Кыргызстанда кымбатчылык менен катар орточо айлык акы жогорулаганы айтылды

2497
0

Кыргызстанда кымбатчылык менен катар орточо айлык акы жогорулаганы айтылды

Кыргызстанда январь-март айларында орточо айлык акы 34 046 сомду түзгөнү айтылды. Бул былтыркы жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 11 пайызга көп. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Комитеттин алдын ала эсептөөлөрү боюнча жыл башынан берки төрт айда ички дүң продукциянын көлөмү 341,7 млрд. сомду түздү. Өткөн жылы орточо маяна 32 миң 78 сомду түзгөн. Ал эми, өлкөдөгү жашоо минимуму 7756 сом деп белгиленген.

Кыргызстандагы 383 долларды түзгөн орточо айлык акы Евразия экономикалык биримдиктеги өлкөлөрдүн ичинен эң азы болуп саналат. Мисалы, Беларуста орточо айлык акы 638, Арменияда 676, Казакстанда 774, Орусияда 857 долларды түзөт.

А бирок, калктын айлык акынын жогорулашына болгон кубанычы курсагында калып кете турган жагдайда жашап жатат. Анткени, өлкөдөгү инфляция жана кымбатчылык жогорулаган айлык акыдан ашып барууда. Өткөн жылы өлкөдөгү инфляция расмий түрдө 10 пайыздан ашканы айтылды. Ал эми, азык-түлүк баалары 40-50% кымбаттаганы байкалат. Маселен, күрүчтүн баасы дээрлик 40% кымбаттаган. Муну менен катар ижара акылары да күн санап өсүп барууда. Бул өз кезегинде айлык менен иштеген жарандардын сатып алуу мүмкүнчүлүгүн чектеп жатат. Булар аздык кылгандай, учурдагы бийлик электр энергиясына болгон төлөмдү 11 пайызга кымбаттатты. О.э салыктардын түрүн ойлоп таап, калктын жонунан кайыш тилүүдө.

         Кымбатчылыкты пайда кылган дагы бир тармак – бул монополия. Башкача айтканда, базар баасына таасир бере турган өлчөмдө азык-түлүктү топтоп алуу менен кымбатчылыкты пайда кылып, товарды эселеп кымбат сатуу.

Мунун каршысында Ислам монополия кылууну арам кылган. Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты: “Күнөөкөр инсан гана монополия кылат”.  О.э Ислам өкүмдөрү алтын акча түзүмүн колдонууга буюрат. Мындай мамлекетте баалар дээрлик өзгөрбөгөндүктөн, монополия кылып товар сактоого муктаждык калбайт. Анткени, калк товарды кыйналбастан, муктаж болбостон сатып алат жана мындай абалда аны топтоп алууга зарылдык болбойт.

   Ошондуктан, кымбатчылыктан кутулуунун бирден-бир жолу үстүбүздөгү сүткорлукка негизделген капиталисттик түзүмдүн ордуна Ислам түзүмүн колдонуу болуп эсептелет. Анткени, учурдагы дүйнөлүк каржы системасы курулай кагаз доллар түзүмүнө негизделгендиктен, жыл сайын баалардын өсүүсү табигый көрүнүшкө айланып калган

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here