Мусулмандар азиздиги өз Исламына бекем жабышуусунда

1006
0

Мусулмандар азиздиги өз Исламына бекем жабышуусунда

Бүткүл ааламдарды жараткан Аллах Таала бардык нерсенин ченем-өлчөмдөрүн белгилеп, туура жолдон адашпастыгы, ак-караны ажыратышы, акыйкат жолдо болушу үчүн Өз пенделерине пайгамбарларын жөнөтүп турду. Ушул таризде Аллах пайгамбарлардын акыркысы, акыркы рисалат ээси катары Мухаммадды (с.а.в) тандады. Бул дин Ислам деп аталып, аны ээрчигендер мусулман болушту.

Пайгамбарыбыз (с.а.в) пайгамбарлыктын оор жүгүн көтөрүп, азап-кыйынчылыктарга, коркутууларга, а түгүл өлүмгө алып барчу абалдарга карабастан, дааватын улантты. Бул доор – мусулмандар алсыз, ар кандай азаптарга, кыйнооолорго, кемсинтүүлөргө туш болгон доор эле. Ислам жүрөгүнөн орун алган мусулмандар ыйманында бекем турушту, Кыяматка чейин калчу кайратты, сабырды, үлгүнү көрсөтүштү.

Курайш кафирлери өз бийлиги, калыптанып калган эреже, жашоо таризи үчүн кооптонуп, мусулмандарга каршы аёосуз күрөш алып барышты, жада калса, айрымдарын өлтүрүштү. Себеби кафирлер, айрыкча алардын башчылары, Ислам бир гана жалгыз Кудайлыкка чакырган дин эмес, кала берсе коомдогу түзүлүштү өзгөртө  турган, адилетсиздикке, зулумга чекит коё турган дин экенин түшүнүп жетишти. Бул, арийне, Курайш башчыларынын бийлиги бүтүшүн түшүндүрөр эле. Алар Пайгамбарыбызды (с.а.в) жалганчы, келесоо, ата-бабасынын салтына каршы чыккан бузгунчу деп аташып, адамдарды анын дааватынан тосууга аракет кылышты. Айласы кеткенде, алар Пайгамбарыбызга (с.а.в) байлык, мансап сунушташты. Бирок, Пайгамбарыбыз (с.а.в) «Оң колума күндү, сол колума айды коюшса да, бул жолдон кайтпайм» деп, алардын ар кандай сунушун четке какты.

Аллахтын буйругу менен Пайгамбарыбыз (с.а.в) уруулардан нусрат сурай баштады. Акыры, Мадинадан келген бир топ Пайгамбарыбызга лаббей деп жооп кылышып, нусрат талабын кабыл алышты. Ошентип, Пайгамбарыбыз Мадинага хижрат  кылып, Мадинада биринчи Ислам мамлекети тикеленди. Ислам бүткүл Араб жарым аралына жайылып, Ислам жана мусулмандардын азиздиги тикеленди.

Пайгамбарыбыздан (с.а.в) кийин анын жолун сахабалары улантышты. Эки империя: Рум менен Фарс империясы кулады. Ислам дүйнөгө жайылды, анын алтын доору болду. Мусулмандар ар кандай тармакта дүйнөнүн лидерлерине айланышты.

Бул Ислам жана мусулмандар корголгон, Ислам дааваты дүйнөгө жайылган доор 1924-жылга чейин уланды. Себеби, бул күнгө келип кафирлер Халифалыкты кулатышты. Ошондон тарта мусулмандар бөлүнүп, бүгүнкү күнгө чейин кафирлерден зулум тартып келишет.

Ушул орунда өзгөчө баса белгилөө зарыл нерсе, Мекке доорунда – мейли, мусулмандар бар болсо да – бирок Мекке коому исламий эмес эле. Ал эми, Мадина доорунан тарта коом исламий болду, мусулмандар корголду. Себеби, Мадинада толук Ислам колдонулган, тагырак айтканда, коомдогу башкаруу, саясат, жаза-чара, бүт баары шариятка ылайык болгон. Демек, коомдун исламий болушу Ислам шариятын толук колдонууну талап кылат.

1924-жылы Халифалык кулатылгандан бери мусулмандар бытыранды болуп бөлүнүп, ар кандай азап-кыйынчылыктарды тартып келет. Мунун жаркын көрүнүшүн Фалестиндин мисалында көрүүгө болот.

