Бишкек мэриясы калктан бир катар салык жыйымдарын алууну сунуштады

2377
0

Бишкек мэриясы калктан бир катар салык жыйымдарын алууну сунуштады

Бишкек шаарынын мэриясы бир катар салыктык жыйымдарды киргизүү боюнча долбоорду Министрлер кабинетине сунуштады. Ага ылайык, башка аймакта жана чет өлкөдө катталган автоунаалардын Бишкекке кирүү акысын, калаада ижарага берген электрондук чыгырык сыяктуу транспорттордон жана шаарга келген туристтерден акча алуу сунушталууда. Бул пилоттук долбоор 2024-жылдын 1-августунан баштап алты айлык мөөнөткө белгиленген.

Маселен, Бишкек шаарынын аймагына шаардан башка аймактарда катталган автотранспорттун кириши үчүн жыйымдын өлчөмү жеңил машинелерге 50 сом, чет өлкөлүктөргө 200 сом деп сунушталууда. Унаанын орундугуна жана салмагына жараша төлөмдүн көлөмү көбөйүп бара берет.

Мындан тышкары, мэрия Бишкек менен Ош шаарларында унааларды көчөгө график менен чыгарууну сунуштап жатат. Эгерде автоунаанын номери 1 жана 2 саны менен аяктаса, анда аларга дүйшөмбү күндөрү жүрүүгө болбойт. 3 жана 4 менен аяктагандар шейшембиде, 5 жана 6 шаршембиде, 7 жана 8 бейшембиде, 9 жана 0 жума күндөрү жүрүүгө болбойт. Графикти бузган жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом айып салынат. Мындай чектөө саат 7:00дөн 21:00гө чейин киргизилет.

Кыргыз бийлиги бюджетти толтуруу убадасын бергенден кийин бир катар салык жана төлөмдөрдүн санын көбөйтүү менен калктын жонунан кайыш тилип келүүдө. Буга чейин Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жол эрежесин бузгандарды аныктоо үчүн дрондорду колдоно баштаган. 8-марттан тартып жол эрежесин бузгандарга жазалар күчөтүлгөн. Айып пулдар ар бир эреже бузууга дээрлик эки эседен ашык белгиленген. Маселен, белгиленген нормадагы ылдамдыктан 60 чакырым/сааттан ашса — мурдагы 7 500 сомдун ордуна 15 000 сом белгиленген.

Буга кошумча, акыркы бир жыл ичинде эле светтин баасын 11 пайызга, жылуулук жана ысык суунун тарифин үч эсе кымбаттатты. Соодагерлерге ККМ орнотуу менен бюджеттин дээрлик жарымын түзгөн НДС салыгын көтөрүүнү көздөп жатат. Бул салыктар айланып келип эле калк сатып алган негизги товарлардын баасы кымбатташына алып келет. Ансыз да жылдык инфляция 11 пайыздан ашып, айрым азык-түлүктөр эселеп кымбаттоодо. Натыйжада, карапайым калктын жүгү барган сайын оорлоп жатса, бир ууч капиталисттердин байлыгы артып барууда. Маселен, 2022-жылы Кыргызстандагы сүткор банктардын кирешеси беш эсе көбөйүп, 23,7 млрд сомду түзгөн. Ал эми, өткөн жылы банк тармагынын кирешеси 24,1 млрд сомго жетти. Мындан тышкары, өкмөт “Салыктык эмес кирешелер” тууралуу мыйзамдын негизинде да бир катар төлөмдөрдү жыйнап алып турат.

Мунун каршысында Ислам түзүмүндө, мамлекет өз иштерин жүргүзүү үчүн салык салууга муктаж болбойт. Анткени, өз иштерин жүргүзүү үчүн жер жана кыймылсыз мүлк сыяктуу мамлекеттик мүлктөрдөн пайдаланат. Ал эми, калктын жалпы кызыкчылыктарына тиешелүү муктаждыктарга адамдардын бардыгы шерик болгон умумий мүлктөрдөн сарптайт. Маселен, мектептер, университеттер, ооруканалар, жолдор, аэропорттордун курулушу жалпы адамдардын кызыкчылыгы болуп, ага умумий мүлктөн сарпталат. Мисалы, алтын, мунай, газ, темир, уран сыяктуу табигый байлыктарды иштеп чыгаруудан алынган пайдалар ушул тармактарга жумшалат.

Мындан тышкары, Ислам байлыктын бир ууч адамдардын колунда чогулуп калышына жол бербейт. Ошол эле учурда жакыр жана муктаж кишилерди салык төлөтүү менен айласын кетирбейт. Балким, кирешеси белгилүү өлчөмгө жеткен гана адамдардан зекет жыйып алат. Зекетти адамдар ибадат катары кубануу менен беришет. Ал эми, зекеттен жыйналган мүлктөр бюджеттеги башка мүлктөргө кошулбастан өзүнчө топтолуп, Алла Таала “Тообо” сүрөсүндө белгилеген сегиз түрдүү адамдарга бөлүп берет. Алла Таала айтат:

إِنَّمَا ٱلصَّدَقَٰتُ لِلۡفُقَرَآءِ وَٱلۡمَسَٰكِينِ وَٱلۡعَٰمِلِينَ عَلَيۡهَا وَٱلۡمُؤَلَّفَةِ قُلُوبُهُمۡ وَفِي ٱلرِّقَابِ وَٱلۡغَٰرِمِينَ وَفِي سَبِيلِ ٱللَّهِ وَٱبۡنِ ٱلسَّبِيلِۖ

“Албетте, садагалар (зекеттер) жалаң жакырларга, мискиндерге (бечараларга), садага жыйуучуларга, көңүлдөрү (Исламга) дос кылынуучу кишилерге, моюндарды (кулдарды) азат кылууга, карыздар кишилерге жана Алла жолунда (тактап айтканда, казатка же ажыга кетип жаткандарга) ошондой эле жол жүргөн-мусаапырларга берилет” (Тообо: 60).

Исламда мамлекет сейрек учурда, тагыраагы, Алла Таала мамлекетке жана Үммөткө парз кылган ишти аткаруу үчүн муктаж болгон учурда гана мусулмандар арасындагы бай адамдарга кайрылып, карыз алышы мүмкүн. Кээде мамлекет мусулмандардын байларынан кайсы бир муктаждыкты чечүү үчүн ушул керектүү каражаттын өлчөмүндө гана салык салышы мүмкүн. Мисалы, Расулуллах (с.а.в) Табук казатына керектүү каражат үчүн мусулмандарга кайрылган. Ошондо, Усман (р.а) бул катаал жылдагы кыйынчылыкты жоюу үчүн миң динар берген.

Демек, Исламдагы мындай салык учурдагы капиталисттик түзүмдөгү салык жана төлөмдөр сыяктуу туруктуу түрдө алынбайт. Дайыма салык топтоо жайиз эмес. Ошондуктан, капиталисттик түзүмдөгү салыкка негизделген экономикалык түзүмдү Исламдагы экономикалык түзүмгө окшотуу чоң ката. Расмий бийлик ишке ашырып, чакырып жаткан салыктарга Исламда тыюу салынган! Андыктан, мусулмандар мындай салыккорлордун зулумунан кутулуу үчүн бул дүйнө жана акырет ийгилигине жеткире турган Алланын өкүмдөрү менен жашоого шашылуу керек!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here