بسم الله الرحمن الرحيم
АДЕП-АХЛАК
Көркөм эсептелүүчү хулктар
2
Жумшактык, чыдамкайлык, кичипейилдик
Ачуусу келбестик – бул жумшактык эмес, ал болгону кадыр-баркы жок болуп,
кордук эмне экендигин билбей турган айбан сыяктуу абалга түшүп калуу болуп эсептелет.
Жумшактык – бул ачуулана турган абалга түшүп калганда өзүн кармап, ачуусун тизгиндеп алуу, андан соң тафаккур кылып, акыл менен мамиле кылуу.
Чыдамкайлык болсо, шашылбастан иш кылууну билдирет. Башкача айтканда, ар кандай кабарды алып, аны текшерип көрбөстөн таратуудан же ошол кабар негизинде шашылыш өкүм чыгаруудан сактануу чыдамкайлык болуп эсептелет.
Кичипейилдик – бул оройлук же зомбулуктун тескериси т.а. зомбулук кылып, күч менен эмес, тескерисинче каталарды оңдоп, туура жолду көрсөтүү менен иштерди башкаруу.
Ибн Аббас жана Абу Саъид Худрийден риваят кылынган хадисте Пайгамбар с.а.в. Ашаж Абдул Кайска:
إن فيك خَصلتينِ يُحِبُّهما الله: الحِلمُ، والأناة
«Сенде Аллах жакшы көрө турган эки касиет бар, алар: жумшактык жана чыдамкайлык», – деген. Муслим риваяты.
Айиша р.а. риваят кылган хадисте Пайгамбар с.а.в.:
إن الله رفيق يحب الرفق في الأمر كله
«Аллах кичипейил (Ал) бардык иште кичипейилдикти жакшы көрөт», – деген. (муттафакун алайх).
Айша р.а. риваят кылган хадисте Пайгамбар с.а.в:
إن الله رفيق يحبُّ الرِّفق، ويُعطي على الرفق ما لا يُعطي على العنف، وما لا يعطي على ما سواه
«Аллах кичипейил, кичипейилдикти жакшы көрөт, оройлук аркылуу жетиштирбеген нерсесине о.э. таптакыр башка нерсе аркылуу жетиштирбеген нерсесине кичипейилдик аркылуу жетиштирет», – деген. Муслим риваяты.
Айша р.а. риваят кылган хадисте Пайгамбар с.а.в.:
إن الرِّفقَ لا يكون في شيء إلا زانَه، ولا يُنزَع من شيءٍ إلا شانَه
«Кайсы бир иште кичипейилдик болсо, аны кооздойт, кайсы бир иштен кичипейилдик кетсе, аны айыптуу кылып коёт»,– деген. Муслим риваяты.
Жарир ибн Абдуллах Пайгамбар с.а.в.дын:
مَن يُحْرَمِ الرِّفْقَ ، يُحْرَمِ الخيرَ كُلَّه
«Ким кичипейилдиктен куржалак болсо, жакшылыктан куржалак болот», – дегенин уккан элем дейт. Муслим риваяты.
Айша р.а. Пайгамбар с.а.в.дын мына ушул үйүмдө:
اللهُمَّ مَنْ ولِي من أمْرِ أُمَّتِي شيئًا فَشَقَّ عليهم فاشْقُقْ علَيهِ ، ومَنْ ولِيَ من أمرِ أُمَّتِي شيئًا فَرَفَقَ بِهمْ فارْفُقْ بِهِ
«Эй Аллахым, кимде-ким Үммөтүмө бирер иште жетекчи болуп, аларга оройлук кылса, Сен да ага оройлук кылгын, кимде-ким бирер иште Үммөтүмө жетекчилик кылып, аларга кичипейил болсо, Сен да ага кичипейил болгун»,– дегенин укканмын дейт. Муслим риваяты.
Абу Мастур Ибн Мухаммад
Аллах биздин орозобузду жана намазыбызды кабыл кылабы? Аллах Таала Өзүнүн шариатында бардык иштерибизди таразага салып…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адамдын улуу сыйлыктан кур калуусу Урматтуу бир туугандар “Асыл…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Орозо кармоо жана түнү намазга туруу Урматтуу бир туугандар…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Орозо кармагандар үчүн Ар-Райян дарбазасы ачылат Урматтуу бир туугандар…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Орозо жана бейиштин эшиктери Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
Муфтият айт күнүн алдын ала белгиледи Муфтият Орозо айт күнүн 30-мартка белгиледи. Бул тууралуу билдирүү…