Уюлдук телефондорду милдеттүү каттоо: монополия жана тоталдык көзөмөл

3953
0

Уюлдук телефондорду милдеттүү каттоо: монополия жана тоталдык көзөмөл

Кыргыз өкмөтү 25-июндан тартып өлкөдөгү уюлдук телефондорду милдеттүү түрдө каттоо чечимин чыгарды. Мамлекеттик идентификация системасында катталбаган телефондорду өлкөнүн бир да мобилдик оператору тейлебей турганы эскертилген. Мындан улам, телефон сатып иштеген соодагерлер кайрылуу жасап, уюлдук телефондорду каттоонун жол-жобосу так аныкталбаганын жана мунун айынан товарын сата албай жатканын айтып чыгышкан. Кайрылуунун аркасынан Бишкектеги “Берекет”, “Беш-Сары” жана “Айчүрөк” соода борборлорундагы ишкерлер менен Мамлекеттик бажы кызматы жолугушуп, каттоо системасын киргизүү менен телефон аткезчилиги токтотулаарын айтышты. Ишкерлерге телефон ташуучу лицензияга ээ айрым компаниялар сунушталды.

Маалыматка ылайык, учурда уюлдук телефонду Мамлекеттик реестрден каттоо кызматы үчүн төлөм 528 сом деп белгиленген, анын үстүнө кошумча нарк салыгы кошулат. 2019-жылдан 2023-жылга чейин өлкөгө 23 млн 827 миң уюлдук телефон ташылып келген.

Мындан белгилүү болгондой, расмий бийлик телефондорду каттоого алуу менен эки нерсени максат кылууда. Биринчиси, үлкөн каражат айланган тармакты монополия кылуу аркылуу өздөрүнө тиешелүү адамдарды ал жерге жайгаштыруу. Муну ишкерлер менен болгон жолугушууларда расмий өкүлдөр ачык эле айтышууда. Тагыраагы, телефон ташыган майдараак ишкерлерди “мыйзамсыз ишкерлик” шылтоосу менен тармактан үзүп коюшмакчы. Буга кошумча, кыбыраган нерсеге салык салууну адат кылган Жапаровдун өкмөтү ар бир келген телефондон салык алууну максат кылууда.

Экинчиси, телефондорду милдеттүү каттоодон өткөрүү шылтоосу менен бийлик калктын үстүндөгү көзөмөлдү күчөтүп алмакчы. Башкача айтканда, буга чейин эле укуругу узарган күч органдарына мындан ары ар бир жарандын сүйлөшүүсүн, кыймыл аракетин, айрыкча бийликке жакпагандарды күзөтүүгө жол ачылмакчы. Анткени, ачкөз капиталисттик системада ар бир бийлик калктын үстүнөн тоталдык көзөмөл орнотууга аракет кылат. Буга чейинки биометрикалык паспорт, “коопсуз шаар” сыяктуу долбоорлор да мына ушул түркүмгө кирет.

Мындай көзөмөл жана чогултулган маалыматтар бул акимдердин кожоюндарына айланган колонизатор мамлекеттер үчүн да абдан маанилүү. Алар болгону өз айла-амалдарын кооз сөздөр менен шөкөттөп ишке ашырышат. Маселен, ар бир жарандын маалымат алуу укугу деген шылтоо менен интернеттин жеткиликтүүлүгүн, ал аркылуу ар бир колдонуучунун маалыматын алганга аракет кылышат. Буга байланыштуу 19-кылымдагы жөөт банкир-капиталист Натан Ротшильддин “ким маалыматка ээлик кылса, ал дүйнөгө ээлик кылат” деген сөзү маалымат тармагында империалисттер ураанына айланган. Алар дүйнөдөгү бардык маалыматтарга ээлик кылып, дүйнө бойлоп тоталдык көзөмөл орнотуу үстүндө жан үрөп аракет кылып келишет. Аны ишке ашыруу үчүн БУУ баштаган бир катар эл аралык уюмдар ишке салынган. Андан тышкары, ар бир колонизатор мамлекет таасири астындагы мамлекеттердин маалымат коопсуздугуна ээ болууга аракет кылат. “Коопсуз шаар” долбооруна байланыштуу таасир талаш он жылдан ашык убакыттан бери уланып келе жатканы буга ачык мисал болот. 2012-жылы, Бабанов премьер-министр болуп турган учурда “Коопсуз шаар” боюнча тендер жарыяланган. Жыйынтыгында, тендерге катышпаган эле “Beijing Construction Engineering Group International” аттуу кытайлык компания утуп алган. Бирок, 2013-жылы Америкачыл “Ата Мекен” фракциясы бул маселени көтөрүп чыгып, натыйжада келишимди бузууга жетишкен. О.э. кытай компаниясы менен келишимди бузуу Россия кызыкчылыктарына да дал келер эле. Кийинчерек “Коопсуз шаар” долбоорунун биринчи этабы боюнча тендер өткөрүлүп, 4-сентябрда Орусиянын “Вега” концерни утуп чыкты.

Ал эми, 2019-жылкы “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабы боюнча тендерде кытайлык “Shenzhen Sunwin” компаниясы алдыга чыкты. Бирок, кытайлык компания менен келишим тууралуу сот иштери уланып келүүдө. Мындан көрүнүп тургандай, калктын үстүндө көзөмөл күчөтүү жана маалыматка ээлик кылуу жергиликтүү бийликтин гана эмес, колонизаторлордун да кызыкчылыгындагы негизги иштерден. Андыктан, мындай абалда мусулмандар бийликтин кыянаттыгына, зулумдукка алып баруучу аракеттерине каршы туруп, сергек болуусу керек. Анткени, көзөмөлдү күчөтүү менен жергиликтүү бийликтер Исламга жана мусулмандарга каршы күрөштү күчөтүшөт. Ар кандай шылтоо менен экстремист, террорист эн тамгалары басылып, соттолгондор көбөйөт. Айрыкча, Кытай көзөмөлүндөгү Чыгыш Түркистандагы мусулмандардын абалы муну ачык көрсөтүп турат.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here