Зекеттин акчасын эже менен кызга берсе болобу?

5069
0

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Суроо жооп

Зекеттин акчасын эже менен кызга берсе болобу?

Абдулла Аль-Хаддадга.

Сизге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун, Аллах Таалам сизге бардык жакшылыктарды, бакыт-таалай жана Аллахка, анын Элчисине баш ийүүдө узак өмүрдү насип кылсын. Улуу Арштын Раббиси болгон Аллах Тааладан биз үчүн экинчи Рошид Халифалыктын тикеленүүсүн тездетүүсүн жана ошол убакта сиз ден-соолукта жана бакубатчылыкта болушуңузду тилейм.

Суроо: Зекет акчасын эжеге же кызына берсе болобу?

Уа алайкум ассалам уа рахматуллоохи уа баракатуху.

Жооп:

  1. Ислам зекетти кедей-кембагалдарга сарптоону важиб кылып, кимдерге берилээрин кеңири баяндаган. Исламдагы экономика түзүмү китебинин 204-211-бетинде айтылган: “Негизги муктаждыктар, алардын жетишсиздиги жакырчылык деп эсептелинет. Негизги муктаждыкка тамак-аш, кийим-кече жана турак-жай кирет. Андан башка бардык нерсе камалий муктаждык болуп эсептелет. Негизги муктаждыктарын камсыздап, камалий муктаждыктарын канааттандырбаган адам кедей болуп эсептелинбейт.

Ислам бул негизги муктаждыктарды канааттандыра албагандарга жана таба албагандарга зекеттен берүүнү фарз кылган. Эгерде инсан өзүн-өзү камсыз кылса, анда анын колунда бар. Колунда жетишерлик акчанын жоктугу же жетиштүү акча таба албагандыгынан өзүн камсыз кыла албаса, шарият  анын негизги муктаждыгы камсыз болгонго чейин ага жардам берүүнү башкаларга буюрат. Шарият бул нерселерде инсанга кантип жардам берүү керектиги жөнүндө кеңири баяндаган. Алла Таала аны алгач мураскор туугандарга  парз кылды. Аллах айтат:

﴿وَعَلَى الْمَوْلُودِ لَهُ رِزْقُهُنَّ وَكِسْوَتُهُنَّ بِالْمَعْرُوفِ لَا تُكَلَّفُ نَفْسٌ إِلَّا وُسْعَهَا لَا تُضَارَّ وَالِدَةٌ بِوَلَدِهَا وَلَا مَوْلُودٌ لَهُ بِوَلَدِهِ وَعَلَى الْوَارِثِ مِثْلُ ذَلِكَ﴾

Эмизүүнүн толук болушун каалаган энелер балдарын толук эки жыл эмизишет. Эненин тийиштүү азык-оокатын, кийим-кечесин жакшылык менен камсыздоо атанын милдети. Ар кимге чамасына жараша (милдет) жүктөлөт. Эне баласы себептүү, ата да баласы үчүн зыянга учурабасын. Ал эми мураскор да ушул сыяктуу (милдеттерге ээ) (Бакара: 233).

Тактап айтканда мураскор баланын атасы сыяктуу тамак аш, кийим кечесин камсыздап берет. Бул аяттагы мураскор дегендин мааниси анын негизги мураскор болгондугун эмес, тескерисинче, мураска татыктуулардан болушун билдирет. Аллах ага нафака кылууну парз кылган туугандары болбосо, анын чыгашасы мамлекеттик казынага чегерилип, зекеттен берилет.

عن أبي هريرة قال: قال رسول الله ﷺ: «مَنْ تَرَكَ مَالاً فَلِوَرَثَتِهِ وَمَنْ تَرَكَ كَلّاً فَإِلَيْنَا» رواه مسلم

Абу Хурайра (разияллооху анху)дан риваят: Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Кимде-ким артында мал-мүлк калтырса, ал мураскорлоруна, ал эми кимде-ким атасы, баласы жокту калтырса, (мураскору жок болсо)  анда ал биздики”.

“الكَل Калла сөзү баласы, атасы жок алсыз адамды билдирет.

  1. Кедейлерди багууга милдеттүү болгон туугандарга келсек, бул тууралуу Кувейттин фикх боюнча энциклопедиясында (8267-8268-бетинде) айтылган.

Зекет берүү жайиз болбогон адамдар:

Зекет берүүчүгө жакын болгон же туулгандыгы жагынан зекет берүүчүгө байланышы болгон ар бир адамга зекет берилбейт. Буга анын ата-энеси, чоң аталары, чоң энелери, мураскери болобу же  мураскери эмеспи айырамасы жок баардыгы кирет. Анын балдары да, балдарынын балдары да кирет. Ханафи мазхабында ушундай. Анткени, алардын ортосун мал-мүлктүн пайдалары байланыштырып турат. Бул ханафий мазхабы менен ханбалий мазхабынын көз карашы. Ал эми калган жакын туугандар, мисалы, ага-ини, эже-сиңди, таяке, таеже жана алардын балдарына зекет берүү арам эмес. Ал тургай, алардын кээ бирлери анын карамагында болсо да. Пайгамбар (с.а.в) айткан: “Кедейге садака берүү – бул садака”. Ал эми тууганга берилген садака эки садака болуп сананалат. Кайрымдуулук жана байланышты бекемдөө – бул Ханафий жана Ханбалийлердин пикири.

