Валийлер

1378
0

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Валийлер

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

روى أبو داوود في سننه قال: حَدَّثَنَا أَحْمَدُ بْنُ حَنْبَلٍ حَدَّثَنَا هُشَيْمٌ عَنْ مَنْصُورٍ عَنْ ابْنِ سِيرِينَ قَالَ أَحْمَدُ قَالَ مَرَّةً يَعْنِي هُشَيْمًا عَنْ بَعْضِ وَلَدِ الْعَلَاءِ أَنَّ الْعَلَاءَ بْنَ الْحَضْرَمِيِّ كَانَ عَامِلَ النَّبِيِّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ عَلَى الْبَحْرَيْنِ فَكَانَ إِذَا كَتَبَ إِلَيْهِ بَدَأَ بِنَفْسِهِ

Абу Давуд өзүнүн “Сунанында” мындай дейт: “Бизге Ахмад ибн Ханбал риваят кылды, Хушайм бизге Мансурдан, ал Ибн Сиринден риваят кылды. “Аль-Алаа бин аль-Хадрами Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам)дын Бахрейндеги амили болгон, ал качан ага кат жазса, өзүнөн баштачу.

روى مسلم في صحيحه قال: حَدَّثَنَا عَبْدُ الْمَلِكِ بْنُ شُعَيْبِ بْنِ اللَّيْثِ حَدَّثَنِي أَبِي شُعَيْبُ بْنُ اللَّيْثِ حَدَّثَنِي اللَّيْثُ بْنُ سَعْدٍ حَدَّثَنِي يَزِيدُ بْنُ أَبِي حَبِيبٍ عَنْ بَكْرِ بْنِ عَمْرٍو عَنْ الْحَارِثِ بْنِ يَزِيدَ الْحَضْرَمِيِّ عَنْ ابْنِ حُجَيْرَةَ الْأَكْبَرِ عَنْ أَبِي ذَرٍّ قَالَ: قُلْتُ يَا رَسُولَ اللَّهِ أَلَا تَسْتَعْمِلُنِي قَالَ فَضَرَبَ بِيَدِهِ عَلَى مَنْكِبِي ثُمَّ قَالَ: “يَا أَبَا ذَرٍّ إِنَّكَ ضَعِيفٌ وَإِنَّهَا أَمَانَةُ وَإِنَّهَا يَوْمَ الْقِيَامَةِ خِزْيٌ وَنَدَامَةٌ إِلَّا مَنْ أَخَذَهَا بِحَقِّهَا وَأَدَّى الَّذِي عَلَيْهِ فِيهَا”

Муслим өзүнүн “Сахихинде” мындай дейт: “Абд ал-Малик бин Шуайб бин Аль-Лайс мага Абу Зардан риваят кылды: Ал айтты: “Оо, Аллахтын Элчиси, мени аамил кылбайсыңбы?” – дедим. Ал колу менен ийинимди таптап айтты: “Оо Абу Зар, ​​сен алсызсың, ал аманат, ким аны өз ордунда аткарбай, аманатка кыянат кылса,  Кыямат күнү  кордук жана өкүнүч болот”.

Аль-Нававинин Муслимдин хадисине берген шархында мындай деп айтылган:

Пайгамбар (с.а.в.)дын сөзү: “Оо, Абу Зар, ​​сен алсызсың, ал аманат, ким аны өз ордунда аткарбай, аманатка кыянат кылса,  Кыямат күнү  кордук жана өкүнүч болот”.

Башка риваятта: (يَا أَبَا ذَرّ إِنِّي أَرَاك ضَعِيفًا، وَإِنِّي أُحِبّ لَك مَا أُحِبّ لِنَفْسِي، لَا تَأَمَّرَنَّ عَلَى اِثْنَيْنِ، وَلَا تُوَلَّيَنَّ مَال يَتِيم) “Эй Абу Зар, ​​мен сенин алсыз экениңди көрүп турам, мен өзүм үчүн жакшы көргөн нерсени сага да каалайм. Эки адамга амир болбо, жетимдин мал-мүлкүнө жана калкка валийлик кылба”.

