Мунайды долларга чектеген келишими тууралуу

3296
0

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Суроо-жооп

Мунайды долларга чектеген келишими тууралуу

Суроо:

2024-жылы 18-июнда Аль-Хурра сайтында маалымат сайттары 1974-жылы Сауд-Америка келишими жөнүндө сөз болгон кабарлар кеңири тараганы айтылды. Ал келишим Сауд Арабиясынан бардык мунай соодасында долларды колдонууну талап кылат. Бул маалыматтарга караганда, 50 жылга созулган бул келишимдин мөөнөтү бүттү. Бирок, дүйшөмбү күнү Leader Insight веб-сайты бул кабарларды четке кагып, “андай келишим жок” деп баса белгиледи. Мен бул келишимдин чындыгын тактагым келет. Эгер аталган келишим бар болсо доллардын үстөмдүгүн сактап калууда мунайдын ролу кандай? БРИКС уюму келечекте доллардын үстөмдүгүнө таасир эте алабы?

Жооп:

Жогорудагы суроолорго жоопту тактоо үчүн биз төмөнкү маселелерди карап чыгабыз:

Биринчи: Электрондук маалымат сайттары абдан көп. Мунай сатууну долларга чектөө боюнча Сауд-Америка келишиминин мөөнөтү аяктаганы тууралуу тараган кабарларга келсек, бул тууралуу эки өлкөнүн бир дагы расмий адамы айткан жок. Алар бул маселени атайын көз жаздымда калтырышкандай! Ал эми жалпыга маалымдоо каражаттарына келсек, алар адегенде бул маалыматты таратуудан карманышты. Кийин алардын кээ бирлери бул тууралуу көп сөз болгондугуна байланыштуу айта баштады. Мисалы, 15-июнда Орусиянын “RT” сайты: “Сауд Арабиясы менен АКШнын ортосунда 1974-жылы кол коюлган мунай-доллар боюнча келишимдин мөөнөтү бүттү”, – деп жазды. Аны Ольга Самовалова “Взгляд” гезитине жарыялады. Бул Сауд Арабияга өзүнүн мунай жана башка продуктыларын АКШ долларында гана эмес, башка валюталарда да сатууга мүмкүндүк берет. Бул орусиялык маалымат булактарынын мындай келишим бар экени тууралуу расмий эмес ырастоосу…

Экинчи: Америкалык маалымат булактар бул маалыматты четке кагууда:

  1. 2024-жылы 18-июнда Аль-Хурра сайты: “Келишим Сауд Арабиясынан бардык мунай сатууларында долларды колдонууну талап кылат. Маалыматтарга караганда 50 жылга созулган бул келишимдин мөөнөтү азыр бүттү”, – деп жазды. Бирок, дүйшөмбү күнү “Leader Insight” веб-сайты бул кабарларды четке кагып, “андай келишим жок” деп баса белгиледи.
  2. “MorningStar” гезити 2024-жылы 17-июнда Америка менен Сауд Арабиянын ортосундагы узак мөөнөттүү мунай-доллар келишиминин кыйрашына байланыштуу маалымат сайттарында тараган кабарларга токтолуп, “Бул келишим эч качан болгон эмес”, – деди.
  3. “UBS Global Wealth Management” башкы экономисти Пол Донован жума күнү жарыяланган блогунда мындай деди: “Мунай-доллар келишими” тууралуу маалымат таң калычтуу түрдө кеңири жайылып, мааылматты тастыктап алуу коркунучуна байланыштуу дагы бир сабак берди” (MorningStar, 17.06.2024).

Үчүнчүсү:

Акыркы макалалар, маалыматтар боюнча эки тараптын эч бири расмий комментарий берген жок. Америка Кошмо Штаттары менен Сауд Арабиянын ортосунда 1974-жылы түзүлгөн мунай-доллар келишими 2024-жылдын 9-июнунда аяктаганы айтылат. Жогоруда айтылгандай, эки тарап тең расмий түрдө бул маалыматты четке кагып же ырастап комментарий беришкен жок!

