ПСИХОЛОГИЯЛЫК КӨЙГӨЙЛӨР ЖАНА АНЫН ЧЕЧИМИ

3160
0
Pencil sketch editable text effect

بسم الله الرحمن الرحيم

ПСИХОЛОГИЯЛЫК КӨЙГӨЙЛӨР ЖАНА АНЫН ЧЕЧИМИ

Психология – байыркы грек тилинен (ψυχή — “көңүл”  λόγος — “билим”) алынган сөз болуп, ал адамдын көңүлүн үйрөнүү жана ушул негизде адамдарга таасир көрсөтүү максатын көздөйт.

Бул тармак өкүлдөрү психологиялык билимдер байыркы доордон бери психологиялык философиянын жана медицина илимдеринин негизинде иштелип чыкканын айтышат. Грек дарыгерлери Гиппократ жана Эрасистрат мээ психиканын органы экендигин билишкен жана адам жанын ааламдын материалдык бөлүгү катары чечмелешкен. Алардын идеялары Платондун жандын түбөлүктүүлүгү жөнүндөгү окуусуна карама-каршы коюлган. Аристотель “Жан жөнүндө” аттуу эмгегинде психологиялык түшүнүктөрдүн системасын иштеп чыккан.

Психологиянын негизги милдеттери – психика мыйзамчылыктарын, адамдын рухий (көңүл) абалдары калыптанышынын филогенетикалык жана онтогенетикалык өнүгүү биримдигинде ачуудан турат. Бул милдеттерди аткарууда психология бир тараптан биология, анын ичинде физиологиянын тармактары, экинчи жагынан социология, педагогика, маданият тарыхы, логика, коомдук илимдер менен тыгыз байланышта болот. Психология биринчи кезекте психиканын адамга гана таандык формасы болгон аң-сезимди жана өзүн-өзү аңдоону изилдейт.

Психология негизинен орто кылымдарда өнүккөн. Немец окумуштуусу В. Вундт 1879-жылы Лейпцигдеги биринчи эксперименталдык лабораторияны жабдууга жетишкен.

Ал эми, Орто Азияда 20-кылымдын башында түптөлгөн. Мисалы: Өзбекстанда психология азыркы Улуттук университетте 1928-жылдан бери окутулат. 1929-жылы Эл агартуу комиссарлыгынын алдында психологиялык лаборатория ачылган.

Бүгүнкү күндө психология көптөгөн тармактардан турат. Бирок, ушунчалык көп тармактуу болушуна, көптөгөн изилдөөлөргө карабастан, эмне үчүн адамдардын психологияга муктаждыгы күндөн-күнгө өсүп жатат? Айрыкча, Батыш коомунда психологиялык оорулар кең жайылган. Акыркы мезгилде капиталисттик системанын таасиринен улам Кыргызстанда да психологдордун кеңешине баргандар, Батыш сакофаты негизинде психологиялык сакофатты жайган шахстар да көбөйүп барууда.

Англиядагы MIND уюму жарыялаган отчётто келишинче, ар бир төртүнчү адам жыл сайын рухий саламаттык көйгөйүнө дуушар болот. Ар бир аптада бирден адам тынчсыздануу жана үмүтсүздүк сыяктуу жалпы психологиялык көйгөйлөргө дуушар болот.

Түпкүлүгүндө, учурдагы психологиялык оорулардын кеңири жайылышынын жана психологдорго болгон муктаждыктын көбөйүшүнүн бирден-бир себеби капиталисттик система экени талашсыз. Себеби, бул түзүм динди турмуштан ажыратуу акыйдасына негизделген. Ал эркиндиктерге кеңири жол ачат. Муну менен катар капитализмде рухий, ахлакий жана инсаний кыйматтарга орун жок. Ал жалаң гана маддий кыйматтарга көңүл бурат. Бул болсо, табигый түрдө психологиялык тынчсызданууларга алып барат. Психологиялык тынчсыздануулар үй-бүлө бузулушу, коомдогу мамилелердин жамандыгы, коомдогу моралдык баалуулуктардын жоголушу жана адамдарды жумуш берүүчүлөргө кул кыла турган талаптар натыйжасында пайда болууда.