Бул хадис валий болуудан качуу үчүн чоң негиз. Айрыкча, ошол мамлекеттин милдетин аткарууда алсыз болгондорго. Ал эми кордук жана өкүнүч, бул ага татыктуу болбогондордун жазасы. Же ага ал татыктуу болуп туруп  адилеттүүлүк кылбаган болсо, анда Аллах Таала аны Кыямат күнү  шерменде кылат. Ал бул иште кайдыгер болгонуна өкүнөт. Бирок кимде-ким мамлекеттик мансап болгон валийликке татыктуу болсо жана анда адилеттүү болсо, анда ал үчүн чоң сооп болот. Муну сахих хадистер далилдеп турат. Мисалы: “Аллах өз көлөкөсүнө ала турган жети киши” тууралуу хадис.  Ал хадисте: “Чындыгында, адилеттүүлүккө ээ болгондор нур минбарында болушат”, – деп айтылат.  Бул нерсе мусулмандардын ижмаъсы менен бир добуштан макулдашылган. Ага карабастан, жоопкерчиликте коркунучтун чоңдугунан улам,  Пайгамбар (с.а.в) андан эскерткен, аалымдар да андан эскертип, тыйылышкан. Мурунку туура жолдогулар бул нерседен тыйылып, келген зыянга сабыр кылышкан.

Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) Аллах фатх кылган өлкөлөргө акимдерди дайындаган. Мисалы: Аттаб бин Асид Меккеге, Амр бин Хазм Йеменге, Зияд бин Лабид Аль Ансари Хадрамаутка валий болгон…

Валий – Халифалык мамлекетинин бир аймагын башкаруучу катары халиф дайындаган адам. Валийдин шарттары халифанын шарттары сыяктуу: ал мусулман, адилеттүү, эркин, балагатка жеткен жана акыл-эстүү адам болушу керек. Бул жерде валийлик башкаруу дегенди түшүндүргөндүктөн, “Аль-Мухит” сөздүгүндө: бир нерсенин башкаруучусу жана анын үстүндө валийлик  амирлик жана бийлик деп келген. Ошондой эле, Валий адамдардын арасынан туура башкаруучу, илимдүү жана такыбалыгы менен белгилүү болгон адамдардан тандалуусу керек. Валийлер  өздөрүнө тапшырылган ишти жакшы аткарып, кол алдындагылардын жүрөгүн ыйманга, мамлекеттен коркууга толтургандардын арасынан болушу керек. Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) жетекчилерди ушинтип тандап алган.

Валийди иштен кетирүү:

Халифа валийди иштен кетирүү керек деп чечсе ал иштен алынат. Пайгамбар (с.а.в.) Муаз бин Жабалды Йеменден эч кандай себепсиз кызматтан бошоткон. Же мамлекеттеги адамдардын көпчүлүгү же алардын өкүлү валийге нааразы болушса ал иштен алынат. Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) Аль-Ала бин аль-Хадрамини Бахрейндин валийлигинен бошоткон. Анткени, Абд Кайстын делегациясы анын үстүнөн арызданган.

Ошондуктан, Хизб-ут-Тахрир Аллах кааласа жакында боло турган Халифалык мамлекетинде ишке ашыруу үчүн даярдаган конституция долбоорунда эки максат үчүн вилаят межлиси вилаят элинен шайланышын кабыл алган.

  1. Валий өз вилаятынын абалын түшүнүшүнө жардам берүү. Анткени алар жергиликтүү тургун болгондуктан аны жакшы билишет.
  2. Зарыл болгон учурда валийдин өкүмү боюнча (ага каршы болсо) кеңештин райын алуу. Кеңештеги көпчүлүк ага нааразы болсо, халифа аны кызматынан бошотот.

Сүйүктүү бир туугандар!

Алгачкы доорлордо вилаят экиге бөлүнгөн:

Намазга валийлик жана зекетке валийлик. Же валийге жалпы мандат берилген. Тагыраагы, намазга да зекетке да бир мандат берилген. Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) Зияд бин Лабид аль-Ансарини Хазрамавтка жана анын зекеттерине валий кылып дайындагандыктан, анын мандаты жалпы мандат болчу. Ошондой эле, Фарва бин Масикти Мурад, Музабид жана Мазбаж урууларына башкаруучу кылып дайындап, аны менен кошо Халид бин Саид бин Аль-Аасты зекеттерин жыйноо үчүн валий кылып жиберген.  Ошондуктан, алардын ар биринин мандаты атайын белгилүү бир мандат болчу. Айта кетчү нерсе, намазга валийлик кылуу дегени адамдарга намазда гана имамдык кылуу эмес, тескерисинче, намаз сөзү акча (каражат) чогултуудан башка өкүм чыгаруу деген мааниде болгондуктан, акчадан башка бардык иштерде аларга валий болуу дегенди билдирет.

