Сөздү билип сүйлөө, жеткирип жаткан сөзүн терең текшерип көрүү

3298
0

بسم الله الرحمن الرحيم

АДЕП-АХЛАК

Көркөм эсептелүүчү хулктар

 4

Сөздү билип сүйлөө, жеткирип жаткан сөзүн терең текшерип көрүү

Сүйлөп жаткан сөзү адамды же солихтер, таквалар, ишенимдүү адамдар катарында кылып бейишке татыктуу кылат, же фасик-фажирлерден, кыянатчы, курулай доомат кылуучулардан кылып тозокко алып барат. Ошондуктан, хулку көркөм адам сүйлөп жаткан сөзүн жакшылап текшерип, анык билип сүйлөшү керек. Антпесе, хулку жаман болуп калат, айрыкча шарияттан т.а. Аллахтын өкүмү деп сүйлөп жатканда кайсы негизге таянып айтып жатканын аныктап алышы керек. Антпесе, Аллахка жалаа жабуучу, адамдарды, өзүнө ишенген жакындарын алдоочу дин бузар болуп калат. Мунун эсеби өтө оор, адамдарды жолдон азгыруу инсу-жинден болгон наалаты шайтандардын иши болуп, негизсиз шаръий өкүм айткандар да ошолордун катарында болуп калуу коркунучу бар, Аллах сактасын.

Туура, ал убактылуу, арзыбаган максатка жетиши мүмкүн, бирок акыбети жан чыдагыс азап болот. Аллах Таала эскерткен:

وَلَا تَقُولُوا۟ لِمَا تَصِفُ أَلۡسِنَتُكُمُ ٱلۡكَذِبَ هَـٰذَا حَلَـٰلࣱ وَهَـٰذَا حَرَامࣱ لِّتَفۡتَرُوا۟ عَلَى ٱللَّهِ ٱلۡكَذِبَۚ إِنَّ ٱلَّذِینَ یَفۡتَرُونَ عَلَى ٱللَّهِ ٱلۡكَذِبَ لَا یُفۡلِحُونَ () مَتَـٰعࣱ قَلِیلࣱ وَلَهُمۡ عَذَابٌ أَلِیمࣱ

“Аллах жөнүндө жалган жалаа ойлоп табуу үчүн тилиңерге келген жалганды сүйлөп: «Бул адал, бул арам», дей бербегиле. Анткени Аллахтын абройуна жалган жалаа жапкан адамдар эч кутулбайт. 117. (Андай адамдар үчүн бул дүйнөдө) аз гана пайда болот. (Акыретте болсо) алар үчүн жан чыдагыс азап бар”. (16:116-117).

Аллах Таала Өзүнө (т.а. шарият талаптарына) каршы сүйлөөнү ширк менен бир катарда арам кылып, ал канчалык оор күнөө экендигин төмөнкүдөй баяндаган:

قُلۡ إِنَّمَا حَرَّمَ رَبِّیَ ٱلۡفَوَ ٰ⁠حِشَ مَا ظَهَرَ مِنۡهَا وَمَا بَطَنَ وَٱلۡإِثۡمَ وَٱلۡبَغۡیَ بِغَیۡرِ ٱلۡحَقِّ وَأَن تُشۡرِكُوا۟ بِٱللَّهِ مَا لَمۡ یُنَزِّلۡ بِهِۦ سُلۡطَـٰنࣰا وَأَن تَقُولُوا۟ عَلَى ٱللَّهِ مَا لَا تَعۡلَمُونَ

«Айткын: «Раббим болгону ашкере жана жашыруун бузукулуктарды, (бардык) күнөө иштерди жазыксыз (себепсиз) зулум кылууну жана Аллахка (тең экендигине) эч кандай далил түшүрбөгөн нерселерди Ага шерик кылып алууңарды, ошондой эле Алла жөнүндө билбеген нерселерди сүйлөшүңөрдү гана арам кылган». (7:33).

