Тажикстан парламенти хижабга тыюу салган мыйзамды кабыл алды
19-июнда Тажикстан парламентинин жогорку палатасы “Салттарды жана ырым-жырымдарды тартипке келтирүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизди. Мыйзамдын жаңы редакциясына ылайык, улуттук маданиятка төп келбеген кийим кийүүгө, жарнамалоого жана сатууга тыюу салынмакчы. Мыйзамды бузгандарга 65 миң сомони же 6000 АКШ доллары көлөмүндө айып пул салынат.
Парламент кабыл алган мыйзамдагы өзгөртүү президент кол койгондон кийин күчүнө кирет. Буга чейин Тажикстандын тогут президенти Эмомали Рахмон хижаб кийими тажик маданиятына туура келбей турганын билдирип чыккан.
Эске салсак, Өзбекстан парламентинин Төмөнкү палатасы 2023-жылдын 5-сентябрында коомдук жайларда никаб кийген аялдарды административдик жазага тартуу боюнча мыйзам долбоорун кабыл алган.
Аны улай Кыргызстанда никаб кийүүгө жана узун сакал коюуга тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылган.
Ал эми, Казакстан Билим берүү министрлиги «Милдеттүү мектеп формасы боюнча талаптарды бекитүү жөнүндө» буйругу алкагында окуучу кыздардын мектепке хижаб кийүүсүнө тыюу салды. Аталган буйруктун конституцияга каршы экени тууралуу ата-энелер тарабынан арыз жазылып, бирок Конституциялык сот аны кароодон баш тарткан.
Булардан маалым болгондой, Борбор Азиядагы Исламий баалуулуктарга каршы күрөш коомдук нааразылыктарды бастыруу үчүн шылтоо катары колдонулуучу куралга айланып калды. Анткени, диктатуранын табияты ушундай болуп, бир ууч адамдын кызыкчылыгы үчүн каршы тараптын бардык баалуулуктары тебелеп-тепселет. Муну Кыргызстанда коопсуздук шылтоосу менен айт намаздарын аянтта окууга тыюу салган чаралардан ачык көрө алдык.
Негизи хижабга же никабга тыюу салуу бул кыянатчы жетекчилер башкарып жаткан демократиялык баалуулуктарга тескери келет. Тагыраагы, демократиядагы дин тутуу жана жеке эркиндик адамга каалаган динин тутунууга жана каалаган атрибутту колдонууну кепилдеп берет. Бул баалуулук светтик мамлекеттин конституциялык мыйзамы болуп саналат. А бирок, Борбор Азиядагы саткын режимдер эчак эле бул баалуулуктарынан баш тартып, аны өз кызыкчылыктарына туура келген учурда гана колдонуп келишет. Маселен, теңирчилик, бутпарастык, ЛГБТ же дагы башка бузукулуктар үчүн эркиндиктер берилет. А бирок, Ислам баалуулуктарына келгенде маселе башкача каралат. Бул болсо, демократиялык түзүм менен диктаторлук түзүм бир тыйындын эки тарабы экенин, экөөсү тең өз каалоосун адамдардын каалоосунан үстөм коюшарын билдирет!
Түпкүлүгүндө, мусулмандар хижабды заалим бийликтер уруксат бергени үчүн же адамга эркиндик берилгени үчүн кийбейт. Тескерисинче, Исламий баалуулук жана шарий өкүм болгону үчүн киет.
Ушундай болгон соң, биз мусулмандар колонизатор жана диктатор режимдердин Исламга каршы күрөшүнө каршы туруубуз шарт. Анткени, бүгүн никаб жана хижабга тыюу салган бийликтер эртең дааватыбызга, намазыбызга, орозобузга да тыюу салаары табигый.
Мумтаз Маверанахрий