Бисмиллаахи рохмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Вазир-Муавиндер
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
روى الترمذي في سننه قال: حَدَّثَنَا أَبُو سَعِيدٍ الْأَشَجُّ حَدَّثَنَا تَلِيدُ بْنُ سُلَيْمَانَ عَنْ أَبِي الْجَحَّافِ عَنْ عَطِيَّةَ عَنْ أَبِي سَعِيدٍ الْخُدْرِيِّ قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: “مَا مِنْ نَبِيٍّ إِلَّا لَهُ وَزِيرَانِ مِنْ أَهْلِ السَّمَاءِ وَوَزِيرَانِ مِنْ أَهْلِ الْأَرْضِ فَأَمَّا وَزِيرَايَ مِنْ أَهْلِ السَّمَاءِ فَجِبْرِيلُ وَمِيكَائِيلُ وَأَمَّا وَزِيرَايَ مِنْ أَهْلِ الْأَرْضِ فَأَبُو بَكْرٍ وَعُمَرُ».
Ат-Тирмизи “Сунанда” риваят кылып, айтты: Бизге Абу Саид аль-Ашажж риваят кылды, ал Талид бин Сулайман Абу Жаххафдан, Атиядан, Абу Саьиид аль-Худриден риваят кылды. Ал айтты: Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) айтты: “Бардык пайгамбарлардын Асмандагы жана жердеги эки вазири болгон. Менин асмандагы эки вазирим – Жабраил жана Микаил, жер калкынан болсо, Абу Бакр жана Умар”.
Тухфат аль-Ахвазийде мындай деп айтылган:
“مَا مِنْ نَبِيٍّ إِلَّا وَلَهُ وَزِيرَانِ مِنْ أَهْلِ السَّمَاءِ وَوَزِيرَانِ مِنْ أَهْلِ الْأَرْضِ”
“Асман элинен жана жер калкынан экиден вазири жок Пайгамбар болбойт”.
Вазир сөзү “визро” сөзүнөн алынып, жетекчисинин оор жүгүн көтөрүүчү дегенди билдирет. Мааниси: Эгер башына бир иш келсе, ал экөө менен кеңешет, падыша көйгөйлүү мүшкүл ишти вазири менен кеңешкени сыяктуу.
Аллах Таала Куранда айтат:
قَوْلُهُ تَعَالَى: {وَاجْعَلْ لِي وَزِيرًا مِنْ أَهْلِي هَارُونَ أَخِي اُشْدُدْ بِهِ أَزْرِي}
“Менин үй-бүлөмдөн, бир тууганым Харунду мага вазир кылып ал аркылуу менин белимди бекемде”.
Вазир амирдин жардамчысы жана анын жүгүн көтөрүүчү. Амир кимдин пикирине жана кеңешине кайрылса, ал ага баш калка жана баш калкалоочу жай.
Ал айтты: Бул хасан гариб хадис (гариб хадис – риваятчыларында же иснадында жекечеленип, өзгөчөлөнүп калган хадис).
Аль-Хаким да бул хадисти риваят кылып, анын сахихтигин тастыктаган. Ал өзүнүн “Наваадирин” эмгегинде Ибн Аббас жана башкалардан риваят кылган.
Сүйүктүү бир туугандар:
Вазир сөзү тилде жардамчы деген маанини туюнтат жана Ыйык Куранда вазир сөзү ушул тилдик мааниде колдонулган:
{وَاجْعَلْ لِي وَزِيرًا مِنْ أَهْلِي}
“…жана менин үй-бүлөмдөн бирин мага вазир кыл” (Тоха: 29).
Бул хадисте сөз өзүнүн тилдик маанисинде б.а. жардамчы деген мааниде келген. Бул сөз жалпы мааниде болуп, ар кандай жардамды өз ичине алат. Кандай гана маселе болбосун, анын ичине Халифага анын жоопкерчилигиндеги бардык иштерине жардам берүү да бар…
Бул хадистен Хизб-ут-Тахрир төмөнкү өкүмдөрдү алган:
1-Халифа халифалык жүгүн көтөрүүдө жана анын милдеттерин аткарууда жардам берүү үчүн өзүнө жардамчыларды дайындай алат.
2-Бирден көп жардамчылардын жайиздиги. Башкача айтканда, халифа муктаждыгына жараша бир же бир нече жардамчы дайындай алат.