Халифке жалпы мандат үчүн валийди дайындоо жана өзгөчө мандат үчүн валийди дайындоо жайиз. Бирок, Хизб долбоордо валийге (эгер алсыз болсо) халифадан көз карандысыз болууга шарт түзө турган маселелерден тышкары, валийге өзгөчө мандат берилишин кабыл алган… Бул маселелер армия, казыят жана каражат болуп саналат. Бул үч маселенин ар бирин башка мамлекеттик аппараттар сыяктуу Халифага баш ийүүчү өзүнчө мекеме кылат. Башкача айтканда, валийден көз карандысыз мекеме кылынып халифке гана баш иет. Анткени, Аббасийлер халифалыгынын алсыз доорунда жалпы валийлик валийлердин өз мандаттарында өз алдынча болушуна шарт түзүп койгон. Халифа өз  атына дуба кылдыруусу жана анын атынан тыйындарды чыгартуусунан башка таасири калбаган. Ошондуктан, валийлерге жалпы мандат берүү Ислам мамлекетине зыян алып келгендиктен, өзгөчө мандат берүү зарылдыгы тарыхта тастыкталган.

Валийлердин бир вилаяттан экинчи виялаятка которулушу:

Валий  бир вилаяттан экинчи вилаятка жаңы дайындоосуз которула албайт. Ал кызматтан бошотулуп кайра дайындалат. Себеби Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) валийлерди кызматтан кетирип, бир жерден экинчи жерге валий кылып  которгондугу риваят кылынган эмес.

Халифанын валийлердин иш-аракеттерин иликтеп, аларды көзөмөлдөп турушу:

Халифа валийлердин иш-аракеттерин иликтеп, аларды тыкыр көзөмөлгө алышы керек. Муну ал түздөн-түз өзү жасайбы же ага өз атынан бирөөнү дайындайбы айырмасы жок. Алардын шарттарын, абалын билип, текшерип турушу керек.

Ошондой эле, тафвиз муавини вилаяттардагы валийлердин иш-аракеттерин көзөмөлдөө жана халифага алардын шарттарын, багыттарын башкарууга жумшаган нерселерин кабарлоо укугуна ээ. Халифа ошондой эле бардык валийлерди бирге чогултуп, же өз өзүнчө чогултуп, кол алдындагылардын алар тууралуу арыз-даттанууларын угушу керек. Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) акимдерди дайындоодо сынап, аларга кандай иш кылуу керек экенин көрсөтүп, кээ бир маанилүү иштерден эскертип турчу. Ал ошондой эле валийлерди тескеп, алардын шарттарын ачыкка  чыгарып, киреше чыгашаларын тергеп тескеп турчу…

 روى البخاري في صحيحه عَنْ أَبِي حُمَيْدٍ السَّاعِدِيِّ قَالَ: “اسْتَعْمَلَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ رَجُلًا عَلَى صَدَقَاتِ بَنِي سُلَيْمٍ يُدْعَى ابْنَ الْلَّتَبِيَّةِ فَلَمَّا جَاءَ حَاسَبَهُ قَالَ هَذَا مَالُكُمْ وَهَذَا هَدِيَّةٌ فَقَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فَهَلَّا جَلَسْتَ فِي بَيْتِ أَبِيكَ وَأُمِّكَ حَتَّى تَأْتِيَكَ هَدِيَّتُكَ إِنْ كُنْتَ صَادِقًا”.

Аль-Бухари өзүнүн “Сахихинде” риваят кылган. Абу Хумайд ас-Саиди, мындай деген: “Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) Бану Сулайм уруусунун зекеттерин чогултуу үчүн Ибн аль-Латбия деген адамды жумушка алды (аамилдике). Ал: «Бул силердин малыңар, бул мага берилген менин белегим”,- деди. Ошондо Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Эгер чынчыл болсоң, ата-энеңдин үйүндө отурсаң да белегиң келет беле?”.

Валийлер Халифалык мамлекетинин төртүнчү аппараты жана булар аларды курчап турган, бийлик азгырыгынан коргогон өкүмдөр. Биз Улуу Аллах Тааладан биздин жеңишибизди жана күч-кубатыбызды тездетүүсүн,  Халифалык мамлекети тикеленип, анын аппараты жана мусулмандардын кызыкчылыгын коргогон кишилер Ислам динин ааламга жеткиргендигин тезирээк көзүбүзгө көргөзүүсүн тилейбиз….

Аллах буйруса, кийинки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин Аллахтын камкордугу, коргоосу жана коопсуздугу сиздер менен болсун. Сиздерге  Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1445-х 17 – Зулхижжа.

2024-ж 27-июнь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here