Германияда Исламга каршы күрөш күч алды

1970
0

Германияда Исламга каршы күрөш күч алды

Германия өкмөтү жарыялаган отчетто 2023-жылы мусулмандарга жана Ислам баалуулуктарына карата 1926 жолу кол салуу учуру катталганы айтылды. Бул мурдагы жылга салыштырганда эки эсе көп. 2022-жылы 898 учур катталган. Бул күн сайын беш окуя катталганын билдирет. Кол салуу негизинен мечиттерде жана көрүстөндөрдө болгон. Кол салуулардын 15 пайызы мусулмандардын ар кандай жараат алуусу менен аяктаган. Исламофобдор тарабынан негизинен окуучуларга жана аялдарга карата кол салуулар күчөгөн. Жогорудагы сандар расмий катталган учурлар. Ал эми, расмий катталбаган кылмыштар эселеп көп экени айтылууда. Анткени,  расмий бийлик мусулмандардын бул түрдөгү кылмыштарга карата даттануусуна олуттуу көңүл бурбайт. Мындан улам, көпчүлүк окуялар каттоого алынбайт.

83 миллион калкы бар Германияда 6 миллионго жакын мусулман жашайт. Буга карабастан Батыш коому демократиялык система убада кылган эркиндиктерди коргоо маселесинде эки жүздүүлүктүн жеткен чегинде турмуш кечирүүдө. Тагыраагы, алар ураан кылып чакырып келген дин тутуу, пикир жана жеке эркиндиктер мусулмандарга карата эч бир учурда колдонулбай турган абалга кептелди. Тескерисинче, бул эркиндиктер Ислам жана мусулмандарга каршы тайпалар үчүн колдоно турган куралга айланды. Буга Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в)га карата жийиркеничтүү карикатураларды чыгарышканда, Ыйык Куранды өрттөп, тебелеген ыплас окуяларда ачык күбө болдук. Демек, каапырлардын “эркиндик” ураандары Исламга каршы күрөштөргө келгенде гана ашыгы менен колдонулат. Ал эми, Макрондун карикатурасы тартылганы сыяктуу окуяларда сөз эркиндиги “ар намыска шек келтирүүгө” алмашып калат.

Буга кошумча, мусулман өлкөлөрүнүн жетекчилери каапырлардын мындай жийиркеничтүү аракеттерине куру сөз айтуудан ары өтө албай турган болуп калышты. Айрымдарынын ачуу сөздөрү шайлоо астындагы гана упай топтоочу популисттик аракетке айланып калды. Ал эми, шайлоо бүткөн соң кайрадан Исламга каршы күрөшкөн мамлекеттер менен камыр-жумур мамиле түзүүдө.

         Демек, биз мусулмандар каапырлардын Ислам жана мусулмандарга каршы күрөштөрүнө кайдыгер карабашыбыз керек. Эгер кайдыгер болсок, бул аларды шыктандырып, башка баалуулуктарыбызга да чабуул кылышы айдан ачык. Буга кошумча, үстүбүздөгү жетекчилерди бүгүнкү кор абалдан кутулуп, Ислам баалуулуктарын коргоого чакырышыбыз зарыл. Алар тарыхтагы жетекчилерден өрнөк алышы шарт.

         Эй Ислам үммөтүнө жана Ислам баалуулугуна чабуул кылып жаткан дин душмандары! Пайгамбарыбыз (с.а.в) убада кылган адамзатты бул дүйнөдө жана акыретте куткара турган Рошид Халифалык тикелене турган күн алыс эмес. Халифа Ислам жана мусулмандарды ар кандай чабуулдардан коргой турган калкан болуп эсептелет. Расулуллах ﷺайтат:

«إِنَّمَا الْإِمَامُ جُنَّةٌ يُقَاتَلُ مَنْ وَرَائِهِ وَيُتَّقَى بِهِ»

«Имам – анын артында туруп согуш кылына турган жана аны менен коргонула турган калкан» (Муттафакун алайх).

         Бул калкан мусулмандарды дээрлик 1400 жыл коргоду. Муну Халифалыктын тарыхы тастыктап турат. Качан бул калкан тикеленсе, Аллахтын изни менен Ислам жана мусулмандар дагы кайрадан азиздикке жетери анык.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here