Амалдар ниетке жараша

1147
0

Бисмиллаахи рохмаанир рохиим

Асыл хадис менен

Амалдар ниетке  жараша

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

عن أمير المؤمنين أبي حفص عمر بن الخطاب رضي الله عنه، قال: «سمعت رسول الله صلى الله عليه وسلم يقول: «إنما الأعمال بالنيّات، وإنما لكل امرئ ما نوى، فمن كانت هجرته إلى الله ورسوله، فهجرته إلى الله ورسوله، ومن كانت هجرته لدنيا يصيبها، أو امرأة ينكحها، فهجرته إلى ما هاجر إليه». (رواه البخاري ومسلم في صحيحهما)

Абу Хафс момундардын амири Умар бин аль-Хаттабдан (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат, ал айтты: “Мен Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа салламдын) мындай дегенин уктум: “Амалдар ниетке жараша. Ар бир адам ниет кылганына жараша алат. Кимдин хижраты Аллах жана Анын элчиси үчүн болсо, анын хижраты Аллах жана Анын элчиси үчүн.  Кимдин хижраты дүнүйө үчүн болсо ага жетет. Же аял үчүн болсо ага үйлөнөт. Анын хижраты хижрат кылган нерсеси үчүн болду”. Бухари жана Муслим сахихтеринде риваят кылышкан.

Бул хадис хадис аалымдарынын көңүл чордонунан эң чоң үлүш алган. Себеби, анда дин эрежелеринин үлкөн үлүшү камтылган. Ал тургай кээ бир аалымдар диндин негизги тегирмен ташы ушул эки хадистин айланасында айланат дешкен. Алардын бири ушул хадис . Экинчиси, Айша энебизден (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылынган хадис:

«من عمل عملاً ليس عليه أمرنا فهو رد»

“Ким биздин ишибизге туура келбеген иш кылса, ал четке кагылган”.

Мунун себеби, жогорудагы хадис сырткы амалдардын таразасы болсо, кийинки хадис жашыруун амалдардын таразасы болуп саналат дешкен.

Ниет сөзүнүн тилдеги мааниси каалоо, максат дегенди билдирет. Мындан көрүнүп тургандай, ниет жүрөккө тиешелүү амалдардын бири. Ошондуктан, ал айтылбайт. Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) ибадаттагы ниет тууралуу айткан эмес. Маселен, ажылык кылуучу:

“لبيك اللهم حجًّا”

“Оо, Аллахым лаббай деп, ажылыкты аткарууга келдим” дегени, бул ниетти айтуу эмес, ажылык эрежелерин аткарууга киришүүсүн билдирүү. Башкача айтканда, ажылыкта талбия айтуу, намазда такбир айтуу сыяктуу. Буга ишарат кылган нерсе, эгер ал ажылыкты аткарууда талбияны айтпай аткарса, анын ажылыгы көпчүлүк аалымдардын пикири боюнча аткарылган болот.

Ниеттин эки пайдасы бар:

Биринчиси: Садаканы карызды төлөөдөн, нафил орозону парздан айырмалоо сыяктуу ибадаттарды бири-биринен ажыратуу.

Экинчиси: Ибадаттарды адаттардан айырмалоо. Мисалы: жунуб болгон адам гусул кылууну ниет кылып жуунса  соопко ээ болгон ибадат болуп калат. Ал эми, ысыктан салкындап алгысы келип жуунса бул учурда адаттагы жууну болуп саналат жана ага сооп берилбейт.

Ошондуктан, аалымдар бул хадистен “Иштер максаттарына жараша болот” деген маанилүү бир эрежени истинбат кылып чыгарышкан. Бул эреже фикх илиминин бардык бөлүмдөрүнө тиешелүү.

Бул хадистин башында Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): “Амалдар ниетке жараша болот” деп баштаган. Башкача айтканда, ниети жок амал жок. Ошондуктан, шарьий милдет жүктөлгөн мукаллаф (жооптуу) адам өз ыктыяры менен ниетсиз амалды жасоосу мүмкүн эмес.

Жогоруда айтылгандар шайтан (алейхи наала)нын васвасасына алданып бир ишти бир нече жолу кайталап кылып, бирок биз муну ниет кылып кылган жокпуз деп өздөрүн алдап жаткан адамдарга да жооп болот. Анткени, адам мукаллаф болуп туруп, бир ишти ниетсиз өз ыктыяры менен кыла албайт. Башкача айтканда, адам бир ишти мажбурланбастан кылышы ниет менен жана өз ыктыяры менен кылган болуп эсептелет.

