Кыргызстан менен Евро Биримдиктин ортосунда түзүлгөн келишимдин максаты

1817
0

Кыргызстан менен Евро Биримдиктин ортосунда түзүлгөн келишимдин максаты

25-июнда “Европа Биримдиги менен Кыргызстандын ортосунда кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө” келишимге кол коюлду. Бул документ 1999-жылкы Бишкек менен Брюсселдин ортосундагы өнөктөштүк жана кызматташтык тууралуу келишимди алмаштырат. Келишимге президент Садыр Жапаровдун Бельгияга расмий сапары маалында кол коюлду.

Расмий маалымат боюнча келишимде соода жана инвестиция, туруктуу өнүгүү жана байланыш, изилдөө жана инновация, билим берүү, айлана-чөйрө жана климаттын өзгөрүшү, мыйзам үстөмдүгү, адам укуктары жана жарандык коом тууралуу макулдашуулар каралган.

Еврокомиссиянын тышкы саясий мекемесинин басма сөз катчысы Питер Станонун айтымында, үчүнчү өлкөлөр менен кандай гана келишим түзүлбөсүн адам укуктары, негизги эркиндиктерди коргоо, жарандык коом менен кызматташтыкты өнүктүрүү эске алынат. Кыргызстан менен түзүлгөн келишимге бизнес, инвесторлого жагымдуу шарт түзүү гана эмес адам укуктарын, негизги эркиндиктерди урматтоо жана коргоо чөйрөсү да кирет.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын жалпы тышкы соода жүгүртүүсүндө Европа өлкөлөрүнүн үлүшү 10%ды түзөт. Ал эми, өлкөнүн жалпы экспортунун 21%ы Европага кетет. 2023-жылдан тарта соода жүгүртүү 3,4 эсеге көбөйгөн.

Комментарий:

Евро Биримдик 2019-жылы Борбор Азияга карата жаңы стратегиясын жарыялаган. Ушул жылдан тарта Кыргызстан менен түзүлгөн стратегиялык келишимди жаңылоо боюнча сүйлөшүүлөр күчөтүлгөн. А түгүл, айрым учурда Кыргызстанга адам укугу, басма сөз эркиндиги жаатында басым өткөрүп келди. Маселен, өткөн жылы 13-июлда Европарламенттин жыйынында Кыргызстандагы адам укуктарынын абалына, сөз эркиндигине жана маалымат каражаттарына болгон басым тууралуу резолюция кабыл алынды. Документте 2022-жылдын январынан тарта Кыргызстанда адам укуктарынын жана сөз эркиндигинин абалы кескин начарлап кеткени белгиленген. Буга кошумча, Европарламент резолюцияда кыргыз парламентинде талкууланып жаткан “Жалпыга маалымдоо каражаттары”, “Бейөкмөт уюмдар”, “Чет өлкөлүк өкүл” жана “Балдарды зыяндуу маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорлорун артка кайтарууну эскертти. Натыйжада, кыргыз бийлиги Орусия кызыкчылыгы үчүн кабыл алынып жаткан жогорудагы мыйзамдардын айрымдарын артка кайтарды.

Түпкүлүгүндө, Батыштын мусулмандарга тыгыштырып жаткан “сөз эркиндиги” алдоо жана айла-амалдан башка нерсе эмес. Батыш качан мусулмандарды акаарат кылса “сөз эркиндигин” бетке кармайт, ал эми өздөрүнө келгенде болсо “сөз эркиндигин” унутат. Мисалы, Швецияда Ыйык Куранды өрттөп, акаараттоону, Францияда Пайгамбарыбыз (с.а.в)ды карикатурага түшүрүп шылдың кылууну сөз эркиндиги деп сайрап жатышат. А бирок, француз философу Роже Гароди сионисттердин сөздөрүн четке какканы үчүн камак жазасына өкүм кылынды, мында “сөз эркиндиги” эсепке алынбады. Демек, качан Исламга чабуул кылуу, аны акаарат кылуу жүз берсе, сөз эркиндиги бетке кармалат. Ал эми Ислам өкүмдөрүн жашоого алып келүүгө даъват кылынса башка диндерди акаарат кылуу деп табылып, дароо тыюу салынат. Мына ушундан көрүнүп тургандай, сөз эркиндиги сыяктуу жылмакай сөздөр жана эл аралык мыйзамдар колонизатор Батыш мамлекеттеринин кызыкчылыгына кызмат кылуу үчүн колдонулуучу бир курал болуп эсептелет.

