Чыныгы жүздөр ачылууда

1771
0

Чыныгы жүздөр ачылууда

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Түркия менен Сирия ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө эч кандай тоскоолдук жоктугун билдирди. Анын айтымында, эки өлкө ортосундагы мамилелер мурда кандай болсо, дагы кайрадан ошондой деңгээлге көтөрүлүшү мүмкүн.

“Өзүнүздөргө белгилүү, жакынкы тарыхта Сирия менен жандуу мамилелерди орнотконбуз. Ал тургай Асад мырза менен үй-бүлөлүк жолугушууларды уюштурганбыз. Эртең дагы ушундай болбойт деп айтуу таптакыр мүмкүн эмес, кайрадан ошондой болот. Мамиле орнотпогону эч кандай себеп жок. Мурда кандай биргеликте аракет кылган болсок, дагы кайрадан бирге аракет кылабыз”, – деди Эрдоган.

Түркия президентинин бул билдирүүсү Башар Асаддын “Сириянын аймактык бүтүндүгүн камсыздай турган жана кепилдей турган, Түркия менен мамилелерибизди нормалдаштыра турган бардык демилгелерге даярбыз” деген сөздөрүнөн кийин айтылды.

Комментарий: Президент Эрдоган Сирия козголоңу башталгандан бери мазлум мусулмандарды коргоо үчүн иш жүзүндө бирер кадам таштабаса да, бирок Башар Асаддын атын атаганда анын “канкор” жана “залим” экендигин, ошол себептен Асад Сириянын мыйзамдуу жетекчиси боло албастыгын айтып келген эле. Ал эми жогоруда берген билдирүүсүндө “канкор жана залим Асадды” унутуп “Асад мырза” деп атоого өтүп алышы Эрдогандын ким экендигин дагы бир жолу ачыктады.

“Араб жазы” башталгандан бери Түркиянын ролун жакшылап күзөткөн киши муну күтүүсүз көрүнүш деп эсептебейт. Себеби, Түркия бийлигинин тышкы саясаты АКШнын саясатына көз каранды. Мисалы, Мисирде Мухаммад Мурси бийликтен кулатылгандан кийин Эрдоган Миср өкмөтү менен дипломатиялык мамилелерди үзүп, президент Сисиге “залим”, “канкор” деп кайрыла баштаган эле. Сисиге оппозицияда болгондорго Түркиядан башбаанек берип, аларды Түркия жарандыгына кабыл алды. А бирок арадан бир аз убакыт өткөн соң, АКШнын көрсөтмөсү менен кырдаал 180 градуска өзгөрүп, “какор Сиси” кайрадан “Сиси мырзага” айланды. Түркиядан башбаанек тапкан Сиси өкмөтүнүн душмандарынан Түркия жарандыгы кайтарып алынды, ал тургай айрымдары камакка алынып, айрымдары Мисир режимине тапшырылды. Саудия жана Бириккен Араб Эмираттары сыяктуу мамлекеттер менен да кудум ушундай абал жүз берди.

Бүгүнкү күндөгү Түркиянын Асад режими менен мамилени нормалдаштыруу кадамы да, Шам козголоңуна каршы күрөшүүгө жана аны жок кылууга каратылган Американын пландарын ишке ашыруудан башка нерсе эмес. Эрдоган ушул күнгө чейин өзүн Башар Асадга каршы жана козголоңчулардын тарапкери кылып көрсөтүп келген болсо да, негизи Америка мына ушул Эрдогандын колу менен Сирия козголоңун жокко чыгаруу жана өзүнүн малайы Башар Асад режимин сактап калуу максатына жетишти. Бул тууралуу АКШ жетекчилери бир нече жолу ачык эле айтышты. Мисалы, АКШ Борбордук күчтөрүнүн командачысы генерал Жозеф Вотел Түркиянын күнүмдүк колдоосу болбосо АКШ Сириядагы көптөгөн операцияларын ишке ашыра албастыгын билдирди. Пентагондун маалымат катчысы Адриан Галловай АКШны Сириядагы согушта Түркия колдоп-кубаттап жатканын жана Түркиянын мойнуна жүктөлгөн милдеттер көңүл бурууга арзый тургандыгын баса белгиледи. Түркия Ирак жана Сирияда НАТО үчун өтө маанилүү мамлекет болуп эсептелерин баса белгилеген НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг “Биз Түркияга ыраазыбыз” деп, Эрдоган өкмөтүнө ыраазылык билдирди. Айрыкча, Сирия калкынын Түркия армиясына жолдогон кайрылуусу Эрдогандын кыянаттарын дагы да көбүрөөк ашкере кылды. Анда жалпысынан мындай деп айтылат: “…Аллах үчүн айткылачы, эмне үчүн бизге мындай мамиле кылып жатасыңар? Мусулман боордошторубуз жана кошунабыз болуп туруп, эмне үчүн бизге каршы позицияны ээлеп жатасыңар? Канкор Асад режими, Россия жана Иран ишке ашырган кылмыштар натыйжасында аккан кандарды, тебеленген намыстарды жана өлкөбүздү урандыга айланткан чабуулдарды эмне үчүн көрмөкөн болуп жатасыңар? Биздин башыбызга түшкөн күндөргө Түркиядагы Мусулмандардын ачууланышы кайда калды?! Биздин башыбызга түшкөн күндөргө силердин ачууланышыңар кайда калды?! Өкмөтүңөр акыйкат жолду таба албай калып, Россия жана Америка менен биргеликте аракет кылууну пайдалуу деп ойлой баштадыбы? Өкмөтүңөр эмне үчүн тар көз караш менен аракет кылып жатат? Силердин бул жолуңар туура жол эмес. Эгер бул жолду уланта берсеңер жана позицияңарды өзгөртпөсөңөр, силерди Аллахтын каары, элиңердин ачуусу жана Ислам Үммөтүнүн жек көрүүсүнөн эскертебиз. Билип койгула, өкмөтүңөрдүн бул позициялардан көздөгөн максаты – биздин ынкылапты жок кылуу жана адамдарыбызга, намыстарыбызга каршы кылмыш кылуудан баш тартпай турган Асад режимине бизди тапшыруу. Ошондуктан, бул келишимди четке кагабыз жана силерди да бул келишимди аткарууну токтотууга чакырабыз. Антпесе, биздин назарыбызда силердин да Асад режиминен эч кандай айырмаңар калбайт”.

Эрдогандын бул иштери анын Ислам Үммөтүнө карата тынымсыз кыянат кылып жатканын көрсөтүп турат. Ушундай болгон соң, Ислам Үммөтү бир байрак алдында бирикпесе, мындай фитналардын курмандыгы боло берет. Анткени, бул фитналарды Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык мамлекети гана токтото алат. Демек, мындай фитналар жана тил бириктирүүлөрдөн кутулуунун бирден-бир жолу мусулмандарды кордуктан азиздикке жана караңгылыктан нурга алып чыгуу үчүн аң-сезимдүү түрдө аракет кылып жаткан калыс адамдар менен биргеликте Аллахтын шариятын колдонуучу Халифалык мамлекетин тикелөөгө аракет кылуу. Себеби, Халифалык гана бүт дүйнөдөгү мусулмандарды бириктирет, Ислам аскерин бутка тургузуп, намыстарды коргойт жана шейиттердин каны үчүн өч алат.

لِمِثْلِ هَذَا فَلْيَعْمَلْ الْعَامِلُونَ

“Амал кылуучулар мына ушундай (түбөлүк бакыт) үчүн амал кылышсын! (37:61)

Зохид Заргар

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here