Тазия

1982
0

Тазия

28-июнда Ош облусуна караштуу Ноокат районунда селден беш кишинин өмүрү кыйылганы тастыкталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мындан тышкары дагы эки киши дайынсыз болуп жатканын билдирди. Мындан улам, жакындарын жоготкон тургундарга көңүл айтып, тазия билдиребиз. Курман болгон жердештерибизди Аллахым рахматына алып, Бейишинен жай беришин дуба кылабыз.

Маалыматка ылайык, сел кеминде эки көпүрөнү, 10 электр мамычасын агызып, 10 үйдүн короосуна кирген. Суунун аркы бетинде болжолдуу 1300 адам өтө албай калып калганы аныкталганы айтылды. Аллахым алардын аман-эсен кайтып келишин, сак-саламат үй-бүлөсү менен жолугуусун насип кылсын.

Албетте мындай абалда мусулмандар кырсыктар Аллах Тааланын сыноосу экенин түшүнүп, сабыр кылып Аллахты көп эстешибиз керек. Расулуллах ﷺ айтат:

«عَجَبًا لِأَمْرِ الْمُؤْمِنِ إِنَّ أَمْرَهُ كُلَّهُ خَيْرٌ، وَلَيْسَ ذَاكَ لِأَحَدٍ إِلَّا لِلْمُؤْمِنِ، إِنْ أَصَابَتْهُ سَرَّاءُ شَكَرَ فَكَانَ خَيْرًا لَهُ، وَإِنْ أَصَابَتْهُ ضَرَّاءُ صَبَرَ فَكَانَ خَيْرًا لَهُ»

«Момундун иштери ажайып, анын бардык иши жакшылык. Бул нерсе момунга гана берилген. Эгер, ага кубаныч жетсе, шүгүр кылат жана ал үчүн жакшылык болот. Эгер, ага жамандык жетсе, сабыр кылат жана ал үчүн жакшылык болот». (Муслим риваяты).

Бул сыяктуу кырсыктар Аллах Таала алдында алсыз экенибизди эске салып жатат. Биз ушул убакта дагы да Аллахка жакын болуп, кетирген каталарыбызга кечирим сурашыбыз жана ар дайым Ага дуба кылуубуз керек. О.э. ажал жана ырыскы Аллахтын колунда экенин унутпашыбыз зарыл.

﴿وَمَا كَانَ لِنَفْسٍ أَنْ تَمُوتَ إِلَّا بِإِذْنِ اللَّهِ كِتَاباً مُؤَجَّلاً﴾

«Ар бир жан Аллахтын уруксаты менен жана анык белгиленген мөөнөттө гана өлөт» [3:145].

Ырас, бул дүйнө сыноо дүйнөсү болгон соң, демек, сел жана башка табигый кырсыктар да адамдардын ыйманын, иш-амалдарын текшериш үчүн Аллахтын берген сыноолорунан болуп саналат. Ким бул окуя ириминде Исламий акыйдага байланса, шариятка ылайык амалдарды кылса, сооп алат.

Муну менен катар биз мындай окуялар Аллахтын балээси болушу мүмкүн экенин да эстен чыгарбашыбыз керек. Анткени, бул тууралуу көптөгөн нусустар келген. Мисалы, Аллах Таала “Рум” сүрөсүнүн 41-аятында айтат:

ظَهَرَ الْفَسَادُ فِي الْبَرِّ وَالْبَحْرِ بِمَا كَسَبَتْ أَيْدِي النَّاسِ لِيُذِيقَهُمْ بَعْضَ الَّذِي عَمِلُوا لَعَلَّهُمْ يَرْجِعُونَ

– Адамдардын өздөрү кылган кылмыштары себептүү кургактыкта да, деңизде да фасад-балээлер пайда болду. (Бул балээлер адамдар кылып жаткан күнөөлөрүнөн) кайтуусу үчүн, аларга (өздөрү) кылган айрым күнөөлөрүнүн (жазасын) таттырып коюу үчүн (жиберилген).

Ошондуктан, мусулмандар ар кандай кырсык-апааттарда “Бул Аллахтын бизге жөнөткөн балээси болуп калбасын” деп коркушу керек. Мындай учурларда, Аллахтын каарын келтире турган иштерге каршы чыгып, жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтарышы зарыл. Мына ушунда, мусулман адам бул сыноону жеңип өткөн болот (эгер өлүп кетсе, шахиддик мартабасына жетишет). Ал эми, кафирлер жана күнөөкөрлөр өз күнөөлөрүн уланта беришсе, алар бул сыноодо уттурушат жана бул аларга Аллахтын балээси болот.

Абдуллах ибн Умардан риваят кылынат: Расулуллах (с.а.в) биздин алдыбызга келип: «Эй мухажирлер жамааты, беш нерсе бар, алар менен балээленсеңер кандай абалда калар экенсиңер. Силер аны менен балээленишиңерден Аллахтан баанек сураймын: Бирер коомдо фахишалык (жыныстык бузукулук) кең жайылып кетсе, аларда тоун жана ата-бабаларында болбогон ооруулар көбөйөт. Бирер коом өлчөө жана таразадан уруп калса, алардын башына ачарчылык, кыйынчылык жана жетекчинин жабыры келет. Бирер коом малдарынын зекетин бербей койсо, аларга асмандан жамгыр жаабай коёт, эгер айбандар болбогонунда, аларга эч жамгыр жаабай коёр эле. Бирер коом Аллахка жана Расулуна берген убадасын бузса, Аллах алардын үстүлөрүнө өздөрүнөн башка (бөлөк бир) душмандарын өкүмдар кылып коёт. Алар ошол коом ээлик кылган нерселердин айрымдарын тартып алышат. Бирер коомдун жетекчилери Аллахтын Китеби менен өкүм жүргүзбөсө, алар Аллах түшүргөн нерсени ыхтыяр кылышпаса, Аллах аларды өз ара уруша турган кылып коёт» (Ибн Маажа риваяты).

Алланын Элчиси (с.а.в) айтат: «Аллах жалпы элди – качан жаман ишти кайтарууга кудуреттүү болуп туруп, анын өз алдында болуп жатканын көрүп туруп, андан кайтарбай турган даражага жетмейинче – айрым жеке адамдардын кылган иши себептүү азаптабайт. Эгер ушундай кылышса (т.а. жаман иштерди көрүп-билип туруп кайтарышпаса) Аллах бүт баарын азаптайт». (Имам Ахмад риваяты).

Аллахым күнөөлөрүбүздү кечирсин, мындан чоңураак балээлерге тушуктурбастан туруп туура жолуна баштасын, сабыр берсин, нусратына жетиштирсин!

Туркистон

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here