Албетте, жогорудагы келишим Евро Биримдиктин басымы себептүү гана кабыл алынган жок. Балким, мында кыргыз бийлигинин да айрым кызыкчылыктары бар. Тагыраак айтканда, Кытайдын өлкөдөгү таасири күчөп, бийликти толугу менен көзөмөлдөп калбашы үчүн тышкы саясатта балансты кармоо аракети көрүлүп жатат. Анткени, учурдагы президент Жапаровдун бийлиги Кытай бийлигин кожоюн кылып тандап алган. Муну саясий келишимдер менен катар статистикалык маалыматтар да күбөлөп турат. Маселен, Кыргызстандын өткөн жылдагы тышкы соодасы 11,8 миллиард долларды түздү. Тышкы соодада Кытай биринчи орунга чыгып соода алака 4,1 млрд долларга жетти. Ал эми, Кытайдын статистикасында Кыргызстанга мындан 4 эсе көп товар киргизилгени белгиленген. Кыргызстанды Кытайга байлаган дагы бир фактор мамлекеттин тышкы карызы. Кыргызстандын тышкы карызы 4 жарым млрд долларды түзсө, анын 2млрд га жакыны Кытайга тиешелүү. О.э грант берүү жагынан да Кытай биринчи орунга чыкты жана Кыргызстанга салынган түз инвестициянын 33%ы Кытайга тиешелүү. Өлкөдө 300дөн ашуун Кытай ишканалары иштейт, андан тышкары 200гө жакын кыргыз-кытай биргелешкен ишканалары бар. Ал эми тоо-кен иштетүүчү ишканалардын 80 %ы кытай компанияларына таандык.

Ар бир колонизатор жаңы бошоп жаткан майданды өз таасири астына алууга умтулгандыктан, Европа Биримдиги да Орто Азияда анын ичинде Кыргызстанда өз таасирин күчөтүүгө умтулууда. ЕБ бул жолдо негизинен “адам укуктары”, “сөз эркиндиги” идеяларынан пайдаланып, аларды демократиялык институттар, бейөкмөт уюмдар жана таалим тармагына каражаттар ажыратуу аркылуу ишке ашырууда. О.э инвестиция шылтоосу менен Кыргызстанга окшогон жакыр өлкөлөрдү өз таасири астына алууну максат кылат. Европанын бул максаттары кайсы бир деңгээлде ишке ашып, кыргыз бийлиги өлкөдөгү ири долбоорлор үчүн эл аралык уюмдарга кайрылып, Европа өлкөлөрүнөн инвестиция тартууга аракет кылууда.

Демек, Орто Азия аймагы, анын ичинде Кыргызстан үстүндө колонизаторлук күрөшү улам өөрчүп барууда. Өкүнүчтүүсү, үстүбүздөгү малай акимдер арзыбас маталарга ээ болуу же өз күрсүсүн сактап калуу үмүтүндө, күч кимде болсо ошого ээрчип кетишүүдө.

Биз мусулмандар, пайдага негизделген жана зулум үстүнө курулган капиталисттик түзүмдү ыргытып салып, Исламга карай кадам таштамайынча колонизаторлордун курмандыгы болуудан, алардын зулумунан кутула албайбыз. Ушундай болгон соң, Орто Азия калкын эле эмес, бүткүл дүйнө элин мындай кордуктардан азат кылуучу Халифалык мамлекетин тикелөө жолунда бир денедей аракет алып баруубуз зарыл!

Нурдин Асаналиев

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here