Маликийлер жана Шафийлерде болсо өз карамагына алуусу важиб болгон  туугандарына зекет берилүүсү жайиз эмес. Маликийлерде мындай туугандарга – атасы менен апасы жана уул-кызы кирет. Алардын балдары кирбейт. Баласын жашы жеткенге чейин, кызын күйөөгө тийип, кошулганга чейин  карамагына алуусу важиб.

Ал эми шафийлердин пикири боюнча, карамагына алуусу важиб болгон туугандарга ата энеси жана уул кыздары кирет.

  1. Көрүнүп тургандай, кызга зекет берүү ал бутактан болгондуктан, факихтер арасында түрдүү пикирлер бар. Алардын арасында зекет берүүчү өз карамагына алуусу важиб болгон адамга зекеттен эмес, зекеттен башка мал-мүлкүнөн сарптаса болот. Алардын ортосундагы пикир келишпестик зекет берүүчү өз карамагына алуусу важиб болгон негиздер жана бутактарга кирген (ата энеси жана уул кыздары…) тууганы ким экендигине байланыштуу. Алардын айрымдары мындай дейт:

Зекет берүүчүгө жакын болгон же туулгандыгы жагынан зекет берүүчүгө байланышы болгон ар бир адам. Буга анын ата-бабалары, анын ата-энеси, чоң аталары, чоң энелери, мураскери болобу же мураскери эмеспи айырамасы жок баардыгы кирет. Анын балдары да, балдарынын балдары да кирет. Ханафий мазхабы мындай дейт: “Анткени алардын ортосун мал-мүлктүн пайдалары байланыштырып турат”. Бул ханафий мазхабы менен ханбалий мазхабынын көз карашы.

Алардын айрымдары айтат:

Маликийлер жана Шафийлер боюнча, зекет берүүчү өз карамагына алуусу важиб болгон  туугандарга зекеттен берилүүсү жайиз эмес. Маликийлер боюнча карамагына алуусу важиб болгон туугардары – атасы менен апасы жана уул-кызы, алардын балдары эмес. Баласы жашы жеткенге чейин, кызын күйөгө тийип, кошулганга чейин  карамагына алуусу важиб.

Алардын айрымдары мындай дешет:

Ал эми шафийлердин пикири боюнча, карамагына алуусу важиб болгон туугандары негиздер жана бутактар. Буга ата энеси жана уул кыздары кирет.

Эми сурооңузга жооп берейин. Зекет акчасын эжеге же кызга берсе болобу?

  1. Кызга келсек:

А. Кызы турмушка чыга элек болсо, атасы менен жашаса, анда ал кызды багуу важиб, ошондуктан зекеттен эмес, акчасынан сарптайт.

Б. Кызы турмушка чыгып, күйөөсү бай болсо ага зекет берилбейт. Эгер кыз кедей болсо, күйөөсүнүн колдоосу менен бай болгондуктан ага зекет берүүгө болбойт.

Ан-Навави “Минхаж”да мындай деген: “Тууганынын же жубайынын жардамы менен бай болгон адам кедей да, муктаж да эмес.

В. Эгер колунда жок кыз турмушка чыкса, күйөөсү аны камсыздоодо кудуретсиз болсо.

Ибн Кудама “Аль-Мугни” китебинде мындай дейт: “Эгерде кедей аялдын аны каржылоочу бай күйөөсү болсо, ага зекет берүүгө болбойт. Себеби, күйөөсүнүнүн милдетүү каржылашы ага жетиштүү болот. Кыймылсыз мүлкү бар адамдын, анын ижара акысы менен өзүн өзү камсыз кылганы сыяктуу болуп калат. Эгер күйөсү аны каржылай албаса ага зекеттен берилүүсү жайиз. Ахмад да ушундай айткан. Аягы.

Талаш-тартыштын чечилиши мүмкүн болгон нерсе – кедей кыздын күйөөсү жакырчылыктын босогосуна жетсе, күйөөсүнө зекет берилиши керек.  Ал алган зекеттин акчасынан аялына сарптайт. Ал эми атасы кызына берген каржылоосу атасынын зекеттен башка акчасынан болушу керек.

  1. Эжеге келсек, ага мындай жооп берилет:

Эгер эжең сенин үйүңдө  жашап, аны камсыздаган сен болсоң, анда ага зекет берүү жайиз эмес. Ал эми, күйөөгө тийип күйөөсү кедей болсо,  ага зекет берсе болот. Тескерисинче, башкаларга караганда ага берилгени артыкчылыктуу. Анткени (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты:

لقوله ﷺ: «الصَّدَقَةُ عَلَى الْمِسْكِينِ صَدَقَةٌ، وَهِيَ عَلَى ذِي الرَّحِمِ ثِنْتَانِ صَدَقَةٌ وَصِلَةٌ». أخرجه الترمذي.

“Кедейге берилген садака – садака, ал эми  тууганга  берилген садака экөө: садака жана байланышты бекемдөө”. Ат-Тирмизи риваят кылган.

Бул жетиштүү болот деп үмүт кылып, сурооңузга жооп катары мына ушуну сунуштайм.

Боордошуңуз Ато бин Халил Абу Рашта.

1445-х 28-Зул хижжа.

2024-ж 7-июль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here