айрыкча, мусулмандар мечит жана медресени негизинен калктын кайрымдуулук иштери аркылуу салышат. Мусулмандар бүгүнкү бузукулук чар тарапты каптап жаткан чакта балдарына өз динин үйрөтүү үчүн медресеге берүүгө ашыгышат. Өзгөчө, жайкы каникулда балдардын убактыларын текке кетирбөө үчүн диний лагерлерге берүү салтка айланып калган. А бирок, бийликтин ар кандай шылтоолор менен жогорудагыдай тыюулары динге каршы күрөштөн башка нерсе эмес.

Мусулмандар өз динин колонизатор каапырлар же алардын малай акимдери уруксат бергени үчүн же адамга эркиндик берилгени үчүн кылбайт. Тескерисинче, жакшы иш деп кылат. Андыктан, бул кыянатчы жетекчилерге айтаарыбыз, Алладан корккула жана Исламга жүздөнгүлө! Негизи силердин милдетиңер Исламий баалуулуктарга каршы күрөшүү эмес. Тескерисинче, мечиттерди куруп, ал жайларда шарт түзүү эле! Медреселерди ачып, мусулман жаштарына өз диндерин үйрөтүү эле! А бирок, өкүнүчтүүсү, силер Алланын алдындагы азиздикти эмес, колонизаторлорго малайлык кылуу менен кордукту тандап жатасыңар! Албетте силердин аракетиңер туура жолго кайтканга чейин бул дүйнөдө кордук, акыреттеги азабы болсо мындан да катуу болоору шексиз!

Нурдин Асаналиев

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here