Орто Азия

Кыргызстанда кумар оюндарын жарнамалоо мыйзамы сунушталды

Кыргызстанда кумар оюндарын жарнамалоо мыйзамы сунушталды

Кыргызстанда кумар оюндарын жарнамалоого уруксат берүү боюнча мыйзам сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоорун депутаттар Бактыбек Сыдыков менен Гүлшаркан Култаева коомдук талкууга чыгарды.

Демилгечилер мындай жарнамалар мыйзамсыз иштеп жаткан букмекердик кеңселерден арылууга жардам берерин жана бюджетке кошумча каржы тартууга мүмкүндүк ача турганын айтышты.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш 2022-жылы 25-январда “Кумар оюндары тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү” жөнүндө мыйзам долбоорун 3-окуудан карап, кабыл алган. Ал учурда да өкмөт казинолордон жыл сайын 1 млрд сом киреше түшөрүн алга сүрөгөн. А бирок, өткөн жылы кумарканалардан түшкөн салык 100 млн 464 миң сомду гана түзгөн.

Ошол кезде калктын катуу каршылыгына карабай учурдагы бийлик депутаттарга басым өткөрүү менен мыйзам долбоорун өткөрүшкөн эле. Кийин айрым депутаттар ата-энесинин, шайлоочулардын каршылыгына карабай бийликтин демилгесин колдогонуна өкүнүчтөрүн билдирген жайы бар. Учурда сунушталып жаткан мыйзам да коомдун адеп-ахлагын талкалай турган жогорудагы мыйзамдын катарын толукташы шексиз. Аткени, казино тууралуу мыйзамда кыргыз жарандары жана 21 жашка чейинки чет элдик жарандар казиного киргизилбей турганы айтылган. А бирок, жергиликтүүлөр казинодо жүргөн окуялар социалдык тармактарда байма-бай талкууланып келет. А түгүл, ар кандай кофекана шылтоосу менен ачылган кумарканалар жарандарды азгырып, ири материалдык чыгымдарга дуушар кылып жатканы тууралуу журналисттердин иликтөөлөрү да чыккан. Демек, жогорудагы депутаттардын демилгесинде айтылган шылтоолор суу кечпей турганы айдан ачык. Тагыраагы, расмий бийлик мындай кумарканаларды текшерип, жабууга кызыктар эмес.

         Түпкүлүгүндө, казино тууралуу жана аны жарнамалоо боюнча мыйзамдардан бийликтин сол чөнтөктөн тапкан каражаттарын жууп чыгаруу максат кылынган. Ал эми, бюджетке түшө турган салыктар болгону шылтоо гана.

Албетте, мусулмандар бул абалдан сабак алышы керек. Айрыкча, өз кызыкчылыктары жолунда мусулманчылыгын жарнамалап келген, бирок, мына ушул мыйзамдын өтүшүндө капырлардын катарында турган депутаттар менен аткаминерлердин фасыктыгынан ибрат алуу зарыл. Түпкүлүгүндө, президент баш болуп, айрым депутаттар төш болуп айтып жаткан “пайдалар” арам амалды адал кылып койбойт. Бул өлчөө Исламдын эмес, капиталисттик системанын өлчөөсү. Демек, мусулмандар намаз окуган депутат шайлоо менен же президент алмаштыруу менен буга окшогон бузукулуктарды токтотуусу мүмкүн эмес. Тескерисинче, светтик системаны толугу менен кулатып, Исламды жашоого алып келүү менен гана буга окшогон бузукулуктар жер бетинен жоголот.

Демек, Кыргызстан мусулмандары бул кылмыштуу аракетке фикрий-саясий күрөш алкагында, бар мүмкүнчүлүктөрү менен каршы туруулары керек. Расулулла (салаллаху алайхи вассалам) мындай деген: «Албетте, Аллах Азза ва Жалла жеке адамдын амалы себептүү элди азаптабайт. Качан алар өз араларында мункарды көрүп, аны четке кагууга кудуреттүү болуп туруп четке кагышпаса, мына ошондо Аллах жеке адамды да, элди да азаптайт».

Мумтаз Маверанахрий

turkistonkg

Recent Posts

Кыргыз бийлиги Исламга каршы мыйзам долбоорун кабыл алууда!

Басма сөз баянаты Кыргыз бийлиги Исламга каршы мыйзам долбоорун кабыл алууда! Кыргыз бийлиги сентябрь аында…

2 days ago

КЫЗЫЛ-ОМПОЛ КЕНИ ИШКЕ БЕРИЛДИ

Кызыл-Омпол кени ишке берилди Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүү…

3 days ago

Жакшылыкка буюруу, жамандыктан кайтаруу жана дубанын кабыл болуусу

Бисмиллааахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Жакшылыкка буюруу, жамандыктан кайтаруу жана дубанын кабыл болуусу Урматтуу…

3 days ago

УЧУРДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК КЫРДААЛ – ИРИ ДЕРЖАВАЛАРДЫН ӨЗ АРА КҮРӨШҮНҮН НАТЫЙЖАСЫ!

УЧУРДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК КЫРДААЛ – ИРИ ДЕРЖАВАЛАРДЫН ӨЗ АРА КҮРӨШҮНҮН НАТЫЙЖАСЫ! Ушул күндөрдө АКШнын Нью-Йорк…

3 days ago

Өкмөт жолдон эки жолу салык алууну көздөп жатат

Өкмөт жолдон эки жолу салык алууну көздөп жатат Министрлер кабинети Кыргызстанга ташылып келген күйүүчү-майлоочу майдын…

4 days ago

Илим ээлери жана аалымдар

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Илим ээлери жана аалымдар Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

4 days ago