Бек-Абаддагы окуя: Кыйноо жана доомат
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Сузак районуна караштуу Бек-Абад айылында бир нече жайда мамлекеттик тууну алмаштырууга айыптап 16 жана 19 жаштагы муслима кыздарды кармады. 31-майда жана 4-июнда өткөрүлгөн рейддердин натыйжасында окуяга байланыштуу дагы төрт муслима эже-карындаштарыбыз тергөө абагында кармалып турат.
Жеке булактардан алынган маалыматка таянсак, бул окуяга байланыштуу кармалган карындашыбыздын 45 жаштагы апасы кызын заалимдердин колунда жалгыз калтырбоо үчүн бирге камалууга мажбур болгон. Ал эми, 29 жаштагы байкесин күч кызматкерлери уруп, токко тарттыруу менен кыйнашкан. Кийин муслима карындашыбызга агасына жасаган зулумдуктарын көрсөтүшүп, аны да кыйноого ала турганын айтып коркутушкан. Натыйжада, коркууга кабылган карындашыбыз күч органдарынын талабын аткарып кылмыш ишти моюнга алууга мажбур болгон. Күбөлөрдүн айтымында, орган кызматкерлери жалаа жабылып жаткан кыздарды да кыйноого алып, күч колдонгонун көргөндөр болгон.
Буга чейинк УКМК кызматкерлери аталган айылда Исламий дааватты көтөрүп жүргөн хизб жигиттерин куру дооматтар менен камакка алган. Расмий бийлик маалыматтык манипуляция жасоо менен окуяны ошондо эле хизб жигиттерине байланыштырууга аракет кыла баштаган. Айрыкча, атайын кызматтагылар аталган провокациялык ишти жүзөгө ашыруу үчүн окуя болгон жайлардагы камераларды эки күн мурда өчүрүп коюшкан.
Булардан маалым болгондой, учурдагы өлкө жетекчилер провакациялык аракеттер менен Ислам жана мусулмандарга каршы күрөштү күчөтүүгө кирише баштады. Анткени, “Хизб ут Тахрир” Исламий саясий партиясы алардын бузук иштерин беттерине коюп, калкка карата кыянаттыктарын ачып таштоодо. Ошондуктан, бийлик диктатуралык режимди орнотуу жолунда хизбге каршы дооматтарды тагып, зулумдуктарын күчөтүүдө. Бул зулумдук жана провокациялык аракеттеринен муслима эже-карындаштарыбыз да четте калбай жатат.
Эй бийлик ээлери! Өз мойнуңардагы жоопкерчиликти аткаруудагы алсыздыгыңарды муслималарды камоо менен актап жатасыңарбы?! Силердин күчүңөр алсыз аялдарга гана жетеби?! Өзүн мусулманмын деп эсептеген, айттарда элдин алдында намазга турган жетекчилердин иши мусулмандардын намысына кол узатуубу?!
Албетте бул аракетиңерден эч кандай майнап чыкпайт! Анткени, кыргыз коомчулугу күн өткөн сайын өз Исламына кайтып, аны идеологиялык негизде терең үйрөнүүгө дилгир болуп барууда. Акыйкат менен батылды ажыратып, бийликтин ыплас аракеттерине ээрчишпейт.
Хизб эч бир заалимдин зулумдугунан, жаманатты кылуучунун жаманатынан коркпостон, Исламды жашоого кайтаруу жолунда аракетин көз ирмемчелик да токтоткон эмес. Буга канкор Каримовдун абактарында зулумдуктан улам шахид болгон, майып болгон миңдеген бурадарларыбыздын окуялары күбө.
Бийлик ушуну жакшы түшүнүп жетиши керек. Көптөгөн залим режимдер Хизбди куугунтуктаган болсо да, Аллахтын уруксаты менен жеңилишкен. Ошондуктан, камакка алуулар Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүн таптакыр токтото албайт. Тескерисинче, бул иш жигиттерди өз максатына жетүү жолунда дагы да кайраттандырат! Анткени, биз Расулуллах ﷺ дын ушул сөзүнө бекем ишенебиз:
«لَا تَزَالُ طَائِفَةٌ مِنْ أُمَّتِي عَلَى الدِّينِ ظَاهِرِينَ، لِعَدُوِّهِمْ قَاهِرِينَ، لَا يَضُرُّهُمْ مَنْ خَالَفَهُمْ إِلَّا مَا أَصَابَهُمْ مِنْ لَأْوَاءَ حَتَّى يَأْتِيَهُمْ أَمْرُ اللهِ وَهُمْ كَذَلِكَ»
«Үммөтүмдүн бир тобу динде үстөм болуп, душмандарын жеңишет. Каршылык кылгандар аларга зыян жеткире алышпайт, болгону аларга кандайдыр бир кайгы-кыйынчылык гана жетет. Ал тургай, алар ушул абалда турушканда Аллахтын нусраты келет». (Абу Давуд жана Ахмад риваяты).
Андыктан, зулумдук жана коркутуу саясаты хизбдин Исламды жашоого кайтаруу эркин сындыра албайт. Алардын жүрөгүндөгү козголгон жалынын эч качан өчүрө албайт. Бул Аллахка таптакыр оор эмес. Аллах Таала айтат:
﴿وَعَدَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا مِنكُمْ وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَيَسْتَخْلِفَنَّهُمْ فِي الْأَرْضِ كَمَا اسْتَخْلَفَ الَّذِينَ مِن قَبْلِهِمْ وَلَيُمَكِّنَنَّ لَهُمْ دِينَهُمُ الَّذِي ارْتَضَى لَهُمْ وَلَيُبَدِّلَنَّهُم مِّن بَعْدِ خَوْفِهِمْ أَمْناً يَعْبُدُونَنِي لَا يُشْرِكُونَ بِي شَيْئاً وَمَن كَفَرَ بَعْدَ ذَٰلِكَ فَأُولَٰئِكَ هُمُ الْفَاسِقُونَ﴾
«Аллах силерден ыйман келтиргендерге жана жакшы амалдар кылгандарга, кудум мурунку өткөн (итикаддуу) заттарды халифа кылгандай, аларды да жер жүзүндө халифа кылууну убада кылды жана алар үчүн Өзү ыраазы болгон (Ислам) динин үстөм кылууну о.э. аларды көргөн кооп-коркунучтарынан кийин бейпилдикке бөлөп коюуну убада кылды [24:55].
Хизб ут Тахрир Кыргызстан
Миладий. 13.06.24
Хижрий. 7-Зулхижжа 1445-ж.