Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Шериктик
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: “إِنَّ اللَّهَ يَقُولُ: أَنَا ثَالِثُ الشَّرِيكَيْنِ مَا لَمْ يَخُنْ أَحَدُهُمَا صَاحِبَهُ فَإِذَا خَانَهُ خَرَجْتُ مِنْ بَيْنِهِمَا” رواه أبو داودَ وصحّحه الحاكم
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат. Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Аллах айтат: Эки шерик бири-бирине кыянат кылбаса, Мен ал экөөнүн үчүнчүсү болом. Эгер алардын бирөөсү экинчисине кыянат кыла баштаса мен алардын арасынан чыгып кетем”. Абу Дауд риваят кылган жана Хаким аны сахих деген.
Соохиб Авн аль-Мабуд Сунан Абу Дауддун шархында мындай деген: “Мен эки шериктин үчүнчүсү болом” дегени, Мен алар менен биргемин, алардын мал-мүлкүн коргойм жана аларга жакшылык менен ырыскы берип алакаларына береке берем деген маанини билдирет.
“Мен алардын арасынан чыгып кетем” дегендин мааниси, алардын мал мүлкү корголбой, береке кеткендигин билдирет.
Разин: “ Ал экөөнүн ортосуна шайтан келди” башкача айтканда, шайтан алардын ортосуна кирип, үчүнчү болуп калды дегенди кошумчалаган.
Ат-Тибий (Аллах аны ырайымына алсын) мындай дейт: Шериктик – бул алардын мал-мүлк акча каражаттарынын бири-бирине айырмасыз аралашуусу. Ал эми Аллах Тааланын аларга шерик болуусу өтмө мааниде айтылган. Аллах Таала аларга жакшылыкты, ырайымдуулукту жана пайданы, берекени берип алардын мал-мүлктөрүн коргоого алат. Ошондуктан, Аллах Таала Өзүн алардын үчүнчүсүмүн деп атады. Шайтандыкка барабар кыянаттык себептүү берекенин кетишин болсо “ортосуна шайтан (алейхи лаана) келди” деп атады. Демек, “Алардын арасынан чыктым” дегени да өтмө мааниде айтылган.
Бул хадистен белгилүү болгондой, жекече иштөөдөн шериктеш болуп иштөө жагымдуу иш болуп эсептелет. Анткени, Аллах Таала тарабынан ага береке берилген. Береке берилген шериктикте экөө тең шеригин ыраазы кылууга умтулат…
Шериктештиктин тилдеги мааниси – эки тараптын бири экинчисинен айырмаланбастан аралашуусу. Шарий мааниси – эки же андан көп адамдардын ортосунда пайда табуу максатында финансылык иш-аракеттерди жасоого келишүүсү.
Шериктик келишими башка бардык келишимдер сыяктуу эле сунуш жана кабыл кылууну талап кылат. Сунушта бири экинчисине, “Мен сени ушул нерсеге шерик кылам” десе, экинчиси, “Кабыл алам” дейт. Бирок, бул сөздөр гана айтылышы шарт эмес. Балким, сунуш жана кабыл алууну камтыган маани болушун талап кылат. Башкача айтканда, сунушта жана кабыл алууда алардын бири экинчисине оозеки же жазуу жүзүндө кайрылганын билдирген маани болушу керек. Жөн гана шериктик жөнүндө айтып коюу келишим болуп саналбайт. Же акчаны шеригине берүү тууралуу келишим да шериктик келишими болбойт. Балким, шериктик келишими бир нерсеге шериктеш болуу маанисин камтышы керек. Шериктик келишимдин жарактуулугунун шарты – келишим түзгөн тараптар аны тескеп туруусу жана мүлктү сарптай алуусу. Шериктик келишиминде каралган бул тескөө өкүлдүккө баш ийүүгө тийиш. Башкача айтканда, бири жок болсо экинчиси ал ишти алып кетүүгө мүмкүн болушу керек. Шериктеш болгон адамдар баардыгы бирдей укукта болуп, компанияга тиешелүү иштердин киреше чыгашасын көзөмөлдөй алуулары керек. Ошондуктан, шериктиктен түшкөн пайда алардын ортосунда бөлүштүрүлөт.
Шериктик кылуу жайиз. Анткени, Расулулла (саллаллоху алейхи уа саллам) тарабынан жөнөтүлгөн адамдар аны менен алектенишкен жана Расулулла (саллаллоху алейхи уа саллам) аны жактырган. Ал Заттын (саллаллоху алейхи уа салам) шериктик менен алектенген адамдарды тыйбастан, унчукпагандыгы ага уруксат бергендигине далил болот.