Бирок Америка менен Сауд Арабиянын ортосунда бул багытта келишим бар болушу ыктымалдуулугун көргөзгөн башка белгилер бар жана бул белгилерге төмөнкүлөр:

А) Америкада 1978-жылы Башкы көзөмөл кызматы жарыяланган “Экономикалык кызматташтык боюнча Америка-Сауд комитети” деген докладында мындай деп айтылган: “1974-жылы июнь айында түзүлгөн Сауд-Америка Экономикалык Кызматташтык Комитетинин ишин күчөтүүнү жана мунай долларларын кайра иштетүү үчүн Эр-Риядда АКШнын Каржы кеңсесин ачууну сунуштайт”. Доклад өзүнүн кириш сөзүндө бул биргелешкен комитеттин түзүлгөндүгүн ырастайт.

Б) Пол Донован өзүнүн блогунда: “Бүгүн тараган “нефть-доллар келишими” деген жаңылык фейк кабар экени анык” деп айткандан кийин, кошумчалап:  “Балким, буга эң жакын нерсе 1974-жылдын аягында АКШнын казынасына мунай сатуудан түшкөн миллиарддаган долларлык инвестициянын ордуна жардам жана аскердик техника берүүнү убада кылган АКШ менен Сауд Арабиянын ортосунда жетишилген жашыруун келишим болушу мүмкүн”. (MorningStar, 06.17.2024).

В) “MorningStar” гезити 2024-жылдын 17-июнунда Америка менен Сауд Арабиянын ортосундагы мунай-доллар келишимин жазгандан кийин, Американын бухгалтердик бюросу тарабынан жарыяланган отчеттун негизинде, бул маселе эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташтыкты арттыруу үчүн түзүлгөн биргелешкен комитетке тиешелүү. Ага 1974-жылы 8-июнда АКШнын мамлекеттик катчысы Киссинджер менен Саудиянын мураскор ханзаадасы Фахд бин Абдул Азиз ортосунда кол коюлган”, – деп жазды.

Г) Кувейттин “Аль-Кабас” гезити 2020-жылы 20-октябрь күнү “News Memory” гезитинде 1974-жылдын 7-июнундагы санында жарыялаган кабарын кайта жарыялады. Анда төмөндөгүлөр айтылган: “Бүгүн президент Никсон Сауд Арабия өкмөт башчысынын экинчи орун басары жана ички иштер министри ханзада Фахд бин Абдулазиз менен Египет жана Сирия фронтторунда “Израил” менен күчтөрдү бөлүштүрүү жөнүндөгү келишимдерге ылайык Жакынкы Чыгышта туруктуу тынчтыкка жетишүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады. Ошондой эле Сауд Арабия падышалыгы менен АКШнын ортосундагы экономикалык, өнөр жай жана коргонуу тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү жолдорун талкуулашты. Алардын сүйлөшүүлөрү  кечээ күнү үч күндүк визит менен бул жерге келген меймандын урматына Американын президенти Никсондун Ак үйдөгү кабинетинде болду. Ал ханзада Фахд Америка Кошмо Штаттарын мунай менен камсыз кылуунун ордуна өз өлкөсүнө америкалык аскерий жардамды көбөйтүүгө умтулуп жатканын билдирди.

Д) “Businesstimes.com.sg” 2024-жылдын 18-июнунда, “1974-жылы 8-июнда америкалык “Нью-Йорк Таймс” газетасы өзүнүн биринчи бетинде Мамлекеттик катчы Киссинджер жана Сауд Арабиянын Өкмөт башчысынын экинчи орун басары жана падыша Файсалдын бир тууган агасы ханзада Фахд бин Абдулазиз  алты барактан турган келишимге бүгүн эртең менен Ак үйдүн каршысындагы Блэр Хаустун имаратында кол коюшту”, – деп жазды.

Төртүнчүсү:

Жогорудагы “Үчүнчү” пунктту кылдаттык менен карап чыксак, АКШнын президенти Никсондун Фахд бин Абдулазизди кабыл алуусу көңүлдү буруп, бул сапардын чоң маанисин көрсөтүп турат. Буга 1974-жылдын 8-июнундагы Америка-Сауд Экономикалык Кызматташтык Комитетинин түзүлүшү, бул тууралуу расмий булактардын маалыматы, анын ичинде Американын башкы көзөмөл кызматынын отчету да далалат кылат. Бул комитет келишимди ишке ашырууга жооптуу болгондугун да көрсөтүп турат. Булардын баары Америка менен Сауд Арабиянын ортосунда бир келишимдин бар экенин тастыктайт. Мейли ал жазылган же жашыруун болгонбу, же милдеттүү жана жазылбаган түшүнүк түрүнөнбү айырмасы жок. Кичинекей малай мамлекет менен эң күчтүү мамлекет болгон Американын ортосундагы мындай келишимдер малайлар үчүн толугу менен милдеттүү жана ал жазылбаса да толук аткарылат!