3-Халифа өкүм жүргүзүү жана башкаруудан башка иштерге жардамчыларын дайындоого укугу бар. Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам)дын асмандагы жардамчылары өкүм жүргүзүүдө анын жардамчылары болушкан эмес. Ал эми, Абу Бакр менен Умар жардамчы болушкан. Бул халифанын өкүм жүргүзүү жана башкаруудан башка иштерге жардамчыларды дайындоо укугуна ээ экендигин билдирет. Өкүм жүргүзүү, башкарууда иш тапшырылгандар тафвиз муавин деп аталат.
Тафвиз муавини:
А) Дайындалышы жагынан. Тафвиз муавин мамлекеттин бардык аймактарында башкы көзөмөлчү жана орун басарлык кызматты аткарат.
Б) Иш жагынан. Тафвиз муавин мамлекеттин бир бөлүгүндө иштөөгө дайындалышы мүмкүн. Демек, вилаяттар муавиндер ортосунда бөлүштүрүлөт. Мисалы, халифанын жардамчысы чыгышта, башкасы батышта, башкасы түндүктө, башкасы түштүктө жана башка…
В) Которулуу жагынан. Тафвиз муавин жаңы дайындоого муктаж болбостон, биринчи жерден экинчи жерге жана бир жумуштан экинчи ишке которулушу мүмкүн. Мында жаңы дайындоого муктаждык болбойт. Анткени, дайындалуу ар бир ишти камтыйт.
А) Себеби, үммөттүн иштерин башкаруу халифага жүктөлгөн жана анын ижтихадына негизделген. Анткени Расул (Салаллаху алейхи уа саллам) айтты:
“الإمام راع وهو مسؤول عن رعيته“
“Имам жоопкер жана ал кол астындагыларга жооптуу”.
Б) Тафвиз муавини ката кетириши мүмкүн. Ал катаны оңдоосу керек. Ошондуктан, Халифа жардамчысынын бардык иштерин карап чыгышы керек болот.
Ал төмөнкүдөй:
А) Эгер тафвиз муавини ишке ашырып жаткан иш башкарууга тиешелүү болуп, өз нугунда жүрүп жатса же каржыга тиешелүү болуп, өз ордунда сарпталып жаткан болсо анда бул орунда Тафвиз муавининин пикири күчүнө кирет. Анткени, негиз халифанын пикири эске алынат. Халифанын аткарылган өкүмдөрдү же сарпталган акчаны оңдоого акысы жок.
Б) Эгер Тафвиз муавининин ишке ашырып жаткан иши мындан башка болсо, мисалы, валийди дайындоосу же армияны жабдуусу сыяктуу. Бул орунда Халиф ага каршы турууга укуктуу. Бул учурда жардамчынын пикири эмес, халифанын пикири ишке ашат. Анткени, халифа бул ишти өзү кылууга укуктуу. Демек өзүнүн орун басары тафвиз муавини аркылуу да ишти кылууга акысы бар.
А) Тафвиз муавини халифанын буйругу менен кызматка дайындалат жана бошотулат.
Б) Халифанын өлүмү менен Тафвиз муавининин мандаты бүтөт жана алар убактылуу амирдин мезгилинде гана ишин улантышат.
В) Аларды бошоттум деген буйруктун кереги жок. Анткени, алардын мандаты аларды өзүнө жардамчы кылып алган Халифанын өлүмү менен аяктайт.
Г) Эгерде жаңы халифа аларды жардамчы кылып дайындагысы келсе, аларга жаңы халифадан жаңы дайындоо керек болот.
Тафвиз муавиндери Халифалык мамлекетинде негизги кызматтан кийинки эле орган болуп саналат. Башкача айтканда, Халифадан кийинки эле экинчи негизги кызмат болуп саналат.
Аллах буйруса, кийинки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1445-х 15-Зулхижжа
2024-ж 20-июнь.
Басма сөз баянаты Кыргыз бийлиги Исламга каршы мыйзам долбоорун кабыл алууда! Кыргыз бийлиги сентябрь аында…
Кызыл-Омпол кени ишке берилди Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүү…
Бисмиллааахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Жакшылыкка буюруу, жамандыктан кайтаруу жана дубанын кабыл болуусу Урматтуу…
УЧУРДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК КЫРДААЛ – ИРИ ДЕРЖАВАЛАРДЫН ӨЗ АРА КҮРӨШҮНҮН НАТЫЙЖАСЫ! Ушул күндөрдө АКШнын Нью-Йорк…
Өкмөт жолдон эки жолу салык алууну көздөп жатат Министрлер кабинети Кыргызстанга ташылып келген күйүүчү-майлоочу майдын…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Илим ээлери жана аалымдар Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…