Кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөр милдеттүү камсыздандырылмакчы

1960
0

Кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөр милдеттүү камсыздандырылмакчы

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктү милдеттүү камсыздандыруу тутумун киргизүүнү  сунуштады. Тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоору коомдук талкууга коюлду. Ага ылайык, кыймылсыз мүлктү каттоо, күрөөгө коюу үчүн камсыздандыруу полисин талап кылуу каралууда.

Ошондой эле сунушталган мыйзам долбоорунда камсыздандыруу милдети транспорт каражаттарынын ээлерине, ошондой эле унаа убактылуу пайдаланууга (ижарага, лизингге берүү) берилген адамдарга жүктөлөрү айтылган.

Кыргызстанда башка өлкөдө катталган унааларды өткөн жылы 1-апрелден тартып милдеттүү камсыздандыруудан өткөрүү эрежеси күчүнө кирген. Ага чейин Кыргызстанда катталган менчик автоунааларды 2024-жылдын 1-январынан тартып милдеттүү камсыздандыруудан өткөрүү боюнча мыйзам кабыл алынган. Аталган мыйзамга калк каршы чыккандыктан өкмөт аны артка жылдырууга мажбур болгон.

Мыйзамга ылайык, камсыздандыруу полисин албаган айдоочуларга 3 миң сом, мекемелерге 13 миң сом айып пул салынмак. Мамлекеттик каржылык көзөмөл мекемеси камсыздандыруу полисинин баштапкы баасы 1680 сом экенин, баа машиненин түрүнө, айдоочунун жаш курагы менен тажрыйбасына жана ал жол кырсыктарына канчалык көп учураганына жараша өзгөрүп турарын билдирген.

         Азыр Кыргызстанда 1 мамлекеттик, 9 жеке компанияга айдоочуларга камсыздандыруу полисин берүүгө лицензия берилген. Статистикалык маалыматтар боюнча, Кыргызстанда 1млн 400 миң автоунаа бар. Орто эсеп менен булардын ар биринен полис үчүн 2 000 сомдон топтолгондо эле 2 млрд 800 млн сом болот. Бул сумма компаниялардын жылдык кирешеси болуп саналат. Жол кырсыгы болсо 2022-жылы 11 айда орто эсеп менен 6 500 жолу катталып, 10 000 адам жаракат алган. Кырсыкта өлгөндөрдүн саны 600, анын ичинен 70и жаш балдар. Эми ушул эсепте канча төлөм төлөнүшүн эсептеп көрөлү:

Каза болгон 570 кишиге 300 000 сомдон = 171 млн сом болот.

70 жаш баланы “майып бала” категориясында эсептесек, 200 000 сомдон = 14 млн сом болот

Ал эми, калган 400 адамды майыптардын тобуна кошуп карап көрөлү:

1-топтогу майыптарды 100 деп алсак, аларга 200 000 сомдон = 20 млн. сом

2-топтогу майыптарды да 100 деп алсак, аларга 150 000 сомдон = 15 млн. сом

3-топтогу майыптарды 200 деп алсак, аларга 100 000 сомдон = 20 млн. сом

Салык 2% = 56 млн. сом

Иш жүргүзүүлөргө 4 млн сом кетсе, жыйынтыгында: 171+14+20+15+20+56+4 = 300 млн сом чыгым болот.

        Эми кирешеден чыгашаны алып таштасак: 2 млрд 800млн – 300 млн = 2 млрд 500 млн. Бул компаниялардын жылдык пайдасы болду.

         Буга кошумча, компания банкрот болбошу үчүн төлөмдөр белгилүү бир суммага чектелген. Мисалы, бирөөнүн кымбат автоунаасына 1млн сомдук зыян келтирсең, сени камсыздандырган компания анын 150 миң сомун гана төлөп берет. Калганын өзүң төлөшүң керек. Демек, ОСАГО мыйзам долбоору адамдарга камкордук кылуу үчүн иштелип чыгылбастан, балким, капиталисттик компанияларга калк каражатын топтоп бериш үчүн иштелип чыкканы ачык-айкын көрүнүп турат.

Буга кошумча өлкөдө 7,6 миллиондон ашык турак жай бар. Бийлик анын 60 пайызын камсыздандырууну максат кылууда. Аймактарда турак жайларды камсыздандыруу жылына 600 сом, ал эми Бишкек менен Ош шаарында 1200 сом деп белгиленген.

Түпкүлүгүндө, мындай мыйзамдар калктын канын соруш үчүн капиталисттер тарабынан ойлоп табылган долбоорлордон. Кыргызстандагы башкаруу дал ушундай долбоорлорду ишке ашыруу менен капиталисттерге кызмат кылып берүүдө. “Элге жеңилдик” деген алдоо менен элдин каражатын капиталисттик компанияларга кош колдоп тапшырууда.

         Эң негизгиси милдеттүү камсыздандыруу мусулмандар үчүн арам.  Эгер милдеттүү камсыздандыруу келишимин текшерип чыксак, анын эки тараптан шариятка тескери экендиги айкын болот:

         Биринчиден, ал бүтүм. Себеби, ал эки тарап ортосундагы келишим болуп, сунуш жана кабыл алууну өз ичине алат. Сунуш камсыздандыруучу тарабынан, кабыл алуу болсо компания тарабынан болот. Демек, бул бүтүм шариятка дал келиши үчүн келишимдин шарттарын камтышы керек. Шаръий бүтүм нерсенин өзүнө же кызыкчылык негизине түзүлүшү керек. Ал эми, өкмөт сунуштап жаткан камсыздандыруу милдеттүү түрдө болгондуктан, айдоочулардын анда кызыкчылыгы да жок, алар тарабынан сунуш да болбогон.

         Экинчиден, компаниянын өзгөчө шарттар астында камсыздандыруучуга убада бериши – кепилдик түрүнөн болуп саналат. Камсыздандырууда бул кепилдик шарттарынын бири да табылбайт. Ошондуктан, өмүрдү болобу, товарды болобу, мүлктү болобу, башканы болобу – камсыздандыруунун бардык түрү шаръан арам. Анткени, анын бүтүмү батыл. Камсыздандыруу компаниясынын бүтүм талабы менен бере турган убадасы да шаръан батыл. Ушуга ылайык, ушул бүтүм жана убада аркылуу алынган каражат шаръий болбогон жол менен табылган киреше эсептелип, аны жеш арам.

Андыктан, кыргыз бийлиги мусулмандардын каражаттарын капиталисттерге тапшыруунун ордуна өндүрүшкө, өнөр-жайга, завод жана фабрикалар курууга багытташы керек!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here