Жогорудагы фактылардын бардыгы бул келишимдин, тагыраагы, мунайды долларга чектөө боюнча келишимдин бар экендигин  ырастайт. Бул жашыруун бойдон калууда жана расмий чөйрөлөр тарабынан таанылбаса да, бирок алар аны танбайт.

Бешинчиден: Муну ырастаган нерсе Американын долларды эл аралык валюта катары калуусуна кызыктар экендиги. Ал төмөнкүчө:

А) 1944-жылы алтындын унций баасы 35 доллар деп белгилеген Бреттон-Вуд келишими түзүлгөн. Ушундан кийин доллар дүйнөлүк акча системасынын эң жогорку деңгээлине жетти. Бирок, Американын колониялык долбоорлорунан, айрыкча Вьетнам согушунан жана согушка кеткен өтө көп чыгымдар себептүү Америка алтынга караганда көп доллар басып чыгарды. Натыйжада, 1960-жылдардын аягында жүгүртүүдөгү доллардын саны көбөйүп, дүйнөдө доллар алтынга караганда көбүрөөк болуп калды. Бул чет мамлекеттерди өзүндөгү долларды алтынга алмаштыруу үчүн алтынды талап кылууга шыктандырды. Бул Американын алтын запастарынын түгөнүшүнө алып келди. АКШнын алтын запастары Экинчи дүйнөлүк согуштун аягындагы 574 миллион унциядан 1971-жылы 261 миллион унцияга чейин азайып кетти. Андан кийин АКШнын президенти Ричард Никсон 1971-жылы 15-августта алтын стандартын жокко чыгарып, долларды алтындан толугу менен ажыратты. Бул “Никсон шоктугу” аталышы менен белгилүү.

Б) Бирок, доллар менен алтындын ортосун мындай ажыратуу Америка үчүн саясий жана финансылык көйгөй жаратты. Бул дүйнө өлкөлөрүндө доллар алууга эч кандай шыктануу жок дегенди билдирет. Бул Американы өлкөлөрдүн долларга болгон суроо-талабын жогорулатууга түртө турган жана доллардын глобалдык статусун сактап кала турган башка каражаттарды издөөгө мажбур кылды. Америка өзүнө керектүү нерсени дүйнөнүн энергияга болгон муктаждыгынан тапты. Демек, Сауд Арабиясы ошол кездеги эң чоң өндүрүүчү болгон мунайдын негизги булагы болгон.

В) Никсон администрациясы муну Сауд Арабиясы менен 1972-1974-жылдары мунай-доллар келишимин түзүү боюнча сүйлөшүүлөр аркылуу чечкен. Андан кийин келишимде Америка Саудия режимине коопсуздук кепилдигин бериши каралган. Ага жооп катары дүйнөнүн эң ири мунай өндүрүүчүсү жана дүйнөдөгү эң чоң мунай запастарына ээ болгон Сауд Арабиясы мунай затын доллар менен сатуусу каралган. Ошондой эле, Сауд Арабиясы мунайдан түшкөн миллиарддаган АКШ долларын АКШнын казынасынын облигацияларына кайра иштетүүгө макул болду.

Г) Бул келишимден мурда Сауд Арабиясынын Англияга малай бийлиги мунайды  британ фунт стерлинги менен соодалашчу. Бул келишим 1974-жылы 8-июнда мамлекеттик катчы Киссинджер менен принц Фахд бин Абдулазиздин ортосунда түзүлгөн. Ошентип, мунай фунт стерлингдин ордуна доллар менен айырбаштала турган болду. Ошондон кийин ханзаада Фахд атактуулукка жетип, 1975-жылы мураскор ханзада болгон. Бир тууганы падыша Халиддин тушунда ал көпчүлүк ыйгарым укуктарга ээ болду жана падыша Халид өлүп, 1982-жылдын 1-июнунда падыша болгонго чейин муну уланткан. Ал Америкага малайлыгы менен белгилүү болгон.

