Бийлик айып пулдардын көлөмүн көбөйтүү аракетинде

5054
0

Бийлик айып пулдардын көлөмүн көбөйтүү аракетинде

Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жол эрежесин бузгандарды аныктоо үчүн дрондорду колдоно баштайт. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы кабарлады.

Ага ылайык, алгач тесттик режимде дрондор аркылуу Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда байкоо жүргүзүлө баштады. Андан соң, Кыргызстандын бардык аймактарында тесттик режимде дрон учуруп, байкоо жүргүзүү башталганы турат.

Белгилүү болгондой, Кыргызстанда 8-марттан тартып жол эрежесин бузгандарга жазалар күчөтүлгөн. Айып пулдар ар бир эреже бузууга дээрлик эки эседен ашык белгиленген. Маселен, белгиленген нормадагы ылдамдыктан 60 чакырым/сааттан ашса — мурдагы 7 500 сомдун ордуна 15 000 сом белгиленген.

         Буга кошумча, жол салыгын салуу да сунушталып жатат. Ага ылайык, айдоочу автоунаасынын жүргөн жолунун узундугуна жараша акы төлөйт. Башкача айтканда, күйүүчү майдын ар бир литрине кошулуп алынат. Мындан тышкары, автоунаанын дөңгөлөктөрүн жок кылууга жана керектен чыккан автоунааларды, автоунаа майларын жок кылууга төлөмдөр алынмакчы.

Комментарий:

         Калктын жонунан кайыш тилген мындай аракеттер үстүбүздөгү пайдага негизделген капиталисттик дүйнө карашка байланыштуу. Анткени, капиталисттик системада жол кырсыгы сыяктуу көйгөйлөргө да экономикалык маселе катары карайт. Натыйжада, жол кырсыгынын санын азайтуу үчүн айып пулдардын түрүн, көлөмүн көбөйтөт. Бул болсо ансыз да каржалып турган калктын жонуна жүк болуп илинет.

          Мунун каршысында, Ислам өзү чечмекчи болгон проблемага – ал экономикалык, социалдык тармакка же саясатка тиешелүү болобу айырмасыз, инсандын проблемасы деп карайт. Натыйжада, социалдык проблеманы чечип жатканда экономикалык же саясий маселе бирдей каралат. Маселен, жол кырсыгынын статистикасын карай турган болсок, анын негизги бөлүгү мас абалында унаа айдоодон улам болот. Бул көйгөйдү чечүү үчүн алгач Ислам арам кылган арак заводдорунун иштешине, аны ташып келүүгө, сатууга тыюу салынат. Муну менен катар Ислам коомунда адамдарды негизги муктаждыктарын кандырууга зарыл болгон каражат үчүн суткалап, 10-15 сааттан иштөөгө мажбур кылбайт. Учурдагы авариялардын себептеринин дагы бири дал ушул чарчаган, уйкусуз абалда унаа айдоо экени талашсыз.  Андан соң, мамлекет аварияга түрткү бере турган бузулган жолдорду оңдоосу, тиешелүү жабдыктар менен камсыздоосу важиб. Демек, Ислам кайсы бир көйгөйдү чечүүдө ошол тармак менен чектелип, анын натыйжалары менен гана күрөшпөйт. Балким, көйгөйдүн себептерин аныктап, толук түстө чечүүгө бүткүл мүмкүнчүлүгүн сарптайт.

          Жыйынтыктап айтканда, учурдагы бийлик жол кырсыктарынын шылтоосу менен айып пулдардын санын көбөйтүүнү, калктын жонунан кайыш тилүү аракетин көрүп жатат. Ислам калкка карата мындай зулумдуктарга тыюу салат. Жогоруда айтылгандай, алгач мамлекеттин жоопкерчилигиндеги иштер аткарылат. Ал эми, айып пул салуу же жол эрежесин бузгандарга чара көрүү мына ушул иштер аткарылгандан кийин гана жүзөгө ашырылууга тийиш!

        Нурдин Асаналиев

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here