Адам билбеген нерсесин сүйлөөдөн кайтарылганына умумий далилдер:

وَلَا تَقۡفُ مَا لَیۡسَ لَكَ بِهِۦ عِلۡمٌۚ إِنَّ ٱلسَّمۡعَ وَٱلۡبَصَرَ وَٱلۡفُؤَادَ كُلُّ أُو۟لَـٰۤىِٕكَ كَانَ عَنۡهُ مَسۡـُٔولࣰا

“Өзүң билбеген нерсеге ээрчибе! Анткени кулак, көз, дил – булардын баары туурасында (ар бир инсан) жоопкер болот”. (17:36).

مَّا یَلۡفِظُ مِن قَوۡلٍ إِلَّا لَدَیۡهِ رَقِیبٌ عَتِیدࣱ

Ал бир да сөз сүйлөбөйт, эгер (сүйлөсө) анын алдында даяр көрүп турган бир күзөтүүчү (периште ал сөздү жазып алат)”. (50:18).

Абу Хурайра р.а. Расулуллах с.а.в.дан төмөнкү хадисти риваят кылган:

كَفَى بالمرءِ كذِبًا أن يحدِّثَ بِكُلِّ ما سمِعَ

“Уккан сөзүн сүйлөй бериши кишинин жалганчылыгына жетиштүү болот. Муслим риваяты.

 

Көркөм эсептелүүчү хулктар

5

 Ширин сөздүүлүк:

Ширин сөздүүлүк  бул дүйнөдө адамдар ортосундагы мусибаттарды көтөрүү, өз ара душмандык, кек-кине отун өчүрүү себептеринин бири болсо, ал эми Акыретте сооп таразасын оор кылуучу садака, солих иштер сыяктуу амалдардан болуп эсептелет. О.э. тозоктон парда, бейиштен өзүнө орун даярдоо мүмкүнчүлүгү болуп эсептелет.

Адий ибн Хотам  риваят кылган хадисте Пайгамбар с.а.в:

«اتَّقُوا النَّارَ وَلَوْ بِشِقِّ تَمْرَةٍ, فَمَنْ لَمْ يَجِدْ فَبِكَلِمَةٍ طَيِّبَةٍ»

«Жарым курма менен болсо да тозоктон сактангыла. Кимде-ким аны таба албаса, ширин сөз менен сактансын»,деген. (муттафакун алайх).

Абу Хурайра  риваятында Пайгамбар с.а.в:

«وَالْكَلِمَةُ الطَّيِّبَةُ صَدَقَةٌ»

«Ширин сөз садака», деген (муттафакун алайх).

Абдуллах ибн Амр риваят кылган хадисте Пайгамбар с.а.в:

«إِنَّ فِي الْجَنَّةِ غُرَفَةً, يُرَى ظَاهِرُهَا مِنْ بَاطِنِهَا, وَبَاطِنُهَا مِنْ ظَاهِرِهَا, فَقَالَ أَبُو مَالِكٍ الأَشْعَرِيُّ: لِمَنْ هِيَ يَا رَسُولَ اللَّهِ, قَالَ: لِمَنْ أَطَابَ الْكَلاَمَ, وَأَطْعَمَ الطَّعَامَ, وَبَاتَ قَائِمًا وَالنَّاسُ نِيَامٌ»

«Бейиште сырты ичинен, ичи болсо сыртынан көрүнүп тура турган бир бөлмө бар», – деди. Ошондо Абу Малик Ашъарий: «Ал ким үчүн, я Расулуллах?» – деп сурады. Пайгамбар : «Ал сөзүн ширин кылган, тамак берген, адамдар уктап жатканда түндү ибадат менен уйкусуз өткөргөн адам үчүн»,деп жооп берди». Табароний риваяты. Муну Хайсамий жана Мунзирий хасан деген. Хаким да риваят кылып сахих деген.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here