Расулулланын (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун): «وإنما لكل امرئ ما نوى» “Ар бир адам ниет кылганына жараша алат” деген сөзү, “Бардык иштерде Аллах Таалага берилгендиктин, ыкластуулуктун зарылчылыгы бар” экенин билдирет. Анткени, Расулуллах пенде ниетинен башка ыкластуу эч нерсе кыла албастыгын баяндаган. Эгер ал өз ишинде Аллахка жана акыретке кызмат кылууну ниет кылса, Аллах ага кылган ишинин соопторун жазып, эселеп берет. Эгер кадыр-барк жана эл көрсүндү кааласа, анда анын иши жараксыз болуп, ага жараша күнөөлөрү жазылат.

Аллах Таала Куранда айткан:

(فمن كان يرجو لقاء ربه فليعمل عملا صالحا ولا يشرك بعبادة ربه أحدا). (الكهف 110)

Ким Роббисине жолугууну үмүт кылса, анда ал соолих жакшы амалдарды кылсын жана Роббисине ибадат кылууда эч кимди шерик кылбасын” (Кахф: 110).

Ошондуктан, акыл-эстүү адам ар бир иште акыретти ойлошу важиб болот. Жүрөгүн даярдап, эл көрсүн үчүн эмес, кичине ширкке түшүп калуудан сак жүрүүсү лаазым.

يقول النبي صلى الله عليه وسلم مشيراً إلى ذلك: «من كانت الدنيا همّه، فرّق الله عليه أمره، وجعل فقره بين عينيه، ولم يأته من الدنيا إلا ما كُتب له، ومن كانت الآخرة نيّته، جمع الله له أمره، وجعل غناه في قلبه، وأتته الدنيا وهي راغمة». (رواه ابن ماجه).

Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) бул жөнүндө: “Кимде-ким дүнүйөнүн камын ойлосо, Аллах анын иштерин бөлүп бытыранды кылып, жакырчылыгын көз алдында кылып коёт жана ага дүйнөдө ал үчүн жазылгандан башка эч нерсе келбейт. Кимдин ниети акырет болсо, Аллах анын иштерин жыйнайт, байлыгын жүрөгүнө салат жана дүйнө ага каалоосу менен келет” (Ибн Маажа риваят кылган).

Ниеттин эң маанилүү жагы – пенденин кылбаган чоң иштердин сообуна ниет аркылуу жетип, салихтердин даражасына жетиши.

كما ثبت عن النبي صلى الله عليه وسلم أنه قال لما رجع من غزوة تبوك: «إن بالمدينة أقواما ما سرتم مسيرًا، ولا قطعتم واديًا، إلا كانوا معكم، قالوا يا رسول الله: وهم بالمدينة؟ قال: وهم بالمدينة، حبسهم العذر». (رواه البخاري)

Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) Табук согушунан кайтып келгенден кийин мындай деген: “Мадинада силер баскан жолду жана  өрөөндү басып өтпөгөн адамдар бар. Алар силер менен бирге болушкан. Ошондо сахабалар, оо Аллахтын Элчиси, алар Мадинада туруп буга ээ болушабы? дешти. Ал айтты: “Алар Мадинада болушту, үзүр себептери аларды кармады” (Аль-Бухари риваяты).

Амалдын кабыл болушу ыклас-берилгендикке байланыштуу болгондуктан, Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) маселени андан ары тактап ачыктоо үчүн мисал келтирди:

فقال: «فمن كانت هجرته إلى الله ورسوله، فهجرته إلى الله ورسوله، ومن كانت هجرته لدنيا يصيبها، أو امرأة ينكحها، فهجرته إلى ما هاجر إليه

“Кимдин хижраты Аллах жана Анын элчиси үчүн болсо, анын хижраты Аллах жана Анын элчиси үчүн болду. Ал эми кимдин хижраты дүнүйө үчүн болсо ага жетет. Же аял үчүн болсо ага үйлөнөт. Анын хижраты хижрат кылган нерсеси үчүн болду”.

