Уяттуулук

1693
0

بسم الله الرحمن الرحيم

АДЕП-АХЛАК

Көркөм эсептелүүчү хулктар

1

Уяттуулук

Уят араб тилиндеги (حياء) сөзүнөн алынып, өзүн кармануу, чектөө жана изоляция сыяктуу маанилерди түшүндүрөт. Терминде болсо, адамга берилген сыпат болуп, адептүүлүк маанисин түшүндүрөт, анын тескериси болсо адепсиздик. Уяттуу адам дегени – “уялчаак ”, “уялуучу”, “ошондуктан ал уялчаак жана өзүн карманат, чегинет” деген сыяктуу мааниде колдонулат.

Исламда болсо, арамдардан, күнөөлөрдөн сактануу, бирөөлөрдүн акысына зулум кылуудан сактануу т.а. уяттуулук – өз ээсин жамандыктан сактанууга үндөй турган, бирөөлөрдүн акы-укуктарын этибарсыз калтыруудан сактай турган мамиле. Ал көркөм ахлактардын негизи, ыймандын зыйнаты, хадисте келгендей, Исламдын бир көрүнүшү болуп эсептелет:

 لكل دين خلق، وخلق الإسلام الحياء

 “Ар бир диндин өзүнө таандык өзгөчөлүгү бар, Исламдыкы болсо уяттуулук”. Имам Малик “Ал-Муватто”до риваят кылган.

Уяттуулук – бул жакшылыктын далили, амандыктын көрсөткүчү жана айыптан коргоочу баанек. Вахб ибн Мунаббих айтат: “Ыйман жылаңач, анын кийими таква, зыйнаты уяттуулук”. Дагы айтылат: Кимде-ким уяттуулук кийими менен жашырынса, адамдар анын кемчиликтерин көрүшпөйт.

Уяттуулук – адам табиятынан уят деп эсептеген иштерден, жүзү жоктук кыла турган адамдар менен талашып-тартышуудан, фахш-уят сөздөрдү сүйлөөдөн сактануу менен бир катарда ар кандай арам ишти кылуудан сактануу о.э. шарият башкалар үчүн аткарууну талап кылган өз мойнундагы милдеттерди аткаруу.

Уяттуу – деген сыпатка ээ болуу үчүн алгач жалган айтуу, кыянат кылуу, гыйбат, чагымчылык, саткындык, жалаа жабуу, бирөөлөргө зыян жеткирүү, алдоо, эң негизгиси Үммөткө, Динге зыян жеткирүү, Динди үйрөнүүдөн, Диндин талаптарына амал кылуудан тосуу сыяктуу шариятта арам болуп эсептелген иштерди билиш керек, андан соң мындай уятсыз сыпаттардан өзүбүздү тазалашыбыз керек, себеби бул иштер уятсыз фасик, кафирлердин иши болуп эсептелет.

Экинчиден: Мойнубуздагы башкалардын акыларын да жакшы билишибиз керек. Мисалы: аялынын, балагат жашка жетпеген же майып перзенттеринин нафакасы эркектин мойнундагы алардын акысы болуп, аны өтөбөгөн эркек уятсыз болуп эсептелет. Балагат жашына жеткенге чейин соо-саламат чоңойтуп, Куръан, хадис, тажвид, фикх, араб тили сыяктуу сакафий илимдерден колунан келишинче үйрөтүү, Исламга амал кылууга үйрөтүү, үй-бүлө курганда мойнундагы милдеттерин өтөй ала турган кылып тарбиялоо, коомдо өз ордуна жараша иш кыла турган кылып тарбиялоо эненин мойнундагы балдардын акысы болуп, ата үй-бүлөгө жоопкер болгондуктан бул да атанын мойнундагы акы болуп эсептелет. Негизи, адеп-ахлак жашынан башталышы керек. Себеби, Пайгамбарыбыз с.а.в. мындай деген: «Балдарыңар жети жашка чыкканда намазга (т.а. Исламга амал кылууга) буйругула. Он жашка жеткенде (шариятка кайдыгерлиги үчүн) ургула жана алардын жаткан жерин  бөлүп койгула.” Имам Ахмад бул хадисти “Муснад”ында риваят кылган.

