Батыштын бузуку идеялары – демографиялык кризис

2413
0

Батыштын бузуку идеялары – демографиялык кризис

Бүгүнкү күндө Батыш коому курут болуу коркунучу астында турат. Себеби Батышта, өзгөчө Европа өлкөлөрүндө төрөлүү деңгээли кыскарып, карылар көбөйүүдө. Маселен, Батыштын айрым шаарларында элдин орточо курагы 60 жашты түзөт. Бул Батыш коомунун карыгандыгынын эң жаркын далили. Мындай кырдаал экономикага өтө терс таасирин тийгизип гана калбастан, тукум курут болуу коркунучун да билдирет.

Окумуштуулардын айтымында, бул демографиялык кырсыктын негизги себеби Батышта гомосексуализм жана феминизм сыяктуу бузуку идеялардын кең жайылгандыгына барып такалат. Өз кезегинде бул бузуку идеялар коомдогу салттуу негиздерди бузуп, «үй-бүлө», «ата-энелик», «нике», жада калса «аялдык» жана «эркектик» деген түшүнүктөргө каршы күрөшөт. Арийне бул жогорудагыдай жаман акыбеттерге алып келүүдө.

Батыш бул бузуку идеяларды дүйнө жүзүнө жаюуга аракет кылып келет. Ошондуктан өзүнүн таасирин, өкүмдарлыгын жана бузуку идеяларын дүйнөгө жаюуда Бириккен Улуттар Уюмун ишке салып жатканы эч кимге сыр эмес. Башкача айтканда, БУУ Батыштын колундагы инструментке айланып калган. Бириккен Улуттар Уюму бул жаатта үлкөн иштерди алып барууда жана бул бузуку идеяларды адамдарга кабыл алдырууга, жайылтууга катуу үгүттөп жатат.

БУУнун резолюциялары жана Батыш өлкөлөрүнүн мыйзамдары «үчүнчү жыныстын» бар экенин макулдайт жана жынысын өзгөртмөкчү болгондордун баарын шыктандырып, колдойт. БУУ гендердик теңдикти, аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү камсыздоо деген аталышта гомосексуализм жана феминизм идеяларын жайылтат. Бул үчүн тийиштүү мыйзамдарды жана программаларды кабыл алдыруу үчүн уюмга мүчө мамлекеттерге басым кылат. Кала берсе БУУ 17-майды Гомофобия, трансфобия жана бифобияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү деп жарыялаган.

Ошондой эле БУУ гомосексуализм жана феминизмди мыйзамдаштырган эл аралык конвенцияларды даярдап, кабыл алган. Мисалы: Аялдарды дискриминация кылуунун ар кандай көрүнүшүн жоюу конвенциясы, Аялдарга карата зомбулуктарга чекит коюу декларациясы, Европа Кеңешинин аялдарга карата зомбулуктарга каршы күрөшүү жана алдын алуу конвенциясы (Истамбул конвенциясы). 2004-жылы аялдардын абалы жөнүндөгү БУУ комиссиясынын баяндамасында гомосексуализм расмий түрдө кабыл алынып, гомосексуалисттердин укугун коргоо жана аларды коомго кабыл алдыруу чакырыгы камтылды. Гомосексуализмди мыйзамдаштыруу максатында Адам укуктары боюнча БУУ башкармалыгы 2012-жылы «гейлердин укуктары боюнча колдонмо» чыгарды. Мындай иш-аракеттердин, мыйзамдардын, конвенция жана резолюциялардын натыйжасында гомосексуализм жана феминизм идеялары кеңири жайылып жатат. А түгүл бала бакча, мектеп, окуу жайларда пропагандалоо иштери алып барылууда.

Өз кезегинде бул бузуку идеялардын жайылышы жаман натыйжаларга алып келди. Тагырак айтканда Европа коомунда үй-бүлөлөр бузулуп, төрөлүү кыскарууда жана өз жанын кыйгандардын саны көбөйүүдө. Le Figaro гезити жарыялаган изилдөөгө ылайык, Европа өлкөлөрүн «демографиялык кыш» күтүп жатат. Изилдөөдө Европада төрөлүү деңгээли абдан төмөндөп, муундун жаңылануусуна кепилдик жок экени ырасталган. Изилдөөдө Италияда 1964-жылы бир миллион бала төрөлгөндүгү катталган болсо, 2022-жылы болгону 393 миң бала төрөлгөнү айтылат. Евростаттын отчётуна ылайык акыркы он жылдыкта Европа Биримдигинин калкынын өсүү темпи басаңдап жатат. Акыркы он жылдыкта өлгөн адамдардын саны төрөлгөндөрдөн көп болууда жана кары адамдар Европа калкынын көпчүлүгүн түзүп калышты.

Гомосексуализм жана феминизм бузуку идеяларынын натыйжасында үй-бүлө институту да начарлаган. Франция улуттук статистика институнун маалыматына ылайык, 1991-жылы никесиз төрөлгөн балдардын саны 37%ды түзгөн болсо, 2022-жылы бул көрсөткүч 65%га жеткен. Ал эми Британияда 2008-жылы эрди-катындар азчылыкты түзүп, көпчүлүк адамдар никесиз мамилени тандашкан жана төрөлгөн балдардын дээрлик жарымы никесиз төрөлгөн. Ошондой эле жалгыз эркек жана аялдардын көрсөткүчү 50%дан ашкан. Ар бир үч жуптун экөөсү ажырашкан.

Батыш үгүттөп жаткан гомосексуализм жана феминизм идеялары Батыш коомунун тирүүлүгүнө коркунуч жаратууда. Себеби бул бузуку идеялар коомдун негиздерин талкалап, элдин тукум курут болуусуна түртүп жатат. Бирок, ошол эле изилдөөлөр көрсөткөндөй, мусулман коому тескерисинче көбөйүп жатат. XXI кылымдын ортолоруна барып мусулмандардын саны үч миллиардга жетери айтылууда. Мусулмандардын мындай ийгилигинин сыры эмнеде? Албетте алардын дининде. Ислам демократия жайып жаткан бузуку идеяларды, түшүнүктөрдү четке кагат. Мусулмандар өз дининин баалуулуктарын бул бузуку идеялардан жогору коюшат. Ошондуктан карып, жок болууга багыт алган Батыш бул бузуку идеяларды кабыл алдыруу үчүн ар кандай резолюцияларды, конвенцияларды даярдап, башка мамлекеттерге, өзгөчө мусулман өлкөлөрүнө кабыл алдыруу үчүн Бириккен Улуттар Уюмун ишке салууда. Андыктан, кыйроого алып барчу БУУнун ар кандай резолюция жана конвенцияларын четке кагуубуз кажет. Ошол эле учурда динибизди дагы да бекем кармап, Исламды бийик кылууга умтулуубуз шарт. Ислам – мусулмандарды гана эмес, бүткүл адамзатты кыйроодон куткаруучу идеология!

Харун Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here