Аманат кантип жоголот?

2114
0

Бисмиллаах рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Аманат кантип жоголот?

“Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын сиздерге жакшы салам айтуу менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

أورد البخاري رحمه الله تعالى ‏عَنْ ‏أَبِي هُرَيْرَةَ ‏رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ ‏قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللَّهِ‏ ‏صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: ‏”إِذَا ضُيِّعَتْ الْأَمَانَةُ فَانْتَظِرْ السَّاعَةَ قَالَ: كَيْفَ إِضَاعَتُهَا يَا رَسُولَ اللَّهِ؟ قَالَ: إِذَا أُسْنِدَ الْأَمْرُ إِلَى غَيْرِ أَهْلِهِ فَانْتَظِرْ السَّاعَةَ

Ал-Бухари (Аллах Таала аны ырайымына алсын), Абу Хурайра (радыяллаху анху)дан риваят кылат. Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Эгер аманат жоголсо, анда кыяматты күтө бер”. Оо, Аллахтын Элчиси анын жоголуусу кандай? делди. Айтты: “Эгер иш ага татыктуулардан башкага жүктөлсө, анда кыяматты күт”.

Ал-Кирмааний “Иш” сөзү халифалык, имамдык, казыят, фатва берүү маанисиндеги динге тиешелүү иштердин түрү экенин айткан. Ал кошумчалап: ““Иш ага татыктуу эместерге тапшырылса” дегендин мааниси, Аллах пенделерин Имамдарга аманат кылып, аларга насаат айтууну парз кылган. Демек, алар аалымдарды ээрчүүсү керек болот. Анткени, алар аалымдардан башка адамдарга эргешсе, анда алар Аллах Тааланын аларга берген аманатын жоготкон болушат”.

Иштин башы болгон башкаруу татыксыздарга, анын ичинде биз угуп, көрүп жүргөн кыянатчы башкаруучуларга тапшырылган заманда жашап жатабыз. Каапыр колонизатор, аларды мусулмандардын үстүнө дайындап, алар мусулмандар зулумдук кылып, анык куфр менен башкарууда. Ошондуктан, алар өкүм жүргүзүүгө жарактуу эмес. Ал тургай, алар жыртылган бут кийимди да оңдоп коюуга жарашпайт. Алар аткаруучулар сыяктуу. Алар аркылуу аманат жоголуп, кыянатчылык жана чыккынчылык өкүм сүрүүдө. Алардын өкүмү – кыянатчы жетекчилердин жаман иштерине макул болуп, аларга ээрчигендерге жана аларга ыраазы болуп, иштерин айыптабаган чала аалымдар, муфтийлер, казыларга да түшөт. Алар Аллахка, Анын элчисине жана мусулмандарга аманат экенин билип туруп кыянаттык кылгандар. Алар Аллахтын аяттарын мазактагандар жана сөздөрдү кээ бир орундарынан бурмалагандар. Булар башкаруунун жана илимдин аманат экенине кайдыгер карап кайдыгерликте калган адамдар.

Пайгамбарлык минхажы негизинде экинчи халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу  жер жүзүндө адилеттүүлүктү тикелөөгө чакырган дин ээлерине иш тапшырылмайынча, аманат жерге кайтып келбейт жана кыянатчылык жок болбойт.  Оо, Аллах, анын ишке ашышын тездет жана бизди анын аскерлери жана күбөлөрүнөн кыл.

Урматтуу окурмандар! Кийинки Асыл хадис менен берүүбүздөн жолугушканча, Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

1445-ж 4-Зул каада.

2024-ж 12-Май.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here