Биз проблеманы түп-негизинен чечишибиз керек. Исламды турмуштан четтетүү менен дүйнө жүзү кандай абалга түшүп калганы жашыруун сыр эмес. Ислам кемчиликсиз дин болгондуктан бардык тармактагы проблеманы кемчиликсиз түрдө чечип берген. Анын ичинде психологияга байланыштуу проблемаларды да эң жогорку деңгээлде чечкен. Аллах Таала айтат:

وَنَزَّلْنَا عَلَيْكَ الْكِتَابَ تِبْيَانًا لِّكُلِّ شَيْءٍ وَهُدًى وَرَحْمَةً وَبُشْرَىٰ لِلْمُسْلِمِينَ

“Сага бардык нерсени баян кылып берүүчү, хидаятка баштоочу, рахмат жана мусулмандар үчүн сүйүнчү кабар болгон Китепти-Куранды түшүрдүк” (16:89).

Проблемаларды Ислам негизинде чечүү эч кандай психолог адистерге да, психологиялык изденүүлөргө да муктаждык калтырбайт. Биздин өлкөлөргө Ислам келгенден бери Исламдан жетиштүү илими болгон аалымдар “психология”га тиешелүү ар кандай проблемаларды өтө жеңил жана кемчиликсиз түрдө чечип беришкен. Себеби, Ислам акыйдасы жана андан келип чыккан таалимдер психологиялык изденүүлөргө муктаждык калтырбайт. Болгону, Ислам акыйдасын жана таалимдерин пикирий түшүнүп, ага ишенүү керек.

Муну түшүнүү үчүн башына балээлер келген бир жигитти мисал келтиребиз: Ал жол кырсыгынан жабыркады, жакындары каза болду же табигый кырсыкка кабылды, же турмуш кыйынчылыгы себептүү көйгөйлөр ичинде калып кетти дейли. Азыркы тил менен айтканда, психологго муктаж болуп калды. Ошол жигитке психологдор тарабынан миң жолу тынчтандыруучу насааттар кылынса да, ага жашы улуу жакын адамынын, “коркпо мен сенин жаныңдамын” деген сөздөй жардам бербейт. Бул сөздү айтуу үчүн мусулман адамдын “силаи рахим”ге тишелүү өкүмгө амал кылуусу жетиштүү. О.э Ислам ар кандай абалда акыйдага таянууга буйруду. Ар бир ишке Кудуреттүү, бардык нерсе Анын мүлкү болгон Малик, бардык нерсени көрүп туруучу Басийр, пенделерине чексиз Мээримдүү жана Ырайымдуу, дубаларды кабыл алуучу Мужиб, ар бир жандууга ырыскы берүүчү Раззак, эч кимге муктаж болбогон, чексиз илим ээси болгон Аллах Таалага тобокел кылып, ага гана байланып жашашыбыз керектигин жүздөгөн аяттарда парз кылды. Аллах Таала айтат:

 وَعَلَى ٱللَّهِ فَتَوَكَّلُوۤا۟ إِن كُنتُم مُّؤۡمِنِینَ

“Эгер момун болсоңор, Жалгыз Аллага гана таянгыла!” (5:23).

 وَعَلَى ٱللَّهِ فَلۡیَتَوَكَّلِ ٱلۡمُؤۡمِنُونَ

 “Момундар Аллахтын Өзүнө гана тобокел кылышсын”. (3:160)

 فَإِذَا عَزَمۡتَ فَتَوَكَّلۡ عَلَى ٱللَّهِۚ إِنَّ ٱللَّهَ یُحِبُّ ٱلۡمُتَوَكِّلِینَ

 “Аллахка гана тобокел кылгын. Албетте, Аллах Өзүнө тобокел кылуучуларды сүйөт”. (3:159)

Аллахка тобокел кылган адамда психологго муктаждык калбайт. Ар кандай оор, коркунучтуу көрүнгөн иштерге да ыктыярдуу түрдө кайраттуулук менен кадам таштайт жана мында адам эч качан депрессияга түшүп калбайт.

Жашоодо адам токтотуп, же өзгөртө албай турган, кечиктирүү же тездетүү мүмкүн болбогон, адам каалабаса да эч өзгөрүүсүз боло бере турган иштер бар. Мындай иштер Аллахтын “казасы” деп аталат. Адам бул иштердин терс жактарын каалабагынан үрөйү учат, депрессияга кабылат, тынсызданып, өзүн коёрго жер таппай калат. Мисалы: жол кырсыгына кабылат, оор дартка чалдыгып калат, банкрот болот, камалып калат же жакындарынан айрылат ж.б.у.с. Мындай абалда Аллах Тааланын төмөнкү аяты момунду сооротуп, көңүлүн кадыржам кылат. Аллах Таала айтат:

 وَعَسَىٰۤ أَن تُحِبُّوا۟ شَیۡـࣰٔا وَهُوَ شَرࣱّ لَّكُمۡۚ وَٱللَّهُ یَعۡلَمُ وَأَنتُمۡ لَا تَعۡلَمُونَ

“Силер өзүңөр үчүн жакшы (пайдалуу) болгон нерсени жаман көрүшүңөр жана силер үчүн жаман (зыяндуу) болгон нерсени жакшы көрүшүңөр мүмкүн. Алла билет, а силер билбейсиңер” (2: 216).