Хижрат – бул куфр өлкөсүнөн Ислам жерине же күнөөлөр өлкөсүнөн салих өлкөгө көчүү. Тообо эшиги жабылганга чейин бул көч эч качан токтобойт.

ورد عن النبي صلى الله عليه وسلم أنه قال: «لا تنقطع الهجرة حتى تنقطع التوبة, ولا تنقطع التوبة حتى تطلع الشمس من مغربها». (رواه الإمام أحمد في مسنده وأبو داود والنسائي في السنن)

Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Тообо токтомоюнча хижрат токтобойт, күн батыштан чыкканга чейин тообо токтобойт”. Имам Ахмад өзүнүн “Муснадында” жана Абу Давуд менен Насаи “Сунан” китебинде риваят кылган.

Айрымдар  бул хадис менен  эки сахихте риваят кылынган «لا هجرة بعد الفتح» “Фатх кылынгандан кийин хижрат болбойт” деген хадистин ортосунда карама-каршылык бар деген ишеним менен бул хадиске карата шектениши мүмкүн. Мунун жообу мындай, акыркы хадисте хижрат деген сөздүн мааниси Меккеден хижрат кылуу токтошуна байланыштуу. Мекке Ислам дияры болуп калгандыктан, андан хижрат кылуу токтогон. Бирок, шариятта хижрат термини үч нерсенин бирин билдирет: Мекенин  таштоо, амалды таштоо, амал кылуучуну таштоо. Мекенди таштоо куфр өлкөсүнөн ыйман өлкөсүнө көчүү. Амалды таштоо – бул мусулмандын ар кандай ширк жана күнөөлөрдү таштоосу. Амал кылуучуну таштоо – күнөө жана бидъат кылуучуларды таштоо. Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты:

كما جاء في الحديث النبوي: «المسلم من سلم المسلمون من لسانه ويده، والمهاجر من هجر ما نهى الله عنه». (متفق عليه)

“Мусулман – анын тилинен жана колунан мусулмандар зыян көрбөй турган. Ал эми мухажир (хижрат кылуучу) – Аллах арам кылган нерселерди таштаган адам” (Муттафакун алейхи).

Хадисте байкалган нерсе, Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) өз сөзүндө дүйнө ырахаттарынын ичинен аял заты бүткүл дүйнөгө кирген болсо да аны бөлүп көрсөткөн: «أو امرأة ينكحها» Же аял үчүн болос ага үйлөнөт”.  Бул аялдардын азгырыгына каршы кошумча эскертүү. Анткени, аларга болгон ашыктык күчтүүрөөк азгырык болот. Пайгамбарыбыздын (с.а.в):

«ما تركت بعدي فتنة أضر على الرجال من النساء». (متفق عليه)

“Мен өзүмдүн артымда эркектер үчүн аялдардан да зыяндуу азгырык калтырган жокмун”, – деген (Муттафакун алейхи).

Пайгамбар (с.а.в.)дын: «فهجرته إلى ما هاجر إليه» “Анын хижраты хижрат кылган нерсеси үчүн болду” деген сөзүнө келсек, хижрат кылган адам  дүйнөнү же аялды каалап жатканын айткан жок. Аны ما هاجر إليه “эмнеге хижрат кылса ошол үчүн болду” деп, “эмнеге” сөзүн ат атооч менен билдирген. Башкача айтканда, эмнеге хижрат кылганын атын атап айтпастан бул дүйнөдөн каалап жаткан кызыкчылыгын жемеге алып айтылган.

Жогоруда айтылгандарга кошумча, бул хадистен ийгиликтүү дааватчы дааватты элге жеткирүүдө акыйкатты түшүндүрүп, үлгүлүү мисалдарды келтирип берүүсү керек. Себеби, адамдардын жан дүйнөсү окуяларды, үлгүлүү мисалдарды укканды жактырат. Үлгүлүү мисалдар менен коштолгон пикир кулакка сиңип, жүрөктөрдө шексиз орун алат. Демек, ал өзүнүн изин адамдардын жан дүйнөсүндө калтырат. Ошондуктан, мындай мисалдар Куранда жана Сүннөттө кеңири колдонулат. Биз Аллах Тааладан сөзүбүздө жана ишибизде ыкластуулукту, берилгендикти сурайбыз!

Урматтуу бир туугандар, кийинки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканча, сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун!

1445-х 12-Зул Каада.

2024-ж 20-май.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here