Фалестиндин тарыхына учкай көз чаптырсак, Фалестиндеги Куддус шаары мусулмандардын акыйдасына бекем байланган. Аллах Таала айтат:

سُبْحَانَ الَّذِي أَسْرَى بِعَبْدِهِ لَيْلًا مِنْ الْمَسْجِدِ الْحَرَامِ إِلَى الْمَسْجِدِ الْأَقْصَى الَّذِي بَارَكْنَا حَوْلَهُ لِنُرِيَهُ مِنْ آيَاتِنَا إِنَّه هُوَ السَّمِيعُ الْبَصِيرُ

«(Аллах) бир түнү Өз пендесин (Мухаммадды) ага аят-мужизаларынан көрсөтүү үчүн (Меккедеги) Масжидул Харамдан (Куддустагы) Биз айланасын берекелүү кылган Масжидул Аксага саякат кылдырган аруу Зат. Чындыгында Ал угуучу, көрүүчү». [17:1].

Андан тышкары, Каъба кыбыла болгонго чейин Куддус кыбыла болуп турган. Ошондой эле, Куддустагы Аль-Акса мечити Исламдагы үч ыйык мечиттин бири саналат.

Куддус экинчи рошид халифа Умар (р.а.) учурунда фатх кылынды. Ушул доордон баштап Куддустун жаңы тарыхы башталды, Куддус исламий жерге айланып, анда Ислам өкүмдөрү колдонулду.

Андан кийин кандуу кресттүүлүк жүрүштөр болду. Фалестин канга бөлөнүп, Салахиддин Аюбий келип фатх кылганга чейин кресттүүлөрдүн баскынчылыгы астында болду. Усманий Халифалыктын акыркы доорлорунда Британия Фалестинди ээлеп алып, ал жерде яхудийлерге мамлекет куруу аракетин көрдү. 1947-жылы Бириккен Улуттар Уюму Фалестинди бөлүү жөнүндө резолюция кабыл алды. Ал эми, 1948-жылы яхудийлер өз мамлекетин жарыялашты. Ошондон бери Фалестинде мусулмандардын жерлерин яхудийлер улам тартып алып жатып, мусулмандарга таандык жерлер Батыш Жээк менен Газага гана чектелип калды. Ал жердеги мусулмандар блокадада жашап жатканы, ар кандай мүмкүнчүлүктөн үзүлүп, азап-кыйынчылыктарды көрүп, өлтүрүлүп жатканы баарына белгилүү. Бул Мекке доорундагы мусулмандар корголбогон, өлтүрүлгөн, кемсинтилген абалды эске салат.

Мына, Фалестин мусулмандары 100 жылдан бери кыргын кылынып, баскынчылык астында жашап келе жатышат. Фалестинди курчап турган мусулман режимдери аларга жардам берүүнүн ордуна, тескерисинче аларды чегарадан өткөрбөй блокадада кармоо милдетин аткарышууда. Бул да болсо, улутчулдук, мекенчилдик, капитализм, демократия идеяларынын натыйжасы болуп эсептелет. Бул идеялар уу-заар болуп, мусулмандарды бөлүүгө, бири-биринин чегарасынан өткөрбөөгө, жардам көрсөтпөөгө кызмат кылууда. Ошондуктан, бүгүнкү күндө Батыштын көрсөтмөсү менен бул уу пикирлерге чакыруу аракети күчөп жатат.

Ал эми, кафирлер Фалестин маселесинин чечими катары сунуштаган чечимдердин баары мусулмандарга кырсык болуп, жалаң гана Батыш жана яхудийлердин кызыкчылыктарын жүзөгө чыгарууда.

Армияга армия гана каршы тура алат. Ошондуктан, яхудий вужудунун зордук-зомбулугун токтотуу үчүн мусулман армиялары аракетке келиши керек, бул – алардын милдети. Бирок, мусулман өлкөлөрүнүн башында турган рувайбиза акимдер Фалестинди азат кылуу үчүн армияларды аракет келтирүүдөн алыс. Алар тескерисинче Батыштын буйругун аткарууну алдыга коюшат.

Ошондуктан, шарият боюнча мусулмандардын бир Ислам мамлекетин тикелөөсү учурдун талабы. Эң негизгиси, Шарият Ислам менен өкүм жүргүзүүнү буйруйт. Аллах Таала айтат:

وَمَنْ لَمْ يَحْكُمْ بِمَا أَنزَلَ اللَّهُ فَأُوْلَئِكَ هُمْ الظَّالِمُونَ

«Кимде-ким Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кылбаса, анда, алар залимдер». [5:45].