Ошентип Сауд Арабиянын мунайдын баасы менен болгон мамилеси 1975-жылдын башынан тартып доллар менен чектелди. Маалымат булактары ​​1974-жылдан кийин Сауд Арабиянын мунай сатуусу АКШ доллары менен чектелгендигин белгилешкен. Буга мунай өндүрүүчү өлкөлөрдүн уюму болгон ОПЕК да кирди. Анын натыйжасында мунай сатып алуусу керек болгон ар бир өлкө үчүн мунай операциялары үчүн доллар валютасынын жетиштүү көлөмү болушу зарыл болуп калды. Демек, бул өлкөлөр доллар менен насыяларды кабыл алышы керек же каржы базарларынан доллар сатып алышы керек болуп калды. Маанилүү нерсе Америка доллардын агымын улантууга кепилдик берди. Ал эми Федералдык резерв банкы долларды басып чыгарууну улантууга кепилдик берди. Айрыкча, Сауд Арабиянын улуттук валютасы долларга байлангандыктан, экономикалык туруктуулукту сактоо үчүн Сауд Арабиянын АКШ долларын кармашына түрткү бар. Саудиянын энергетика министри Халид Аль-Фалих АКШ доллары өлкөсүнүн чийки мунайынын чет өлкөлөргө сатылуусу жана соодасы үчүн бекитилген валюта бойдон кала турганын ырастады… (Анадолу 04.09.2019).

Алтынчы: Сауд Арабиянын Кытай жана Орусия жетектеген БРИКС блогуна кошулушу боюнча.

Бул эки мамлекет тең Американын душмандары. Сауд Арабия мунайдын баасын долларга чектөөсүн улантууда. Анткени бул маселеге башка факторлор да таасир этүүдө. Муну тактоо үчүн биз төмөнкүлөрдү карап чыгабыз:

  1. БРИКС термини Бразилия, Орусия, Индия, Кытай жана Түштүк Африканы бириктирген блокко карата колдонулат. Бразилия, Орусия, Индия жана Кытай 2006-жылы өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө эл аралык иштерде көбүрөөк рол берүү максатында БРИК тобун түзүшкөн. 2011-жылы топтун аты Түштүк Африканын кошулушу менен БРИКС болуп өзгөргөн. Түштүк Африканын борбор шаары Йоханнесбургда 2023-жылы 24-август күнү аяктаган 15-саммитинде Сауд Арабия, Египет, БАЭ, Иран, Эфиопия жана Аргентина БРИКС тобуна кирери жарыяланды. Бул өлкөлөрдүн мүчөлүгү 2024-жылдын башында башталат. Бул саммиттин максаттарынын бири доллардын үстөмдүгүнөн кутулуу жана БРИКСке мүчө өлкөлөр үчүн валюта чыгаруу болгон. Бирок бул өлкөлөр буга макулдаша алышкан жок. Алар өз ара соодасында жергиликтүү валюталар менен иштөөнү кубаттоого аракет кылышты. Ошондуктан, булар топко мүчө болуусу үчүн эң ири мунай экспорттоочу Сауд Арабияны чакырууга аракет кылышты. Белгилей кетчү нерсе, Сауд Арабиянын 2024-жылдын 2-июнунда БРИКСке кошулаары тууралуу расмий телекөрсөтүүдө жарыяланса да, Сауд Арабиянын соода министри Мажид Аль-Касаби Давосто өткөн Дүйнөлүк экономикалык форумдун алкагындагы панелдик талкууда мындай деп билдирди: “Сауд Арабия БРИКСке кошулууга чакыруу алды. Бирок, биз расмий түрдө кошула элекпиз” (Sky News Arabic 16.1.2024). Бул Сауд Арабия БРИКСке кошулуусу Американын кызыкчылыгына туура келиши үчүн анын макулдугун күтүп жаткандыгын билдирет.
  2. Сауд Арабия сыяктуу Америкага малайлыгы бар өлкөлөрдүн БРИКС тобуна кириши бул топту морт кылууда. БРИКС үчүн атайын акча чыгарууга Түштүк Африканын каршылыгын көрдүк. БРИКС тобунда Орусия менен Кытайдан башка көз карандысыз өлкөлөр жок. Калгандары Батыштын, өзгөчө Американын малайлары. Бирок, Орусия менен Кытай Батышка каршы чыгып, каршы фронт түзө алгандай көрүнгүсү келет. Алар ар дайым көп полярдуу дүйнө жөнүндө айтышат. Америка Сауд Арабиясына жана анын башка малайларына БРИКСке кирүүгө уруксат бериши, 2004-жылы Чыгыш Европа өлкөлөрүн Европа Биримдигине кирүүгө үндөгөндөй нерсе. Бул өлкөлөр аркылуу анын ичинен таасир этүүнү көздөйт. Америка Европа биримдигине кирген Польша аркылуу Евро Биримдиктин саясий бийлигин чыңдоо жана аны федералдык мамлекетке жакындатуу максатына тоскоолдук кыла алган. Натыйжада, биримдик сынууга жана кыйроого жүздөнгөн алсыз болгон морт биримдикке айланды. Ал Сауд Арабиясын да ушундай нерсеге дайындаган. Анткени, Саудия ОПЕКтин эң ири өндүрүүчүсү жана ага таасири күчтүү. Америка Сауд Арабиясы менен Россиянын ортосундагы макулдашуу аркылуу ОПЕКтин чектеринде Орусиянын өндүрүшүн көзөмөлдөөгө аракет кылат. Бул үчүн ОПЕК менен Россиянын ортосунда кандайдыр бир альянс түзүү үчүн зарыл болгон ыкмаларды активдүү колдонууну максат кылууда.
  3. Блоктун негиздөөчүсү болгон Путин БРИКСтин валютасын чыгарууга абдан ынтызар. Бирок, ал мүчө мамлекеттердин саясий реалдуулугуна багынып, мындай деди: “БРИКСти кеңейтүүнү улантуу эл аралык деңгээлде блоктун ролун активдештирет. Бирдиктүү валютаны кабыл алуу маселеси дагы эле татаал жана андан ары талкууну талап кылат” ( Al Jazeera, 24.08.023). Аль-Жазира буга чейин 2023-жылдын 23-августунда мындай кабар жарыялаган: “БРИКС тобунун бирдиктүү валютасы маселеси саммиттин жүрүшүндө расмий түрдө көтөрүлгөн эмес, анткени беш мүчө-өлкөнүн ортосунда келишпестиктер жана түшүнбөстүктөр бар. Путин биримдикке видео кайрылуусунда жергиликтүү валюталар менен соода кылууну кеңейтүүгө чакырды…”. Ошентип, Орусия БРИКСтен алгысы келген долларга альтернативалуу валюта таба алган жок.