Жалпысынан алганда Аллахка, акырет күнүнө, казага, ырыскыга, ажалга жана ушул сыяктуу Ислам акыйдасына негизделген абалда турмуштук иштердин эң туура чечимдери Исламда деп ишенген момун эч качан психологияга муктаж болбойт. Аллах Таала айтат:

وَمَنْ أَصْدَقُ مِنَ اللَّهِ حَدِيثًا

 “Аллахтан чынчылыраак ким бар?!” (4:87).

Биздин өлкөлөрдө да Ислам өкүмдарлык кылган доорлордо аалымдар, тарбиячылар, жетекчилер депрессияга кабылган адамдарды оңой эле мындай абалдан алып чыгышкан. Аларга Куръан жана хадистердеги окуяларды о.э. тарыхтагы улуу адамдардын башынан өткөн окуяларды эскертүү менен проблемаларды чечишкен. Мисалы: өзү же жакындары камалып калган адамга Юсуф (а.с.)дын окуясын, туңгуюкка кептелип калган адамга Юнус (а.с.)дын балыктын ичинде калып кеткен окуясын, башына оор иш түшүп калган адамга Ибрахим (а.с.)дын окуясын, ырыскысы тар болуп калган адамга Иса (а.с.)ды, байлыгы себептүү көөп кеткен адамдарга Сулайман (а.с.)ды, жакындарынан айрылган адамга бул дүйнө убактылуу, кудум жолдогу аялдама сыяктуу экенин эскертүү менен проблемаларды чечишкен. Себеби, момунга акыйкатты эскертүү жетиштүү. Аллах Таала айтат:

وَذَكِّرۡ فَإِنَّ ٱلذِّكۡرَىٰ تَنفَعُ ٱلۡمُؤۡمِنِینَ

“Жана эскерткин. Албетте, эскертүү момундарга пайда алып келет”. (51:55)

Мен аяттардын айрымдарын мисал жана далил катары келтирдим.  Бирок бул тема тууралуу Куръанда, хадистерде, сахабалардын жашоосунда о.э. Ислам тарыхындагы улуу адамдардын, аалым-мужтахиддер менен жетекчилердин жашоосунда көптөгөн таалимдер бар.

Жыйынтыктап айтканда, учурда Батыш көз карашынан келип чыккан психологияга ишенүү менен Туура жолдон адашып калуу коркунучун аңдап жетишибиз керек. Анткени, куфр сакофатын кабыл алуу арам. Тескерисинче, Ислам өкүмдөрүн колдонуу менен бул проблемалардын баарынан арылышыбыз мүмкүн экенин түшүнүү зарыл. Себеби, Исламда дин тутууга кысым кылынбайт. Тескерисинче, Исламда ар бир иште Аллахка тобокел кылынат. Исламда инстинкт жана организм муктаждыктары тизгинсиз эркин коё берилбейт. Тескерисинче, алар шаръий өкүмдөр менен чектелген тартиптүү көрүнүштө кандырылат жана бул өкүмдөргө каршы чыгуучуларга карата кескин чаралар колдонулат. Исламда адамдар жашоосун жана алардын шахс, жамаат жана мамлекет сыпатындагы проблемаларына Холик тарабынан өтө назик, так-даана тартип берилет. Мунун натыйжасында турмуш майданынан жакырчылык, депрессия, өзүнүн өмүрүнө кол салуу, зына, үй-бүлө бузулушу сыяктуу турмуштук кыйынчылыктар жоголот. Маддий кыйматтарга кошумча Ислам алып келген рухий, ахлакий, инсаний кыйматтар жогорулайт. Коомдо ачкөздүк өзүмчүлдүк, индивидуализм жоголот. Адам Аллахтын ыраазылыгы менен кадыржам жашайт. Ал күзөтүүдө экендигин жана кыямат күнүндө эсеп-китеп кылынышын билет. Ошондуктан, таква, Аллахтан коркуу аны ар түрдүү бузуктуктан, фахш жана мункарлардан тыят. Мусулман адам ага жеткен оорунун дабаасын да Аллах жаратып койгондугун билет.

Гариб Муслим

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here