Бул хадис баланын адеп-ахлагы эки баскычка бөлүнүшүнө далалат кылат: Биринчи баскыч – баланын он жашка чейинки абалы болуп, бул мезгилде адеп көрсөтүү үчүн урганы болбойт. Себеби, бул жашта намазга буюруп, бирок урбаш керектиги баса белгиленип жатат. Намазга урбагандан кийин демек башка иштерде да урбаш керектиги белгилүү болот. Демек, бул учурда урбастан, кызыктыруу жана эскертүү услубдары менен чектелишибиз керек. Экинчи баскыч: Он жаштан баштап бойго жеткенге чейин адеп берүү үчүн керек болуп калса урса болот. Балагатка жетмейинче ага шаръий хаддар жана жазалар колдонулбайт. Себеби, Пайгамбар с.а.в. «Үч кишиден калем көтөрүлгөн: жаш баладан балагатка жеткенге чейин, уйкудагы адамдан тээ ойгонгонго чейин, жиндиден оңолгонго чейин», деген. Бул хадисти Абу Давуд риваят кылган. Андагы «калем көтөрүлгөн» деген сөздүн мааниси – милдет жүктөлбөгөн дегени. Балагатка жеткен соң, шаръан мукаллафка айланышат. Эгер бирер кылмыш же арам ишти кылып коюшса, казынын буйругу менен жазаланышат. Бул ата-эненин мойнундагы шаръий акылар тууралуу кыскача маалымат болду.

О.э. кошунанын акысын, тууган-уруктун акысын, Аллахтын калимасын бийик кылуу үчүн аракет кылып жаткандардын, ушул жолдо камалып калгандардын акысын, жетимдердин, достордун,аалымдардын, амирлердин акыларын өтөө да уяттуулук болуп эсептелет.

Аалымдардын жана акыларды билген адамдардын акыйкатты туура жеткирүүсү, билгендерин элге таратуусу, ар бир адамга насаат кылуусу, булардын мойнундагы элдин акысы болуп, аны аткаруу да уяттуулук болуп эсептелет.

 Амирлер үчүн кол алдындагыларга зулум кылбастан акысын өтөө, адилеттүүлүк менен башкаруу, кол алдындагы адамдарга кулак салуу, алар менен тилектеш болуу, муктаж болгондоруна колунан келишинче жардам берүү да уяттуулук болуп эсептелет.

Уяттуулук жөнүндөгү далилдер:

  • Ибн Умар риваят кылышынча, Пайгамбар с.а.в. бир ансорий боордошуна уят жөнүндө насаат кылып жатканда өтүп калып:

‎‫دعة فإن الحياء من الإيمان‎

«Айта берсин, себеби уят ыймандан», –  деген. (муттафакун алайх)

  • Имрон ибн Хусайн риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз с.а.в.:

‎‫«الحياء لا يأتي إلا بخير»‎

«Уят жакшылык гана алып келет», – деген (муттафакун алайх).

  • Абу Хурайра риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз с.а.в. мындай деген:

‎‫الإيمان بضع وسبعون – أو بضع وستون – شعبة فأفضلها قول لا إله إلا الله.‎‫وأدناها إماطة الأذى عن الطريق‎ والحياء شعبة من الإيمان‎

«Ыйман жетимиш канча бутакка бөлүнөт. Анын эң абзели “Аллахтан башка илах жок” деп айтуу. Эң төмөнкүсү жолдон азар бере турган нерсени алып таштоо. Уят да ыймандын бир бөлүгү». (муттафакун алайх).

Өкүнүчтүүсү, динсиздик өкүмдар болгон доордон баштап адамдарда уятсыздык урфка айланып калды. Акыйкатсыздык, арамдарды кылуу, жалаа жабуу, алдоо, жалган сүйлөө,убадага турбоо жана алсыздарга зулум кылуу менен белгилүү болгон адамдар жүздөрү кызарып катасынан уялуу эмне экенин билбей калышты. Мындай уятсыздарга ордун көрсөтүп коюунун ордуна, аларды актоо, аларга кошомат кылуу күчөдү.

Биз шариятка кайтып, Расулуллах с.а.в.ды үлгү кылып алышыбыз керек. Антпесе, Аллахтын алдына кайсы жүзүбүз менен барабыз?!

Аллах Тааладан уялып, корколу, антпесе Расулу с.а.в.га: “Биз сиздин Үммөтүңүздөнбүз, сизди ээрчидик” деп кантип айтабыз?!

كان النَّبيُّ صلَّى اللهُ عليه وسلَّم أشَدَّ حَياءً من العَذراءِ في خِدْرِها  ، وإذا كَرِه شيئًا عُرِفَ في وَجْهِه

“Расулуллах соллаллоху алайхи ва саллам көшөгө артындагы кыздан да уялчагыраак эле, эгер бир нерсени жактырбаса (т.а. акыйкатсыздыкты көрсө) жүзүнөн билинип калат эле”. Бухарий риваяты.

Абу Мастур Ибн Мухаммад

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here