Жетинчи:

Ички кыйматы жок накталай акча кагаз болуп турганда Экономикалык проблемаларды, экономикалык спекуляцияны жана саясий талаш-тартыштарды жөнгө салууда анын эч кандай  мааниси жок. Тескерисинче  колониялык үстөмдүк уланат. Аллах Тааланын вахийи менен Ислам алтын менен күмүштөн б.а. өздүк баалуулугу бар материалдан акча жасаган. Пайгамбар саллаллаху алейхи уа саллам, алтын менен күмүштү акча катары белгилеген. Ал аларды товарлар менен күч-аракетти өлчөй турган акча стандарты кылды. Бул сахих хадистерде далилденген. Бирок, колонизаторлор экономикалык колониализмдин жана финансылык колониализмдин методдорун колдонуп, акчаны колониализмдин каражаты катары колдонушту. Алар башка валюталарды алтынга же күмүшкө негизделбеген системаларга өткөрүштү. Мына ушул жерден бул көйгөйлөр пайда болду. Ислам мамлекети түзүлмөйүнчө, акчаны алтын менен күмүшкө кайтармайынча бул көйгөйлөр жоюлбайт. Алтын менен күмүш өзү жүгүртүүдө болобу, же ар дайым алтын менен күмүшкө алмаштырууга жарамдуу болгон кагаз акча жүгүртүүдө болобу айырмасы жок. Бул Аллахтын Өз илими менен түшүргөн мыйзамы. Аллах Таала айтат:

﴿أَلَا يَعْلَمُ مَنْ خَلَقَ وَهُوَ اللَّطِيفُ الْخَبِيرُ﴾.

“Жаратуучу гана билет (махлуктарынын ачык, жашыруун нерселерин, аларга эмне жакшы, эмне жаман экенин). Ал жумшак жана кабардар. (Мүлк: 14).

1445-х, 1–Мухаррам.

2024-ж, 8-июль.

.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here