Ислам Кыяматка чейинки бардык маселелердин чечимин камтыган жана чечим кабыл алууда шарияттын гана буйругун толук карманууну важиб кылган:

Бүгүн силерге диниңерди толук кылдым, ниъматымды кемчиликсиз, түгөл кылып бердим жана силер үчүн (бир гана) Исламды дин кылып тандадым». [5:3].

– «Эй момундар, Ислам динине толугу менен киргиле» . [2:208].

Ошондой эле, Ислам мусулмандардын бөлүнүп бытыранды болуусуна тыюу салган:

وَاعْتَصِمُوا بِحَبْلِ اللَّهِ جَمِيعًا وَلَا تَفَرَّقُوا

«Бардыгыңар Аллахтын арканына (Куръанга) байлангыла жана бөлүнбөгүлө!». [3:103].

Бул Куран аяттары шариятты гана карманууну, бөлүнбөөнү буйруп жатат. Бирок бүгүнкү абалыбызда алып карасак, чечимди эл аралык коомчулуктан (кафирлерден) алып жатабыз, Ислам менен эмес, капитализм, демократия менен жашап жатабыз. Ошон үчүн да, Фалестин маселеси чечилбей, чечим издеп БУУга, же башка бир уюмга, же мамлекетке кайрылуубуз бизге кырсык болууда.

Сасык улутчулдук, мекенчилдик, демократия пикирлери негизинде бөлүнүп ыдырап жатабыз. Акыбетте, кан жутуп жаткан газалык мусулман боордошубуз жардам сурап мусулман өлкөлөрүнүн чек арасына келсе, жардам берилмек түгүл, чекарадан өтүүсүнө жол берилбей жатат. Негизи, Фалестиндин айланасы мусулман өлкөлөрү менен курчалып, чектешет. Бирок, алар кутултуучу нажат болуунун ордуна, тескерисинче яхудийлерге кызмат кылган, яхудийлердин коопсуздугун коргогон нажас болууда.

Ошондуктан, бөлүнүүгө жол ачкан улутчулдук, мекенчилдик, демократия жана башка сасык пикирлерден баш тартуубуз керек. Кафирлердин чечимдерин четке сүрүп, демократия идеологиясын таштап, толук Исламга кайтуубуз зарыл. Бул, бүгүнкү жабыр көрсөтүүчү залим падышалыктарды кулатып, алардын урандылары үстүнө пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыкты тикелөөнү талап кылат. Халифалык тикеленсе гана мусулмандар корголот, Фалестин, Кашмир, Чыгыш Түркстан сыяктуу өлкөлөрүбүз азат болот, мусулмандардын биримдиги жүзөгө чыгат, коом исламий болуп өзгөрөт, мусулмандар мурункудай дүйнөнүн лидерлерине айланышат.

»تَكُونُ النُّبُوَّةُ فِيكُمْ مَا شَاءَ اللهُ أَنْ تَكُونَ، ثُمَّ يَرْفَعُهَا إِذَا شَاءَ أَنْ يَرْفَعَهَا. ثُمَّ تَكُونُ خِلاَفَةٌ عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ فَتَكُونُ مَا شَاءَ اللهُ أَنْ تَكُونَ، ثُمَّ يَرْفَعُهَا إِذَا شَاءَ اللهُ أَنْ يَرْفَعَهَا. ثُمَّ تَكُونُ مُلْكًا عَاضًّا، فَيَكُونُ مَا شَاءَ اللهُ أَنْ يَكُونَ، ثُمَّ يَرْفَعُهَا إِذَا شَاءَ أَنْ يَرْفَعَهَا. ثُمَّ تَكُونُ مُلْكًا جَبْرِيَّةً، فَتَكُونُ مَا شَاءَ اللهُ أَنْ تَكُونَ، ثُمَّ يَرْفَعُهَا إِذَا شَاءَ أَنْ يَرْفَعَهَا. ثُمَّ تَكُونُ خِلاَفَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ. ثُمَّ سَكَتَ«

«Силердин араңарда Аллах каалаганча пайгамбарлык уланат. Кийин Аллах каалаганда аны көтөрөт. Кийин пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот жана ал Аллах каалаганча турат. Кийин Аллах Өзү каалаганда аны көтөрөт. Кийин зордукчул падышалык болот жана ал Аллах каалаганча турат. Кийин Аллах Өзү каалаганда аны көтөрөт. Кийин жабыр көрсөтүүчү залим падышалык болот жана ал Аллах каалаганча турат. Кийин Аллах Өзү каалаганда аны көтөрөт. Кийин пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот. Андан соң Пайгамбар A сүкүт кылды».

Туркистон

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here