وروى البخاريُّ من طريقِ سُليمانَ بنِ أبي مُسلمٍ أنه قال: سألتُ أبا المِنهالِ عن الصّرفِ يداً بَيِدٍ فقال: اشتريتُ أنا وشريكٌ لي شيئاً يداً بيدٍ ونسيئةً فجاءنا البراءُ بنُ عازبٍ فسألْناهُ فقال: فعلتُ أنا وشريكي زيدُ بن أرقمَ وسَأَلْنا النبيَّ صلى الله عليه وسلم عن ذلك فقال: (ما كانَ يداً بيدٍ فَخُذُوهُ وما كان نسيئةً فَرُدُّوه)
Аль-Бухари Сулайман бин Абу Муслимден риваят кылган хадисте айтты: “Мен Абу Аль-Минхалдан колмо-кол соодалашып сарптоо тууралуу сурадым. Ал мындай деди: “Мен жана менин бир шеригим колмо-кол бир нерсе сатып алдык жана насыя түрүндө да алдык. Ал-Бараа бин Азиб бизге келди. Андан сураганыбызда айтты: “Мен шеригим Зайд бин Аркам экөөбүз бул ишти кылдык жана бул тууралуу Пайгамбардан (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) сурадык. Ал айтты: “Эгер колмо-кол болсо, аны алгыла, эгер насыя түрүндө болсо аны кайтарып бергиле”. (Бул бир валютаны экинчисине сатуу иши сыяктуу болгон. Мисалы, алтынды же динарды күмүшкө же дирхамга сатуу. Же алтынды алтынга, күмүштү күмүшкө сатуу. Ошондуктан алар пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи уа саллам) доорунда соодагер болгондугун айтышты. Алар ушундай соода кылышкан жана Пайгамбардан (саллаллаху алейхи уа саллам) алмашуунун өкүмү жана анын эмнеси адал, эмнеси адал эместиги жөнүндө сурашкан. Ошондо ал Зат (Аллахтын салам-салаваттары болсун) аларга түшүндүрүп берди: “эгер колмо-кол болсо б.а. сатуучу менен сатып алуучу бир орунда алмаштырса адал. Бирок насыя түрүндө болсо б.а. эки валютанын биринде кечигүү болсо – анда ал жайиз эмес). Шериктиктин мындай жайиз түрү мусулмандар тарабынан колдонулуп, Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) тарабынан анын жактырылгандыгы, уруксат экендигине далил.
Мусулмандар менен мусулмандар, зиммийллер менен зиммийлер, мусулмандар менен зиммийлердин ортосунда шериктик кылуу жайиз. Мусулман адам христиандар, мажусийлер жана башка зиммийлер менен шериктик кылса болот. Муслим Абдуллах бин Умардан риваят кылат, ал айтты:
“عامَلَ رسولُ اللهِ صلى الله عليه وسلم وهم يهودٌ بِشَطْرِ ما يخرُجُ منها من ثَمَرٍ أو زَرْعٍ”
“Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам), өздөрүнөн алынган мөмө-жемиштин же түшүмдүн жарымы менен аларга жөөттөрдөй мамиле кылды”. Дагы айтат:
“اشترى رسولُ اللهِ صلى الله عليه وسلمَ من يهوديٍّ طعاماً ورَهَنَهُ دِرْعَه”
“Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) бир жөөттөн тамак сатып алып, өзүнүн соотторун ага күрөөгө койгон”. Бухарий риваяты.
وروى التِّرمذيُّ عن ابنِ عبّاسٍ قال: “تُوُفِّيَ النبيُّ صلى الله عليه وسلمَ ودِرْعُهُ مرهونةٌ بِعِشرينَ صاعاً من طعامٍ أخَذَهُ لأَهْلِه”
Ат-Тирмизи Ибн Аббастан риваят кылган хадисте: “Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам), каза болгон чакта анын сооттору үй-бүлөсүнө алып жүргөн жыйырма саа тамак үчүн күрөөгө коюлган боюнча эле”.
Ушул себептен яхудийлер, христиандар жана башка кайрымусулмандар менен шериктеш болуу жайиз. Анткени алар менен мамиле кылуу жайиз. Ал эми кайрымусулмандар бир мусулман менен шериктеш болуп туруп спирт ичимдиктерин жана чочко этин сатуусу жайиз эмес.
Ал эми, мусулман менен шериктеш боло электе саткан шарап жана чочко этинен түшкөн пайданы мусулман менен болгон шериктештикте иштетүүгө келсек, аны да шериктикте ишетүү жайиз. Анткени, шериктикте акчаны сарптоо жана тескөөгө уруксат берилбесе, шериктик жараксыз болуп саналат. Демек, (шариьий тараптан) тыюу салынган жана аны башкарууга уруксат берилбеген адам менен гана шерик болуп кызматташууга болбойт.
Урматтуу бир туугандар, кийинки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жоолугушканча, сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1445-х 05-зул каада.
2024-ж 13-май.