Кызыл-Омполдогу уран кенин иштетүүгө инвесторлор изделүүдө

3027
0

Кызыл-Омполдогу уран кенин иштетүүгө инвесторлор изделүүдө

Кыргыз өкмөтү 19-июнда чет элдик инвесторлорду тоо-кен тармагындагы бир катар долбоорлорго катышууга чакырды. Алардын арасында буга чейин талкуу болуп келген уран кени жайгашкан Кызыл-Омпол кенин иштетүү долбоору да бар.

Мындан тышкары, мунайды, темирди иштетүү боюнча өкмөттүн сунуштары да айтылды. Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевдин айтымында, Кыргызстанда темирдин руда түрүндөгү запасы 5 миллиард тоннадан ашат. Таш-Булак аймагынан уран иштетүү мүмкүнчүлүгү да сунушталат. Кыргызстанда сейрек кездешкен металлдардын 50 миллион тоннадан ашуун запасы бар.

Өткөн аптада Жогорку Кеңеш Кыргызстанда уран иштетүүгө жана чалгындоого киргизилген чектөөнү алып салган мыйзамды кабыл алган. Муну менен Кызыл-Омпол кенин иштетүүгө жол ачылган.

Буга чейин өкмөт башчы Акылбек Жапаров кенди казууга даярдык көрүү үчүн бюджеттен 1 млрд сом берилгенин билдирген. Ал 26-28-июнда Кытайдын Үрүмчү шаарына барып, ошол жактагы титаномагнетит чыгарган ири заводдун ишмердиги менен да таанышарын кошумчалаган.

А бирок, экологдор аталган кенди иштетүүдө жаратылышка тие турган зыяны чоң экенин эскертүүдө. Айрыкча, Кызыл-Омполдон казылган материалдар Кара-Балтага ташылып кайра иштетүү пландалып жаткандыктан, мунун кооптуулугу дагы да жогору. Анткени, Балыкчыдан Кара-Балтага ташып келүү үчүн калк жыш жайгашкан Чүй облусун баштан аяк аралап өтүү талап кылынат.

Ал арада Жумгал районунун Миң-Куш айылында уран калдыктарын ташыган жүк ташуучу унаанын сайга кулашы калкты дагы да чочулатууда. Министрлик аталган унаада уран калдыктары бар экенин ырастады. Окуя болгон жерден тартылган видеодо  кырсыкка кабылган автоунаадан кандайдыр бир белгисиз затты оор техника башка машинеге жүктөп жатканын көрүүгө болот.

Өлкөдө 2019-жылы калктын нааразылыгынан улам уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүүгө тыюу салынган. Буга Кызыл-Омпол кенин чалгындаган Орусиянын «ЮрАзия» ишканасынын ишмердүүлүгүнө карата калктын нааразылыгы түрткү болгон.

Учурда Жапаровдун бийлиги аталган кенди иштетүүгө шымалана киришип жатат. Кызыл-Омполдо калктын саламаттыгы үчүн кооптуу заттар болушуна карабай, анын пайдасын бетке кармашууда.

Кызыл-Омполдогу уран кенин иштетүү эл үчүн чындап эле көйгөй жаратат. Анткени, аталган уран кени деңиз деңгээлинен 3000 метрге чейин бийиктикте жайгашкан. Жер астындагы уран сыртка алып чыгылгандан кийин, радиациялык нурлануу коркунучу көбөйөт. Уранды өндүрүп алууда анын калдыктары калат. Андагы радиация бир нече миң жылга чейин коркунуч жарата берет. Анын зыяны суу жана шамал аркылуу таркалат.

Казып алынган сыръёну тоо-кен фабрикасына ташып жеткирүү да кооптуу. Эгер уран жүктөлгөн контейнерлер аварияга учурагыдай болсо, аны зыянсыз деп алдап кетишет, бирок, эл зыянын тарткан бойдон калат. Мындай окуяга Барскоондогу цианид авариясында күбө болгонбуз. Жогорудагы Миң Куш айылындагы кырсык да буга ачык мисал болот.

Жыйынтыктап айтканда, бүгүнкү күндө капиталисттик система пайдага негизделгендиктен, үммөттүн мүлкү болгон кен байлыктарды иштетүүдө адамдарга зыяндуулугу эске алынбайт. Зыянсыз ыкмалар менен иштетебиз деп жатышканы – алдоодон башка нерсе эмес. Буга Кумтөрдөгү мөңгүлөрдүн талкаланышында, цианиддин сууга төгүлүшүндө ачык күбө болдук. Учурдагы бийлик Кызыл-Омполдогу кенди эле эмес, Жетим тоо сыяктуу ири темир ж.б кен байлыктарын да инвесторлордун колуна карматуу аракетин көрүп жатат. Андыктан, кен байлык маселеси жаатында эл бийликтин алдоолорунан этият болуп, бийликти шарият өкүмдөрү боюнча мухасаба кылышы керек. Алардын Үммөттүн мүлкүнө жасаган кыянаттыктарына кайдыгер карабашы зарыл.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here